Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

● Тарыхта бир да китеп Ыйык Китепчелик белгилүү болгон эмес. Ар улуттагы адамдар анда жазылгандарды окуп, жан дүйнөсүн тынчтандырып, келечекке үмүт менен карашат. Андагы кеңештер турмуштун ар кыл тармагында пайдалуу. Анткен менен көптөр Ыйык Китеп жөнүндө азыноолок эле билишет.

Кызыктуу окуялар айтылган, сүрөттөрү бар «Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?» деген китепче Ыйык Китепти жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет. Алгачкы эки бөлүмүндө Кудайдын адамдарды Бейиште жашаш үчүн жаратканы жана адамдардын Бейиштен кантип кол жууп калганы жазылган. Андан ары окусак, Кудайдын асманда орнотулган өкмөт аркылуу жер бетин кайрадан бейишке айлантарын биле алабыз.

Кийинки бөлүмдөрдө болсо Иса пайгамбардын кызматы, жасаган кереметтери, өлгөнү жана кайрадан тирилтилгени жөнүндө айтылат. Ошондой эле Иса пайгамбардын шакирттеринин тайманбастык менен кабар айтканы, айрымдарынын жазган каттары жөнүндө баяндалат. Ал каттарды бүгүнкү күндө Ыйык Китептен окуй алабыз.

Китепченин акыркы бөлүмүнүн темасы «Жер кайрадан бейишке айланат!» деп аталат. Китепче кооз сүрөттөргө бай «Ыйык Китептеги кабар. Корутунду» деген тема менен аяктайт. Ал жерден Кудайдын адамзатка байланыштуу ой-ниетин ишке ашырыш үчүн кандай иштерди кылганын окуй алабыз.

32 беттен турган бул китепчени алгыңар келсе, төмөндөгү купонду толтуруп, 5-беттеги даректердин бирине жөнөтүп жиберсеңер болот.

□ Бул жерде көрсөтүлгөн китепчени ..... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.