Кулчулуктун кишенинен кутулгандар
Блессиңди * Европага маянасы жакшы төлөнгөн чачтарачтын жумушуна орноштурууну убада кылып алып келишкен. Бирок аны он күн бою сабап, мекенинде калган үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутушкандыктан, ал сойку болууга аргасыз болгон.
Блессиң сойкукананы башкарган аялга 40 000 евро карызын төлөп бериши үчүн бир түндө 200дөн 300 еврого чейин табууга тийиш болчу *. «Качып кетүүнү көп жолу ойлогом. Бирок ошентсем, үй-бүлөмдү соо коюшпайт го деп корко берчүмүн. Ошентип, туюкка кептелгендей эле болгом»,— дейт Блессиң. Бул — башка өлкөдө сексуалдык кулчулукта жүргөн 4 000 000дой киши туш болуп жаткан окуялардын бири гана.
Мындан 4 000 жылдай мурун жашаган Жусуп пайгамбарды өспүрүм кезинде бир тууган агалары кулчулукка сатып жиберишкен. Жусуп Мисирде (Египет) бир мансаптуу кишинин үйүндө кул болуп калган. Анткен менен ал башында Блессиңге окшоп көп кордук көргөн эмес. Бирок кожоюнунун аялы аны ойноштукка азгырганда, макул болбой койгону үчүн зордуктоого аракет кылды деген жалаа менен түрмөгө камалган. Түрмөдө аны кишендеп, чынжыр менен байлап коюшкан (Башталыш 39:1—20; Забур 105:17, 18).
Жусуп пайгамбар байыркы учурда кул болсо, Блессиң 21-кылымда кул болгон. Адамды буюм катары көрүп, пайда көрүү үчүн сатып жибергендер эзелтеден эле болуп келген. Жусуп пайгамбар да, Блессиң да ошондой зомбулуктун курмандыгы болушкан.
СОГУШТУН ЗАЛАЛЫ
Согуш элдерди кулга айландыруунун оңой жолу болгон. Мисалы, Канаанга аттанган бир жолку жүрүштө Мисир падышасы Тутмос III 90 000 кишини туткундап кеткен деп айтылып келет. Мисирликтер аларды канал жана тоо-кен казуу, ибадаткана куруу иштерине салышкан.
Рим империясынын тушунда согуш көп болгондуктан кулдардын саны да көп болгон жана кулдарга болгон суроо-талап күч болгондуктан атайын согуштар да жүргүзүлүп турган. Бир эсептөөгө ылайык, 1-кылымга чейин Рим шаарындагы калктын дээрлик жарымын кулдар түзгөн. Мисирде да, Римде да кулдарды эзип, запкы көрсөтүп келишкен. Римдеги тоо-кен казуу иштерине салынган кулдардын өмүр жашы 30 жылдай эле болгон.
Андан бери кулчулуктун запкысы азайган жок. 16-кылымдан 19-кылымга чейин Африка менен Түндүк жана Түштүк Американын ортосундагы кул сатуу иши дүйнө жүзүндөгү эң кирешелүү бизнеске айланган. ЮНЕСКОнун билдирүүсүнө ылайык, «25—30 миллиондой эркек-аялдар, балдар уурдалып, сатылган». Кулдарды Атлантика океаны аркылуу кеме менен алып баратканда жүз миңдегендердин каза тапканы маалым. Кулчулукка сатылып кетип, аман калгандардын бири Олауда Экуиано: «Аялдардын ачуу чаңырганы, өлүм алдында жаткандардын онтогону жүрөк титиретип, ансыз да оор абалды адам көтөрө алгыс кылып жиберчү»,— деген.
Кейиштүүсү, кулчулук тарыхта эле калып калган окуя эмес. Эл аралык эмгек уюму билдиргендей, азыр да 21 миллиондой эркек-аялдар, балдар эрксиз түрдө же жарыбаган акы үчүн кул катары эмгектенүүдө. Биздин күндөрдө көптөр шахталарда, оор шарттагы токуу ишканаларында, кыш заводдорунда, сойкулар үйүндө же бирөөлөрдүн үйүндө кул сыяктуу иштөөдө. Кулчулуктун мындай түрү кылмыш болуп саналса да, күндөн күнгө күч алып бараткан өңдөнөт.
ЭРКИНДИККЕ ЧЫГУУ
Кул эзүүчүлүк көптөгөн кулдардын эркиндик үчүн күрөшүшүнө себеп болгон. Б.з.ч. 1-кылымда Спартак аттуу гладиатордун жетеги менен 100 000дей кул Римге каршы көтөрүлүш чыгарган, бирок ийгиликке жеткен эмес. 18-кылымда болсо Кариб деңизиндеги Эспаньола аралындагы кулдар кожоюндарына каршы козголоң чыгарышкан. Бал камыш плантацияларында иштеген кулдарга ырайымсыздык менен мамиле кылынгандыктан, 13 жылга созулган жарандык согуш тутанып, акыры, 1804-жылы Гаитинин эли эгемендүүлүккө ээ болгон.
Бирок байыркы ысрайыл элинин Мисир кулчулугунан азаттыкка чыкканына тарыхтагы ошондой окуялардын бирин да салыштырып болбойт. Себеби ошондо Мисирдин запкысын жеп, жонунан таяк кетпеген бүтүндөй эл, калыбы, 3 миллиондой киши азаттыкка чыккан. Ыйык Китепте мисирликтердин «алардын жашоосун азаптуу кылып жиберишкени» айтылат (Чыгуу 1:11—14). Ысрайыл эли көбөйүп кетпеши үчүн, Мисир падышасы атүгүл алардын жаңы төрөлгөн балдарын өлтүрүп турууга буйрук берген (Чыгуу 1:8—22).
Чыгуу 3:7, 8). Еврейлер, кайсы жерде жашабасын, бүгүнкү күнгө чейин жыл сайын ошол күндү белгилеп, Пасах майрамын өткөрүп келишет (Чыгуу 12:14).
Мисирде көзүнөн жаш, көкүрөгүнөн муң кетпей мүңкүрөп жүргөн ысрайыл элинин эркиндикке чыгышы баарынан бөтөнчө болгон, анткени буга Кудай өзү кийлигишкен. Кудай Муса пайгамбарга: «Мен алардын канчалык азап чегип жатканын билем. Ошондуктан түшүп барып, аларды мисирликтердин колунан куткарам»,— деп айткан (КУЛЧУЛУКТУН ЖОЮЛУШУ
Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын адилетсиздикти жек көрөрү жана анын эч качан «өзгөрбөй» турганы айтылат (2 Жылнаама 19:7; Малаки 3:6). Кудай Иса пайгамбарды «туткундарга боштондук жарыялоого,.. эзилгендерди эркиндикке чыгарууга» жиберген (Лука 4:18). Бул кадимки кулчулукта жүргөндөрдүн баарын эркиндикке чыгарууну билдиргенби? Жок, андай эмес. Иса пайгамбар элди күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотмок. Кийинчерээк Иса пайгамбар: «Чындык силерди эркин кылат»,— деп айткан (Жакан 8:32). Биздин күндөрдө да Иса пайгамбар айткан чындык адамдарды кулчулуктун ар кандай түрүнөн бошотууда. (« Кулчулуктун башка түрүнөн бошонуу» деген кутучаны карагыла.)
Бактыга жараша, Жусуп пайгамбар да, Блессиң да Кудайдын колдоосу менен кулчулуктан чыга алышкан. Кудайдын Жусуп пайгамбарды түрмөдөн кантип чыгарганын Ыйык Китептин Башталыш китебинин 39—41-бөлүмдөрүнөн биле аласыңар. Блессиңдин өзү эңсеп келген эркиндикке кантип жеткени да кызык болгон.
Блессиң Европадагы бир өлкөдөн чыгарылгандан кийин Испанияга барган. Ал жактан Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, алар менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Убакыттын өтүшү менен Блессиң жашоосун иретке келтирүүнү чечкен. Ошентип, ал туруктуу жумушка орношкон. Андан сырткары, сойкуканадагы баягы аялдан ай сайын төлөнүүчү карызын азайтууну өтүнгөн. Бир күнү эле ага ошол аял телефон чалган. Ал анын бүт карызын кечкенин айтып, андан кечирим сураган. Көрсө, ал да Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаптыр! «Чындык адамды таптакыр ойго келбегендей жол менен эркиндикке чыгарып коёт экен»,— дейт Блессиң.
Жахаба Кудай Мисирде кулчулукта жүргөн ысрайылдыктардын зар какшаганын көрүп жаны кейиген. Азыркы күндөрдө болуп жаткан ушу сыяктуу адилетсиздикти көргөндө да анын жүрөгү сыздайт. Ырас, кулчулуктун бардык түрү түп-тамыры менен жоюлушу үчүн, бүт адамзат коому өзгөрүшү керек. Кудай келечекте ошондой болорун убада кылган. «Биз, Анын убадасы боюнча, адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз» (2 Петир 3:13).