Кудайдын кызматчыларынан так өтүү талап кылынабы?
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ католик, православие, буддизм жана башка ушу сыяктуу диндерде диний жетекчилери менен дин кызматчыларынан так өтүү талап кылынат. Анткен менен көптөр жыныстык адеп-ахлаксыздыкка байланышкан, дин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар чыр-чатактарга так ушул талап себеп болууда деп эсептешет.
Андыктан: «Мындай талап чын эле Ыйык Китепке негизделгенби?» — деген суроо туулат. Буга жооп алыш үчүн ал талаптын келип чыгышын жана Кудайдын көз карашын талдап көрөлү.
ТАРЫХЫ
«Британ энциклопедиясында» целибат, башкача айтканда, так өтүү «турмуш курбагандыктан жыныстык мамиледен кармануу» деп түшүндүрүлөт жана ал «көбүнчө диний кызматкерге же өзүн динге арнап койгон кишиге байланыштырылары» айтылат. 2006-жылы ошол учурдагы Рим папасы Бенедикт XVI Рим куриясына (Рим-католик чиркөөсүнүн башкармалыгы) кайрылганда так өтүү талабынын дээрлик элчилердин доорунан бери келатканын айткан.
Бирок 1-кылымда Иса Машаяктын жолдоочуларынын арасында так өтүү талабы болгон эмес. Ошол учурда жашаган элчи Пабыл ишенимдештерине «адаштыруучу сөздөрдү» айтып, «турмуш курууга... тыюу салгандардан» сак болуу керектигин эскерткен (1 Тиметей 4:1—3).
Кийинчерээк Рим-католик чиркөөсүн түзгөн христиан чиркөөлөрүнүн арасында 2-кылымда так өтүүнү чечкендер көбөйө баштаган. Бир китепте мунун «Рим империясында жыныстык мамиледен карманууга үндөгөн күч алып бараткан үгүттүн таасири менен болгону» жазылган («Celibacy and Religious Traditions»).
Андан кийинки кылымдарда чиркөө кеңештери менен чиркөө аталары да диний кызматчылардын так өтүшүн жакташкан. Алар жыныстык мамиле диний кызматты арамдайт жана дин кызматчылар жыныстык мамиледе болбошу керек деп эсептешкен. Бирок «Британ энциклопедиясында»
«10-кылымдарда эле көптөгөн диний кызматкерлердин, жадагалса айрым епископтордун аялдары болгону» жазылган.Так өтүү талабы 1123-жылы жана 1139-жылы Римде болуп өткөн Латеран жыйындарында киргизилип, Рим-католик чиркөөсүндө ушу күнгө чейин күчүн жоготкон жок. Ошонун аркасында чиркөө бийлигин да, байлыгын да сактап калган. Себеби ага чейин бала-чакасы бар диний кызматчылар чиркөөнүн мүлкүн балдарына мураска калтырышчу.
КУДАЙДЫН КӨЗ КАРАШЫ
Ыйык Китепте Кудайдын так өтүүгө карата кандай көз карашта экенин билүүгө болот. Ыйык Китептен Иса пайгамбардын, ага окшоп, «асман Падышалыгы үчүн» үй-бүлө күтүүдөн баш тарткандар жөнүндө айткандарын окуй алабыз (Матай 19:12). Ошо сыяктуу эле, элчи Пабыл да, андан үлгү алып, «жакшы кабарды» башкаларга жарыялаш үчүн бойдок калууну чечкендер жөнүндө жазган (1 Корунттуктар 7:37, 38; 9:23).
Бирок Иса пайгамбар да, элчи Пабыл да башкаларга так өтүүнү буйрук кылган эмес. Иса пайгамбар бойдоктуктун анын жолдоочуларынын баары эле сактай албай турган «белек» экенин айткан. Элчи Пабыл да бойдок болуунун жакшы экенин айткан, бирок ага байланыштуу: «Мырзабыз мага эч кандай буйрук берген эмес,.. өз оюмду айтып жатам»,— деп ачык эле жазган (Матай 19:11; 1 Корунттуктар 7:25).
Андан тышкары, Ыйык Китептен Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын көбүнүн, анын ичинде элчи Петирдин да үй-бүлөсү болгонун биле алабыз (Матай 8:14; Марк 1:29—31; 1 Корунттуктар 9:5). Ошол кезде Рим империясында жыныстык адеп-ахлаксыздык кеңири тарагандыктан, элчи Пабыл жыйналышты көзөмөлдөгөндөрдүн, эгер алар үй-бүлөлүү болушса, «бир эле аялы бар», «балдары урмат-сый менен баш ийген адам болушу» керектигин жазган (1 Тиметей 3:2, 4).
Жогорудагы аяттарда никеде туруп, бирок жыныстык мамиледе болбогондор жөнүндө кеп жүргөн жок. Себеби Ыйык Китепте «күйөөсү аялына карата... жубайлык милдетин аткарышы» керектиги жана жубайлар ал милдетин аткаруудан «баш тартпашы» керектиги так-даана жазылган (1 Корунттуктар 7:3—5). Ооба, Кудай ага кызмат кылгандардан так өтүүнү талап кылбай турганы, ошондой эле алар так өтүүгө милдеттүү эмес экени айдан ачык.
ЖАКШЫ КАБАРДЫ ЖАРЫЯЛОО МАКСАТЫНДА
Эгер так өтүү Кудайдын талабы болбосо, эмне үчүн Иса пайгамбар менен элчи Пабыл бойдок калуунун жакшы экенин айтышкан? Анткени үй-бүлөсү жоктор жакшы кабарды жарыялоого көбүрөөк күч жумшай алышат. Алар бүлөлүү кишилердикиндей түйшүк тартпагандыктан ал ишке өздөрүн толугу менен арнай алышат (1 Корунттуктар 7:32—35).
Дэйвид деген кишини мисалга алалы. Ал башкаларга Ыйык Китепте жазылгандарды айтып бериш үчүн Мехико шаарындагы маянасы көп жумушун таштап, Коста-Риканын бир айылына көчүп барууну чечкен. Жалгыз бой болгонунун кандай жакшы жактары бар экени жөнүндө ал мындай деген: «Негизи, башка маданиятка, башка шарттарга көнүш оңой эмес. Бирок бойдок болгондуктан мага жеңилирээк болду».
Клаудия жакшы кабарды жарыялай тургандар көбүрөөк керек болгон жерге көчүп барган. Ал: «Мага Кудайга кызмат кылуу абдан жагат. Анын мага кам көрүп жатканын көргөндө ага болгон ишенимим жана аны менен болгон мамилем кадимкидей бекемделет»,— деп айткан.
«Турмуш кургансыңбы же жалгыз бойсуңбу, эң жакшы нерсеңди Жахаба Кудайга кызмат кылууга арнасаң, сөзсүз бактылуу болосуң» (Клаудия).
Бойдоктукту оор жүктөй көрбөшүбүз керек. Клаудия дагы мындай деп кошумчалаган: «Турмуш кургансыңбы же жалгыз бойсуңбу, эң жакшы нерсеңди Жахаба Кудайга кызмат кылууга арнасаң, сөзсүз бактылуу болосуң» (Забур 119:1, 2).