Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

75-ЫР: «Мен барам, мени жибер»

Өзүңдү Жахабага арнаганга даярсыңбы?

Өзүңдү Жахабага арнаганга даярсыңбы?

«Жахабанын мага кылган бардык жакшылыктарын кантип актайм?» (ЗАБ. 116:12).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макала сага Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүп, өзүңдү ага арнап чөмүлгөнгө түрткү берет.

1, 2. Чөмүлгөнгө чейин эмне кылыш керек?

 АКЫРКЫ беш жылдын ичинде бир миллиондон ашуун киши чөмүлүп Жахабанын Күбөсү болду. Алардын көбү, 1-кылымдагы Тиметей деген шакирттей болуп, ымыркай кезинен эле чындык жолунда тарбияланышкан (2 Тим. 3:14, 15). Башкалары болсо бой жетип калганда, кээ бирлери жашы өтүп калганда Жахаба жөнүндө билишкен. Мисалы, бир апа 97 жашында чөмүлүп Жахабанын Күбөсү болгон.

2 Ыйык Китепти изилдеп жүрсөң же Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңоюп-өскөн болсоң, чөмүлөйүн деп ойлонуп жүрөсүңбү? Эгер ошондой болсо, бул — арзырлык максат. Бирок чөмүлгөнгө чейин өзүңдү Жахабага арнашың керек. Бул макалада арналуу деген эмнени билдирерин карап чыгабыз. Ошондой эле, эгер даяр болсоң, өзүңдү Жахабага арнабай, чөмүлбөй жүрө бергенге эч кандай себеп жок экенин билесиң.

АРНАЛУУ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

3. Жахабага арналган Ыйык Китептеги инсандар жөнүндө айтып бергиле.

3 Ыйык Китепке ылайык, арналуу деген кайсы бир өзгөчө максат үчүн тандалган дегенди билдирет. Мисалы, ысрайылдыктар Жахабага арналган эл болгон. Бирок алардын арасында өзгөчө жол менен Жахабага арналгандар да болгон. Алсак, Арун башына оронуп жүргөн чалмада жалтырап турган алтын тасма — «арналуунун ыйык белгиси» — бар болчу. Ал алтын тасма анын өзгөчө бир кызмат үчүн тандалганын, Ысрайылдын башкы дин кызматчысы экенин, көрсөтүп турган (Леб. 8:9). Назирлер да Жахабага өзгөчө жол менен арналгандардан болгон. «Назир» деп которулган еврей сөзү «бөлүнгөн» же «арналган» дегенди билдирет. Алар Муса аркылуу берилген Мыйзамда назирлерге коюлган талаптарга ылайык жашашы керек болчу (Сан. 6:2—8).

4. а) Өмүрүңдү Жахабага арнагандан кийин жашооңдо кайсы нерсе маанилүү орунда туруп калат? б) Өзүңдөн баш тартканың эмнени билдирет? (Сүрөттү да карагыла.)

4 Өзүңдү Жахабага арнаганыңда Иса Машаяктын шакирти болгуң келерин жана Кудайдын эркин аткарууну жашооңдогу эң маанилүү нерсе деп эсептээриңди көрсөтөсүң. Кудайга арналган кишиден эмне талап кылынат? Иса: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын»,— деп түшүндүргөн (Мт. 16:24). Грек тилинен «өзүнөн баш тартуу» деп которулган сөздөрдү «өзү үчүн жашабоо» деп да берсе болот. Тагыраак айтканда, өмүрүңдү Жахабага арнагандан кийин анын эркине каршы келе турган нерселердин баарынан баш тартышың керек болот (2 Кор. 5:14, 15). Бул жыныстык адеп-ахлаксыздык сыяктуу «дененин иштеринен» баш тартууну да камтыйт (Гал. 5:19—21; 1 Кор. 6:18). Ушундай чектөөлөр жашооңду оордотобу? Эгер Жахабаны жакшы көрсөң жана анын осуяттары сага жакшы болушу үчүн эле берилгенине көзүң жетсе, оор деле болбойт (Заб. 119:97; Ыш. 48:17, 18). Бул тууралуу Николас деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Жахабанын талаптарына кандай караарың өзүңөн көз каранды. Аларды түрмөнүн темир торундай же арстандан коргоп турган темир тордой көрсөң болот».

Жахабанын талаптарын кандай кабыл аларың өзүңөн көз каранды. Аларды түрмөнүн темир торундай көрөсүңбү же арстандан коргоп турган темир тордой көрөсүңбү? (4-абзацты карагыла)


5. а) Өзүңдү Жахабага кантип арнай аласың? б) Арналуу менен чөмүлүүнүн кандай айырмасы бар? (Сүрөттү да карагыла.)

5 Өзүңдү Жахабага кантип арнай аласың? Андан тиленип, ага гана кызмат кыларыңды жана анын эркин аткарууну жашооңдо биринчи орунга коёруңду убада кыласың. Аны дайыма бүт жүрөгүм, бүт жаным, бүт акылым, бүт күчүм менен сүйөм деп да сөз бересиң (Мр. 12:30). Бул — жекече кылына турган, сени менен Жахабанын ортосунда гана боло турган нерсе. Ал эми чөмүлгөнүңдү башкалар да көрүп, өмүрүңдү Жахабага арнаганыңа күбө болушат. Арналуу деген ыйык ант болуп саналат. Арналгандан кийин антыңа жараша жашашың керек. Жахаба да сенден ошону күтөт (Нас. 5:4, 5).

Өмүрүңдү Жахабага арнаганда өзүң жалгыз андан тиленип, ага гана кызмат кыларыңды жана анын эркин аткарууну жашооңдо биринчи орунга коёруңду убада кыласың (5-абзацты карагыла)


ӨМҮРҮҢДҮ ЖАХАБАГА АРНАГАНГА ЭМНЕ ТҮРТКҮ БЕРЕТ?

6. Өмүрүбүздү Жахабага арнаганга эмне түрткү бериши керек?

6 Сен Жахабага өзүңдү биринчи кезекте аны сүйгөндүктөн арнайсың. Сүйүүң сезимдерге эле негизделбеши керек. Анын ордуна, Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндөгү так билимге, ыйык руху аркылуу ачып берген түшүнүккө негизделиши керек (Кол. 1:9). Ошондой эле Ыйык Китепти изилдеп, 1) Жахабанын чын эле бар экенине, 2) Ыйык Китеп ыйык рухтун жетеги менен жазылган анын Сөзү экенине жана 3) ал эркин аткарыш үчүн уюмун колдоноруна көзүң жеткени маанилүү.

7. Өзүңдү Кудайга арнаганга чейин эмнелерди кылышың керек?

7 Өмүрүн Жахабага арнагандар анын Сөзүндөгү негизги окууларды билип, ошого ылайык жашашы керек. Билген нерселерин жагдай-шартына жараша башкаларга айтканга аракет кылышы зарыл (Мт. 28:19, 20). Жахабага болгон сүйүүсү өсүп отуруп, бүт жүрөгү менен ага гана кызмат кылууну чечкенге түрткү берет. Сен тууралуу да ушуну айтса болобу? Эгер ушундай болсо, сени менен изилдеп жаткан кишиге же ата-энеңе жагыш үчүн эле же болбосо досторуң ошентип жатканы үчүн эле чөмүлбөйсүң.

8. Ыраазы болгонуң өмүрүңдү Жахабага арнаганга кандай таасир этет? (Забур 116:12—14).

8 Жахабанын сага кылган жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртсөң, өмүрүңдү ага арнагың келе баштайт. (Окугула: Забур 116:12—14.) Ыйык Китепте Жахабанын «жакшы, жеткилең белектерди» берери айтылат (Жкп. 1:17). Ал белектердин эң кымбаты — биз үчүн курмандыкка чалынган Исанын өмүрү. Ушул тууралуу ойлонуп көрсөң. Кун төлөнгөндүн аркасында Жахаба менен ынак мамиледе болушуңа жол ачылган. Андан тышкары, Жахаба сага түбөлүк өмүр сүргөнгө мүмкүнчүлүк тартуулаган (1 Жкн. 4:9, 10, 19). Өмүрүңдү ага арнасаң, анын ошол күчтүү сүйүүсүнө жана сага кылган башка жакшылыктарына ыраазы экениңди көрсөтөсүң (Мыйз. 16:17; 2 Кор. 5:15). Бул «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин 46-бөлүмүнүн 4-оюнда баса белгиленет. Ал жерде «Өзүбүздөгүнү Кудайга белек катары тартуулайлы» деген 3 мүнөттүк видео да камтылат.

АРНАЛЫП, ЧӨМҮЛГӨНГӨ ДАЯРСЫҢБЫ?

9. Эмне үчүн айрымдар арналганга даяр эмесмин деп ойлошу мүмкүн?

9 Сен арналып, чөмүлгөнгө даяр эмесмин деп ойлошуң мүмкүн. Балким, Жахабанын талаптарына ылайык жашаш үчүн оңолушуң керек болгон жактарың дагы деле бардыр. Же сага ишенимиңди чыңдаш үчүн көбүрөөк убакыт керектир (Кол. 2:6, 7). Беш кол тең эмес, ошондуктан баары эле бирдей ийгилик кылбайт. Атүгүл бир курактагы жаштар да арналып, чөмүлгөнгө ар кайсы куракта даяр болот. Ошол себептен өзүңдү башкаларга салыштырбай, алыңа жараша канчалык деңгээлде ийгилик кылып жатканыңды таразалап көр (Гал. 6:4, 5).

10. Арналып, чөмүлгөнгө даяр эмес экениңди түшүнсөң, эмне кылсаң болот? (« Чындык жолунда тарбиялангандар үчүн» деген кутучаны да карагыла.)

10 Азырынча өмүрүңдү Жахабага арнаганга даяр эмес экениңди түшүнсөң да, ошол максатты көздөй бер. Оңолушуң керек болгон жактарыңды өзгөрткөнгө жардам сурап Жахабадан тилен (Флп. 2:13; 3:16). Ал үнүңдү угуп, сөзсүз жооп береринен шектенбе (1 Жкн. 5:14).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ҮЧҮН СОЗДУКТУРУШАТ?

11. Жахаба бизге ишенимден тайбаганга кантип жардам берет?

11 Кээ бирлер арналып, чөмүлгөнгө даяр болсо деле жүрө беришет. Алар: «Чөмүлгөндөн кийин олуттуу күнөө кылып алып, жыйналыштан чыгарылып калсамчы?» — деп коркушат. Эгер сени да ушундай ой басып жатса, «ысмына татыктуу жашап, ага бардык жагынан жагышың» үчүн, Жахаба сага өзү жардам берерин эсиңен чыгарба (Кол. 1:10). Ал сага туура иш кылганга да күч берет. Анткени ал буга чейин эле көптөргө ошенткенге жардам берип келатат (1 Кор. 10:13). Жыйналыштан чыгарылгандардын аз эле болгонунун бир себеби ушунда. Кызматчыларына ишенимден тайбаганга Жахаба өзү колдоо көрсөтөт.

12. Канткенде олуттуу күнөө кетирип албайсың?

12 Пенде болгондуктан баарыбыз эле туура эмес иш кылганга азгырылабыз (Жкп. 1:14). Анткен менен азгырыкка алдырасыңбы же жокпу, бул өзүңдөн көз каранды болот. Анткени кандай жашаарыңды өзүң чечесиң. Айрымдар сезимдерди башкарыш кыйын деши мүмкүн. Бирок чынында өзүңдү кармай билгенди үйрөнө аласың. Ал турсун, кээде жаман каалоолор күчтүүлүк кылганда да, аларга жетеленбей коё аласың. Ан үчүн күндө тилен. Кудайдын Сөзүн өз алдыңча изилдегенге дайыма убакыт бөлүп тур, жолугушууларды калтырба. Ишенген нерселериңди башкалар менен бөлүш. Ушуларды үзгүлтүккө учуратпай кылып турсаң, өзүңдү Кудайга арнаганда берген антыңа ылайык жашай аласың. Жахабанын сени колдоп турарын эч качан унутпа (Гал. 5:16).

13. Жусуп бизге кандай үлгү калтырган?

13 Азгырыкка кабылганда эмне кыларыңды алдын ала чечип алсаң, Кудайга өзүңдү арнаганда берген антыңа ылайык жашоо оңоюраак болот. Ыйык Китепте жеткилеңсиз болгонуна карабай так ошондой иш кылган инсандар арбын. Мисалга Жусупту алалы. Потипардын аялы аны жыныстык мамиледе болгонго кайра-кайра азгырган. Бирок Жусуп кандай иш кыларын ага чейин эле чечип алган болчу. Ыйык Китепте айтылгандай, ал макул болбой: «Кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деген (Башт. 39:8—10). Потипардын аялы азгырганга чейин эле Жусуп эмне кыларын жакшы билген. Ошондуктан азгырыкка кабылганда аны оңой эле четке кага алган.

14. Азгырыкты четке какканды кантип үйрөнө аласың?

14 Канткенде сен да, Жусуптай болуп, буйдалбастан иш-аракет кыла аласың? Ан үчүн азгырык болгондо эмне кыларыңды азыртадан чечип ал. Жахаба жек көргөн нерселерди дароо четке какканды үйрөн. Жадагалса таза эмес ойлорду оюңа да жакын жуутпа (Заб. 97:10; 119:165). Ошентсең, азгырыкка кабылганда тайсалдап калбайсың. Себеби эмне кылышты ага чейин эле чечип алгансың.

15. Жахабаны «талыкпай издеп» жатканыбызды кантип көрсөтөбүз? (Еврейлер 11:6).

15 Балким, Кудай жөнүндөгү чындыкты тапканыңа, Жахабага бүт жүрөгүң менен кызмат кылгың келерине көзүң жетсе да, арналып, чөмүлгөндөн сени бир нерсе кармап жаткандыр. Ошондой болсо, Дөөтү падышадай болуп, Жахабага мындай деп жалынсаң болот: «Оо, Кудай, мени изилдеп, жүрөгүмдү бил. Мени текшерип, тынчымды кетирген ойлорду бил. Ичимде мени коркунучтуу жолго түртө турган эч нерсе жокпу, байкап көр. Мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр» (Заб. 139:23, 24). Жахаба «аны талыкпай издегендерге» сөзсүз сыйлык берет. Эгер өмүрүңдү Жахабага арнап, чөмүлүш үчүн бүт күчүңдү жумшап жатсаң, аны талыкпай издеп жатканыңды көрсөтөсүң. (Окугула: Еврейлер 11:6.)

ЖАХАБАГА ЖАКЫНДАЙ БЕР

16, 17. Чындык жолунда тарбиялангандарды да Жахаба жакындаткан деп эмне үчүн айта алабыз? (Жакан 6:44).

16 Иса шакирттерине аларды чындык жолуна Жахаба тартканын айткан. (Окугула: Жакан 6:44.) Бул ойдун канчалык таасирдүү экени жана сага кандай тиешеси бар экени жөнүндө ойлонуп көрсөң. Жахаба ар бир адамдын жакшы бир нерсесин байкап, өзүнө жакындатат. Ал ар бирибизди «өзүнүн өзгөчө элиндей» же мурасындай көрөт (Мыйз. 7:6). Сен жөнүндө да ушуну айтса болот.

17 Балким, сен Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан: «Мени чындык жолуна Жахаба тарткан жок. Ушул жолдо ата-энем жүргөн үчүн эле жүрөм»,— деп ойлошуң мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жкп. 4:8; 1 Жылн. 28:9). Демек, сен өзүң  биринчи Жахабага жакындаган үчүн, ал да сага жакындаган. Жахаба сени көп элдин арасында жүргөн жөн эле бирөөдөй көрбөйт. Ал ар бир кишини, анын ичинде чындык жолунда тарбиялангандарды да өзүнө тартат. Эгер ал Жахабага жакындаш үчүн өзү аракет кылса, Жакып 4:8де айтылгандай, Жахаба да ага жакындайт. (Салыштыр: 2 Тесалоникалыктар 2:13.)

18. Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз? (Забур 40:8).

18 Өзүңдү Жахабага арнап чөмүлгөндө Исадан үлгү алган болосуң. Ал өз эрки менен өмүрүн Атасына арнап, ал эмне десе, ошонун баарын кылган. (Окугула: Забур 40:8; Евр. 10:7.) Кийинки макалада чөмүлгөндөн кийин да Жахабага ишенимдүү кызмат кыла бергенге сага эмне жардам берерин талкуулайбыз.

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Жахабага арналуу деген эмнени билдирет?

  • Ыраазы болуу менен арналуунун кандай байланышы бар?

  • Олуттуу күнөө кылып албаш үчүн эмне кылышың керек?

38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат