Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Жахаба чечимиме батасын мол берди

Жахаба чечимиме батасын мол берди

1939-жыл эле. Түн ортосунда туруп алып, бир сааттан ашуун жол жүрүп, АКШдагы Миссури штатынын түштүк-батышында жайгашкан Жоплин шаарчасына бардык. Өзүбүзгө дайындалган аймактагы акыркы бир нече үйдүн эшигинин түбүнөн баракчаларды киргизип бүткөнүбүздө, таң атып калган болчу. Эч кимге шек алдырбай кызматыбызды аткарып бүткөндөн кийин машинеге түшүп, жолуга турган жерге бардык да, башка шериктерибизди күтүп отурдук. Балким, биздин кызматка түн жамынып барып, аймактан кайра тез эле кетип калганыбызга таң калып жаткандырсыңар. Эмнеге ошенткенибизди ананыраак айтып берем.

АТА-ЭНЕМ, Фред менен Эдна Молохен, мени чындык жолунда тарбиялап, Кудайга берилгендик өрчүтүүгө жардам беришкен. Бул үчүн аларга чексиз ыраазымын. Мен 1934-жылы төрөлгөнгө чейин эле, атам менен апамдын Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн (Жахабанын Күбөлөрүнүн) катарына кошулуп, жигердүү кызмат кылып келатканына 20 жыл болгон экен. Биз Канзас штатынын түштүк-чыгышындагы Парсонс деген шаарчада турчубуз. Жыйналышыбыздагы бир туугандардын дээрлик баары майлангандар болчу. Үй-бүлөбүз менен жыйналыштарга жана Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты жарыялоо ишине дайыма катышчубуз. Ишемби күндөрү түштөн кийин адатта көчөдө, азыркы сөз менен айтканда, эл көп жерде күбөлөндүрчүбүз. Кээде чарчап калчубуз, бирок кызматтан кийин атам бизге бал муздак алып берип, көңүлүбүздү көтөрүп койчу.

Жыйналышыбыз чакан, ал эми аймагыбыз абдан чоң эле. Аймагыбызга бир нече шаарча жана аларга жакын жайгашкан көптөгөн фермалар кирчү. Фермаларга кабар айтып барганда адабияттарыбызды колго өстүрүлгөн жашылча-жемиштерге, уядан жаңы эле алынган жумурткаларга, атүгүл кээде тоокторго алмаштырар элек. Атам адабияттар үчүн алдын ала тартуу кылып койгондуктан, эл берген азык-түлүктү өзүбүздүн тамак-ашыбызга колдончубуз.

КАБАР АЙТУУ ӨНӨКТҮГҮ

Патефондуу болгондон тартып ата-энем аны кабар айтуу ишине колдоно баштады. Мен кичинекей болгондуктан аны иштете алчу эмесмин, бирок атам менен апама кайра жолугуу учурунда жана изилдөө өткөрүп жатканда Рутерфорд бир туугандын баяндамаларын койгонго жардам берчүмүн.

Ата-энем менен үн күчөткүч орнотулган машиненин жанында

Атам 1936-жылкы Форд деген машинебиздин үстүнө чоң үн күчөткүчтү орнотуп алды. Ал машинени колдонуу Падышалык жөнүндөгү кабарды таратууда аябай жакшы натыйжа берди. Адамдардын көңүлүн бурдуруш үчүн, адегенде музыка коюлчу. Андан соң Ыйык Китепке негизделген баяндаманын жаздыруусу угузулчу. Баяндама бүткөндөн кийин, кызыккандарга адабият сунуштачубуз.

Черривейл шаарчасында (Канзас штаты) жекшемби күндөрү көп киши эс алганы келген сейил бак бар эле. Бир жолу атам үн күчөткүч орнотулган машинеси менен ошол жакка баяндамаларды угузганы барганда, полиция кызматкери уруксат бербей койгон. Бирок сейил бактын сыртына коюшуна макул болгон. Сейил бактагыларга баары даана угулуш үчүн, атам машинесин анын жанындагы көчөгө айдап барып, баяндамаларды угуза баштаган. Мага атам жана Жерри байкем менен ушинтип кызмат кылган аябай жакчу.

1930-жылдардын аягында биз катуу каршылык көрсөтүлгөн аймактарды бат иштетиш үчүн уюштурулган атайын өнөктүккө катыштык. Сөзүмдүн башында айтканымдай, таң сөгүлө электе туруп, үйлөргө барчубуз да, эшиктердин түбүнөн баракчаларды же китепчелерди киргизип кетчүбүз. Анан шериктерибиздин эч кимиси полицияга кармалбаганын аныкташ үчүн шаардын сыртындагы бир жерден жолукчубуз.

Ошол жылдары кызматыбызды кызыктуу кылган дагы бир өзгөчө ишке катыштык. Аны маалымат жүрүшү деп койчубуз. Падышалык жөнүндөгү кабарды жарлаш үчүн алды-артыбызга плакаттарды тагып алчубуз да, баарыбыз тизилип, шаарды аралай басчубуз. Бир жолу досторумдун «Дин — бул тузак жана алдамчылык» деген сөздөр жазылган плакаттарды тагынып алып, биздин шаарда жүрүшкө чыкканы эсимде. Алар бир жарым чакырымдан ашуун жолду басып, кайра үйгө келишкен. Бактыга жараша, аларга эч ким каршылык көрсөтпөптүр, тескерисинче, кызыккандар көп болуптур.

БАЛА КЕЗИМДЕГИ ЖЫЙЫНДАР

Жыйындарга катышуу үчүн үй-бүлөбүз менен Канзастан Техаска көп барчубуз. Атам Миссури-Канзас-Техас темир жол каттамында иштегендиктен, жол киребиз бекер болчу. Ошонун аркасында үй-бүлөбүз менен чогуу туугандарыбыздыкына, жыйындарга барып турчубуз. Апамдын агасы Фред Висмар менен аялы Юлейли Техас штатындагы Темпл шаарында жашачу. Фред тайкем чындыкты 1900-жылдардын башында бала кезинде эле угуп, чөмүлүптүр. Ал билгендерин карындаштарына, анын ичинде апама айтып берчү экен. Бир учурда зоналык кызматчы (азыркы сөз менен айтканда, райондук көзөмөлчү) болгондуктан, аны Техас штатынын борборунда жашаган бир туугандар жакшы таанышчу. Ал боорукер, дайыма жадырап-жайнап жүргөн, жанындагыларына кубаныч тартуулаган киши болчу. Кудайга ынталуу кызмат кылып, ал мага бала кезимде жакшы үлгү көрсөткөн.

1941-жылы үй-бүлөбүз менен поездге түшүп, Сент-Луистеги (Миссури штаты) чоң жыйынга бардык. Рутерфорд бир туугандын «Падышанын балдары» деген баяндамасын угуш үчүн балдар атайын бөлүнгөн орундарга отурууга чакырылды. Баяндамасынын аягында Рутерфорд бир тууган менен жардамчылары «Балдар» деген жаңы китепти ар бирибизге өз колдору менен тапшырышты. Бул биз үчүн күтүлбөгөн белек болду. Ал жыйында ушундай рухий белекке ээ болгон балдардын саны 15 000ден ашуун эле.

1943-жылдын апрелинде Канзас штатындагы Коффивилл шаарчасында өткөн «Иш-аракет кылууга чакырык» деп аталган чакан, бирок маанилүү жыйынга бардык. Ошол жыйында эми бардык жыйналыштарда Теократиялык кызмат мектеби өткөрүлөрү жана ал мектепте колдонулушу үчүн 52 сабактан турган китепче жарык көргөнү кулактандырылган. Ошол эле жылы Теократиялык мектептен биринчи жолу сөз сүйлөп чыктым. Ал жыйын мен үчүн дагы бир себептен улам өзгөчө болду: ошол жыйында башкалар менен чогуу бир ферманын жанындагы муздак көлмөдө чөмүлдүм.

ЭҢСЕГЕН МАКСАТЫМА ЖЕТИШИМ

Мектепти 1951-жылы бүткөндөн кийин келечегиме байланыштуу чечим чыгарышым керек болду. Жерри байкем мурун Бейтелде кызмат кылгандыктан, мен да ошол жакта кызмат кылгым келчү. Ошондуктан арыз толтуруп, Бруклиндеги Бейтелге жөнөттүм. Ошол чечимим рухий жактан зор пайда алып келди. Көп өтпөй Бейтелге чакырылып, 1952-жылдын 10-мартынан тартып кызмат кыла баштадым.

Бейтелден журналдарды, адабияттарды басып чыгарууга жардам бериш үчүн басмаканада иштегим келчү. Бирок ал кыялым эч качан орундалган жок. Жаңы барганда официант болуп дайындалдым. Кийинчерээк ашканада иштеп, көп нерсеге үйрөндүм. Ашканада кезектешип иштегендиктен, күндүз Бейтелдеги чоң китепканага барып, өздүк изилдөө өткөргөнгө бош убактым болчу. Бул мага рухий жактан өсүүгө жана ишенимимди бекемдөөгө жардам берди. Ошондой эле Жахабага Бейтелде мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылууга болгон каалоом ого бетер өстү. 1949-жылы Жерри байкем бейтелдик кызматын токтотуп, Патриция деген кызга үйлөнгөн. Алар Бруклинге жакын жашашчу. Бейтелдик кызматымдын алгачкы жылдарында мени дайыма колдоп, бир топ жардам беришти.

Бейтелде кызмат кыла баштаганыман көп өтпөй, бир туугандар уюм түзгөн тизмеге кошуш үчүн бейтелдиктердин арасынан баяндамачыларды тандай башташкан. Тизмедеги бир туугандар бир жылдын ичинде Бруклинден 322 километр алыстыкка чейинки аймактардагы жыйналыштарга баяндама менен барып, алар менен кабар айтуу ишинде кызматташышы керек болгон. Ал тизмеге мен да кошулуп калдым. Аябай тынчсыздансам да, жыйналыштарга барып, баяндама айта баштадым. Ал кезде баяндамалар бир саатка созулчу. Жыйналыштарга поезд менен барчумун. 1954-жылы бир жолу кыштын кыраан чилдесинде кайра Бейтелге келиш үчүн жекшемби күнү түштөн кийин Нью-Йоркту көздөй кете турган поездге отурдум. Негизи, үйгө кечке маал эле жетип калмакмын, бирок катуу соккон муздак шамалдан, бурганактап жааган кардан улам поезддин ток менен иштеген кыймылдаткычы бузулуп, өчүп калды. Ошентип, Нью-Йоркко дүйшөмбү күнү таңкы беште жеттим. Темир жол бекетинен чыгып, Бруклинге жетиш үчүн метрого түштүм да, түз эле жумушума бардым. Бир аз кечигип калдым, түнү менен поездде отургандыктан аябай чарчап да калгам. Бирок дем алыш күндөрү жыйналыштар менен ушинтип кызматташуунун жана көптөгөн жаңы досторду табуунун аркасында алган кубанычым бардык кыйынчылыктарды жаап кетчү.

WBBR радиостанциясында программага даярдык көрүп жатабыз

Бейтелдеги кызматымдын алгачкы жылдарында WBBR радиостанциясында кызмат кылууга чакырылдым. Үн жаздыруу студиясы Колумбия-Хайтс, 124төгү имараттын экинчи кабатында жайгашкан болчу. Мен жума сайын биздин радиостанциядан берилип турган Ыйык Китепти изилдөө программасында кимдир бирөөнүн ролун аткарчумун. Бейтелде көп жылдан бери кызмат кылып келаткан Макмиллан бир тууган да ошол радио программаларына дайыма катышчу. Баарыбыз аны Мак бир тууган дечүбүз. Ал бизге окшогон жаш бейтелдиктерге Жахабага туруктуулук менен кызмат кылуу жагынан мыкты үлгү көрсөткөн.

WBBR радиостанциясы жөнүндөгү маалымат баракчаларын таратчубуз

1958-жылы мага Гилат мектеби менен тыгыз байланышы бар кызмат тапшырылды. Менин милдетиме бүтүрүүчүлөргө виза алууга жана дайындалган өлкөсүнө жетүүгө жардам берүү болчу. Ошол маалда авиабилеттер аябай кымбат болгондуктан, бир нече эле бүтүрүүчү учак менен кете алчу. Африкага жана Ыраакы Чыгышка дайындалгандардын көбү жүк ташуучу кемелер менен кетчү. Кийин учактар көбөйүп, билеттер арзаныраак болуп калганда, миссионерлердин көбү дайындоосуна учак менен кете баштады.

Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдорун даярдап жатам

ЖЫЙЫНДАРГА БАРЫШЫБЫЗ

1960-жылы дагы башка кошумча иштерди аткара баштадым. Тактап айтканда, 1961-жылы өткөрүлө турган эл аралык жыйындарга бир туугандар бара алышы үчүн, Кошмо Штаттардан Европага каттаган учактарды жалдашыбыз керек болду. Мен да ошол эл аралык жыйындардын бирине барууну чечтим. Биз Нью-Йорктон Гамбургга (Германия) учтук. Жыйындан кийин Бейтелде кызмат кылган башка үч бир тууган болуп, бир машинени ижарага алдык да, Германиядан Италияга чейин жер кыдырып бардык. Акыры, Римдеги Бейтелге жеттик. Ал жактан Францияга жөнөдүк. Анан Пиреней тоолорунан өтүп, Испанияга бардык. Испанияда ал кезде ишибизге тыюу салынган болчу. Айрым адабияттарды белекке окшоштуруп ороп, Барселонадагы ишенимдештерибизге таштап кеттик. Аларды жолуктурганыбызга аябай сүйүндүк. Анан Амстердамга бардык да, ал жактан Нью-Йоркко учуп кеттик.

Бир жылдай убакыт өткөндөн кийин мага 583 бир туугандын дүйнө жүзү боюнча өткөрүлө турган эл аралык жыйындарга барышына кам көрүү тапшырылды. 1963-жылы болгон ал жыйын «Түбөлүк жакшы кабар» деп аталган. Ошол 583 делегат Европадагы, Азиядагы, Тынч океандын түштүгүндөгү, андан ары Гонолулудагы (Гавайи штаты) жана Пасаденадагы (Калифорния штаты) жыйындарга барышкан. Алар жолдон Ливанга жана Иорданияга токтоп, Ыйык Китепте айтылган жерлерге байланыштуу өткөрүлгөн атайын экскурсияларга катышкан. Биздин бөлүм ал бир туугандардын билет алышына, мейманканага токтошуна кам көргөндөн тышкары, бара турган өлкөлөрүнө виза алууга да жардамдашкан.

ӨМҮРЛҮК САПАРЛАШЫМ

1963-жыл мен үчүн дагы бир себептен улам өзгөчө болду. 29-июнда Миссури штатынан болгон, Бейтелде 3 жылдан бери кызмат кылып жаткан Лайлэ Рожерс деген кызга үйлөндүм. Үйлөнгөнүбүздөн бир жума өткөндөн кийин Лайлэ экөөбүз дүйнө жүзүндөгү жыйындарды кыдырган топко кошулуп, Грецияга, Египетке жана Ливанга бардык. Ливандан болсо анча алыс эмес жайгашкан Иорданияга учтук. Ал жактагы ишибизге чектөөлөр коюлган болчу, анын үстүнө, Жахабанын Күбөлөрүнө виза берилбей турганын уккан элек. Ошондуктан ал жерге жеткенде кандай болот болду экен деп ойлондук. Барганыбызда аэропортто «Жахабанын Күбөлөрү, кош келгиле!» деген жазуусу бар чоң плакатты кармап турган көп бир туугандарды көрүп, аябай сүйүндүк. Иорданияны кыдырып, Ыйык Китептеги жерлерди өз көзүбүз менен көргөнүбүз ушунчалык жүрөк толкутарлык болду. Биз Ыбрайым, Ыскак, Жакып пайгамбарлар жашаган, Иса менен элчилери кабар айткан жерлерди кыдырдык. Ал жактан Машаяктын окуулары кийин «жердин учу-кыйырына чейин» тараган (Элч. 13:47).

Кайсы ишке дайындалбайлы, Лайлэ 55 жылдан бери мени берилгендик менен колдоп келатат. Испанияда, Португалияда ишибизге тыюу салынган убакта ал өлкөлөргө бир нече жолу барып келдик. Ал жактагы бир туугандарды бекемдеп, аларга адабияттарды жана башка керектүү нерселерди алып барып берчүбүз. Атүгүл Испаниянын Кадис шаарындагы түрмөдө отурган ишенимдештерибизге да жолуга алдык. Ыйык Китептин негизинде баяндама айтып, аларды кайраттандыра алганыма аябай кубандым.

Жерри байкем жана Патриция жеңем менен 1969-жылы «Жердеги тынчтык» деген жыйынга баратканда

1963-жылдан бери бир туугандардын Африкадагы, Борбордук Америкадагы, Түштүк Америкадагы, Европадагы, Ыраакы Чыгыштагы, Гавайидеги, Жаңы Зеландиядагы, Пуэрто-Рикодогу эл аралык жыйындарга барышына жардам бергенимди чоң сыймык деп эсептейм. Лайлэ экөөбүз көптөгөн эстен кеткис жыйындарга, анын ичинде 1989-жылы Польшанын борбор калаасы Варшавада өткөн жыйынга катыша алдык. Ошол чоң жыйынга Орусиядан көптөгөн бир туугандар барышты. Алар ошондо өмүрүндө биринчи жолу жыйынга катышышкан. Биз Советтер Союзунун учурунда ишеними үчүн бир нече жыл түрмөдө отурган айрым бир туугандар менен тааныштык.

Дүйнөнүн чар тарабындагы филиалдарды кыдырып, бейтелдиктерди жана миссионерлерди бекемдеп, аларга дем-күч берүү мага терең кубаныч тартуулачу. Ошондой сапарларыбыздын акыркысында Түштүк Кореяга барып, Сувон шаарындагы түрмөдө отурган 50 бир тууган менен жолуктук. Алардын баарынын оң маанай сактап, кызматын кайрадан уланта турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышканы көрүнүп турду. Ошол жолугушуу эң эле бекемдээрлик болду! (Рим. 1:11, 12).

КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАГАН ӨСҮШ

Жахабанын өз элине батасын мол берип келатканына көптөгөн жылдардан бери күбө болуп келем. Мисалы, мен 1943-жылы чөмүлгөндө, жарчылардын саны 100 000дей эле болчу, азыр болсо 240 өлкөдө 8 000 000дон ашуун жарчы бар. Мындай өсүштүн болгонуна Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн кошкон салымы чоң. Бир канча жыл бою ошол миссионерлердин көбү менен тыгыз кызматташып, дайындалган өлкөсүнө жеткенге жардам берип, чоң кубаныч алгам.

Жаш кезимде Жахабага көбүрөөк кызмат кылууну чечип, Бейтелге арыз толтурганыма аябай сүйүнөм. Жахаба ар бир кадамыма батасын мол төктү. Бейтелдик кызматтан сырткары, Лайлэ экөөбүз ондогон жылдар бою Бруклиндеги жыйналыштар менен кызматташуудан чоң кубаныч алдык, көптөгөн чыныгы досторду таптык.

Жубайым Лайлэнин колдоосу менен дагы деле Бейтелде кызмат кылуудамын. Жашым 84төн өтүп калса да, каттарга жооп берүү бөлүмүнө жардам берип, маңыздуу иш аткарып жатам.

Лайлэ экөөбүздүн азыркы кезибиз

Жахабанын кереметтүү уюмунун мүчөсү болуу жана ага кызмат кылгандар менен кызмат кылбагандардын ортосундагы чоң айырманы көрүү жүрөк толкутпай койбойт. Малаки 3:18деги: «Кайрадан адил адам менен ыймансыз адамдын, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы көрөсүңөр»,— деген сөздөрдүн мааниси биз үчүн барган сайын айкын болууда. Өзүбүз күн сайын күбө болуп жаткандай, Шайтандын дүйнөсү уламдан улам бузулуп, жакшылыктан үмүтүн үзгөн, бактысыз адамдар көбөйүп баратат. Ал эми Жахабаны сүйүп, ага кызмат кылгандар азыркы оор күндөрдө да бактылуу өмүр сүрүп, келечекке үмүт менен кароодо. Биз үчүн Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо баа жеткис сыймык! (Мт. 24:14). Биз жакында Кудайдын Падышалыгы бул эски дүйнөнү жок кылып, жаңы дүйнөнү орното турган убакытты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ал заманда Жахабанын жердеги ишенимдүү кызматчылары чексиз баталарды алышат, ден соолугу чың болуп, түбөлүк өмүр сүрүшөт.