Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кубаныч — Кудайдын жардамы менен өрчүй турган сапат

Кубаныч — Кудайдын жардамы менен өрчүй турган сапат

БААРЫБЫЗ эле кубанычтуу жүргүбүз келет. Бирок азыркы акыркы күндөрдө ар бирибиз «өзгөчө оор» кыйынчылыктарга кабылып жатабыз (2 Тим. 3:1). Адилетсиздиктен, ден соолугунун начардыгынан, жумушсуздуктан, кайгы-кападан же санаага батырган дагы башка көйгөйлөрдөн улам айрымдар бара-бара кубанычын жоготуп коюшу мүмкүн. Атүгүл Кудайдын кызматчылары да көңүлү чөгүп, кубанычын сактай албай калышы ыктымал. Эгер сенин жагдайың да ушундай болсо, канткенде кубанычыңды жандандыра аласың?

Бул суроого жооп алыш үчүн адегенде кубаныч деген эмнени билдирерин жана көптөрдүн ар кыл сыноолорго карабай кубанычын кантип сактаганын карап көрөлү. Андан соң кубанычыбызды жоготпогонго, атүгүл аны арттырганга эмне жардам берерине токтолобуз.

КУБАНЫЧ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кубанычтуу жүрүүнү тек гана шайыр же жайдары болуу менен чаташтырбашыбыз керек. Мисалы, көп ичип алган киши көңүлү көтөрүлүп, шатыра-шатман болуп калышы мүмкүн. Бирок соолуккандан кийин баягы күлкүсү жоголуп, кайра эле мурунку көйгөйлөрү менен алпуруша башташы ыктымал. Анын убактылуу жыргаганы чыныгы кубаныч болгон эмес (Накыл 14:13).

Кубаныч — бул жүрөктүн түпкүрүнөн орун алган сапат. Ага «жакшы бир нерсеге ээ болуудан же аны күтүүдөн улам пайда болуучу сезим» деген аныктама берилип келет. Кубанычтуу жүрүү деген жагдайыбыздын жакшы же жаман экенине карабай өзүбүздү бактылуу сезүүнү, канааттанууну билдирет (1 Тес. 1:6). Адам бир нерсеге тынчсызданып турганда да жүрөгүндө кубанычты сезе алат. Алсак, элчилерди Машаяк жөнүндө башкаларга айтканы үчүн ур-токмокко алышканда, алар «Исанын ысмы үчүн кордук көрүшкөнүн сыймык катары көрүп, Синедриондон кубанып чыгып кетишкен» (Элч. 5:41). Албетте, алар таяк жегенине эмес, Кудайдын кызматчылары катары анын алдында кынтыксыздыгын сактаганына сүйүнүшкөн.

Эч кимибиз чыныгы кубаныч менен кошо төрөлбөйбүз, ал өзүнөн өзү өрчүй турган да сапат эмес. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Себеби чыныгы кубаныч — Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген сапат. Ыйык рухтун жардамы менен биз өз ичине кубанычты да камтыган «жаңы табиятты» толугу менен кие алабыз (Эф. 4:24; Гал. 5:22). Чыныгы кубанычка ээ болсок, жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүү оңоюраак болот.

КИМДЕРДЕН ҮЛГҮ АЛСАК БОЛОТ?

Жахаба жер бетинде биз көп көрүп жаткан жамандыктын эмес, жакшы нерселердин болушун ниет кылган. Бирок башкалардын туура эмес иштеринен улам ал кубанычын жоготуп койгон жок. Ыйык Китепте: «Күч менен кубаныч анын турагында»,— делет (1 Жылн. 16:27). Андан сырткары, кызматчылары кылып жаткан жакшы иштер анын жүрөгүн кубанычка бөлөйт (Накыл 27:11).

Эгер өзүбүз күткөндөй болбой калган иштерге өтө эле кайгыра бербесек, Жахабадан үлгү алган болобуз. Андайда көңүлүбүздү чөгөргөндүн ордуна, азыр ээ болуп жаткан жакшы нерселер жөнүндө ойлонуп, келечектеги жагымдуу окуяларды чыдамдуулук менен күткөнүбүз оң *.

Ыйык Китептен кыйын кезеңде да кубанычын жоготпогон көптөгөн инсандардын үлгүсү тууралуу да окуй алабыз. Алардын бири Ыбрайым пайгамбар болгон. Ал өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайларга кабылган жана башкалардын айынан бир топ азап чеккен (Башт. 12:10—20; 14:8—16; 16:4, 5; 20:1—18; 21:8, 9). Ошого карабай жүрөгүндөгү кубанычын өчүргөн эмес. Ага эмне жардам берген? Ал Машаяк башкара турган жаңы дүйнөдөгү жашоого болгон үмүтүн тунук сактаган (Башт. 22:15—18; Евр. 11:10). Иса Машаяк: «Атаңар Ыбрайым менин күнүмдү көрүүгө үмүттөнүп, абдан кубанган»,— деген (Жкн. 8:56). Ыбрайым пайгамбардан үлгү алып, биз да алдыда күтүп турган кубанычыбыз жөнүндө ой жүгүртсөк болот (Рим. 8:21).

Элчи Пабыл менен Сылас, Ыбрайым пайгамбарга окшоп, Кудайдын убадаларына көңүл топтошкон. Алардын ишеними күчтүү болгон жана жагымсыз жагдайларда да кубанычын жоготушкан эмес. Бир жолу каршылаштары экөөнү көк ала койдой союп, түрмөгө камап салышкан. Бирок «түн ортолоп калганда, Пабыл менен Сылас Кудайдан тиленип, аны даңктап ырдай башташкан» (Элч. 16:23—25). Аларга үмүтү күч бергенден тышкары, Машаяктын ысмы үчүн кордук көрүшкөнүн билгени кубаныч тартуулаган. Эгер Кудайга ишенимдүү кызмат кылуунун жакшы натыйжаларын эсибизде бек сактасак, ал экөөнөн үлгү алган болобуз (Флп. 1:12—14).

Бүгүнкү күндө да дүйнө жүзү боюнча көптөгөн ишенимдештерибиз башына мүшкүл түшкөнүнө карабай кубанычын сактап келишет. Айталы, 2013-жылы ноябрда «Хайян» тайфуну Филиппиндин борбордук бөлүгүн катуу бүлгүнгө учуратып, Жахабага кызмат кылган 1 000ден ашык үй-бүлө үй-жайсыз калган. Таклобан шаарында жашаган жана үйү тыптыйпыл болуп калган Жорж деген ишенимдешибиз: «Ушунун баарына карабай бир туугандар кубанычын жоготушкан жок. Жүрөгүбүздөгү кубанычты сөз менен жеткире албайм»,— деген. Жахабанын биз үчүн эмнелерди кылып жатканы жөнүндө ой жүгүртсөк, тоодой кыйынчылыктарга туш болгондо да кубанычыбызды сактай алабыз. Жахаба кубанышыбызга дагы кантип өбөлгө түзүүдө?

КУБАНУУГА СЕБЕПТЕР

Биз үчүн Кудай менен ынак мамиледе болуудан өткөн кубаныч жок. Элестетсең, биз Ааламдын Эгедерин билебиз. Ал — биздин Кудайыбыз, Атабыз, Досубуз (Заб. 71:17, 18).

Өмүр белегин бергени жана бизди жашоодон ырахат алууга жөндөмдүү кылып жаратканы үчүн да Жахабага ыраазыбыз (Нас. 3:12, 13). Кудай өзүнө жакындаткандыктан, анын бизге карата болгон эркин таанып-билдик (Кол. 1:9, 10). Анын аркасында жашообуз маңызга толуп, туура жашаганды үйрөндүк. Ал эми бул дүйнөдөгү көптөгөн адамдар жашоонун маңызы эмнеде экенин билишпейт. Элчи Пабыл бул айырмачылыкты баса белгилеп: «„Кудай Өзүн сүйгөндөр үчүн эмнелерди даярдап койгонун көз көргөн эмес, кулак уккан эмес, адамдын оюна да келген эмес“ ...Бизге болсо Кудай аларды өзүнүн руху менен ачып берди»,— деп жазган (1 Кор. 2:9, 10). Жахабанын эркин, ой-ниетин түшүнгөнүбүз жүрөгүбүздү кубанычка бөлөбөйбү?

Жахаба кызматчылары үчүн дагы эмне кылган? Ал күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн чара көргөн. Бул бизди кубандырат (1 Жкн. 2:12). Кудайдын улуу ырайымынан улам биз жакында орной турган жаңы заманда жашоого болгон үмүткө ээ болдук (Рим. 12:12). Ошондой эле ага биримдикте сыйынган жакын досторду таптык (Заб. 133:1). Андан сырткары, Ыйык Китепте айтылгандай, Жахаба элин Шайтан менен анын дүйнөсүнөн да коргоп келет (Заб. 91:11). Кудайдан алып жаткан ушундай баталарыбыз жөнүндө ой жүгүртсөк, кубанычыбыз артат (Флп. 4:4).

КУБАНЫЧЫҢДЫ КАНТИП АРТТЫРА АЛАСЫҢ?

Жүрөгүбүздөгү кубанычыбызды тереңдете алабызбы? Иса Машаяк: «Муну силерге менин кубанычымды толук сезишиңер үчүн айтып жатам»,— деген (Жкн. 15:11). Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, ар бирибиз кубанычыбызды дагы да арттыра алабыз. Муну от жакканга салыштырууга болот. От барган сайын жалбырттап күйүшү үчүн, улам отун салып туруш керек. Ошо сыңары, кубанычыңа кубаныч кошула бериши үчүн, рухий жактан тамактанып турушуң зарыл. Кубанычты сактоого Кудайдын ыйык руху жардам берерин унутпа. Андыктан кубанычың улам тереңдей беришин кааласаң, дайыма Жахабадан ыйык рух сурап тилен жана анын ыйык рухтун жетеги менен жазылган Сөзүнөн окугандарың жөнүндө тиленүү менен ой жүгүрт (Заб. 1:1, 2; Лк. 11:13).

Жахабага жаккан иштерге жигердүү катышуу менен да кубанычыңды арттыра аласың (Заб. 35:27; 112:1). Эмне үчүн минтип айтууга болот? Ыйык Китепте: «Чыныгы Кудайдан корк, анын осуяттарын аткар. Анткени адамдан талап кылынгандын баары — ушул»,— делет (Нас. 12:13). Мындан көрүнүп тургандай, биз Кудайдын эркин аткаруу үчүн жаратылганбыз. Ошондуктан ага кызмат кылуунун аркасында жашоодон чындап кубаныч алабыз *.

КУБАНЫЧТЫ САКТООНУН ПАЙДАСЫ

Кудайдан алган кубанычыбызды тереңдетүү менен дагы башка көп пайдаларды алабыз. Маселен, ар кандай кыйынчылыктарга карабай асмандагы Атабызга кубаныч менен кызмат кыла берсек, анын сүйүүсүн көбүрөөк сезебиз (Мыйз. 16:15; 1 Тес. 5:16—18). Ошондой эле дүнүйөкордуктан алыс болуп, Кудайдын Падышалыгы үчүн чоң курмандыктарга барууга даяр болобуз (Мт. 13:44). Жахаба үчүн көптү кылганыбыздын жакшы натыйжасын көргөндө жүрөгүбүз кубанычка толуп, өзүбүздү бактылуу сезебиз жана башкалардын да кубанышына өбөлгө түзөбүз (Элч. 20:35; Флп. 1:3—5).

«Азыр жашоодон канааттануу алып, кубанып жүрсөң, эртеңки күнү ден соолугуң жакшы болоруна көбүрөөк ыктымалдуулук бар». Кошмо Штаттардагы Небраска университетинин бир изилдөөчүсү ден соолукка байланыштуу бир нече изилдөө жүргүзгөндөн кийин ушундай жыйынтык чыгарган. Анын бул айткандары Ыйык Китептеги: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба»,— деген сөздөргө шайкеш келет (Накыл 17:22). Ооба, кубанычыбызды арттыруу менен ден соолугубуздун жакшыраак болушуна шарт түзөбүз.

Демек, ар кыл көйгөйлөр менен коштолгон заманда жашап жатсак да, тиленүүнүн, Ыйык Китепти окуп, ой жүгүртүүнүн аркасында Жахабадан ыйык рух алуу менен чыныгы кубанычка ээ боло алабыз. Ошондой эле алган баталарыбыз жөнүндө ой жүгүртүп, ишеними күчтүү адамдардан үлгү алып, Кудайдын эркин аткарууга умтулуу менен кубанычыбызды арттырабыз. Натыйжада Забур 64:10догу: «Адил адам Жахабанын иштерине кубанат, аны баш маана кылат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине ынанабыз.

^ 10-абз. Чыдамдуулук жөнүндө ыйык рухтун жемишине кирген сапаттар талкууланып турган бул рубриканын кийинки макалаларынын биринде сөз кылабыз.

^ 20-абз. Кубанычыбызды тереңдетүүнүн дагы кандай жолдору бар экенин билүү үчүн « Кубанычты арттыруунун дагы башка жолдору» деген кутучаны кара.