Ишеним — күчтүү болууга жардам берген сапат
ИШЕНИМ зор күчкө ээ. Мисалы, Шайтан Жахаба менен болгон мамилебизди кыйратууга канчалык аракет кылбасын, ишенимибиз бизге «кара өзгөйдүн оттуу жебелерин өчүрүүгө» жардам берет (Эф. 6:16). Эгер ишенимге ээ болсок, опол тоодой кыйынчылыктарды да жеңе алабыз. Иса шакирттерине: «Cары кычы данындай эле ишенимге ээ болуп, бул тоого: „Бул жерден тиги жерге жыл“,— десеңер, ал жылат»,— деген (Мт. 17:20). Ишеним Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдөөгө көмөк кылгандыктан, төмөнкү суроолорго жооп алганыбыз маанилүү: Ишеним деген эмне? Жүрөгүбүздүн абалы ишенимибизге кандай таасир этет? Ишенимибизди кантип бекемдей алабыз? Кимге ишеним артышыбыз керек? (Рим. 4:3).
ИШЕНИМ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Ишеним Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине ишенүүдөн же аларды кабыл алуудан да көптү билдирет. Анткени «[Кудайдын бар экенине] жиндер да ишенишет жана коркконунан калтырап-титиреп турушат» (Жкп. 2:19). Анда ишеним деген эмне?
Ыйык Китепте ишенимдин эки нерсени туюнтары айтылат. Биринчиден, «ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү» (Евр. 11:1а). Эгерде ишенимибиз бар болсо, Жахабанын бардык сөздөрүнүн чындык экенине жана алардын сөзсүз орундаларына бекем ишенебиз. Маселен, Жахаба ысрайылдыктарга: «Силер күн менен түндү өз маалында алмашпагыдай кылып, күн жөнүндөгү келишимим менен түн жөнүндөгү келишимимди буза алсаңар, анда кызматчым Дөөтү менен... түзгөн келишимим да бузулмак»,— деген (Жер. 33:20, 21). Качандыр бир убакта күн чыкпай же батпай калып, күн менен түн алмашпай калат деп корккон учурларыңар болду беле? Эгер Жердин өз огунда жана Күндүн тегерегинде айланышын шарттап турган физикалык мыйзамдардын иштешинен эч шектенбесек, анда ал мыйзамдарды бекиткен Жараткандын өз сөзүн орундатарынан шектенүүгө негиз барбы?! Албетте, жок! (Ыш. 55:10, 11; Мт. 5:18).
Экинчиден, «ишеним — бул... көрүнбөгөн нерселердин бар экенине айкын далилдерди көрүү». Ооба, ишеним көзгө көрүнбөгөн, бирок чынында бар болгон нерселердин анык экенин тастыктаган айкын же төгүндөлгүс далилдерди билдирет (Евр. 11:1б). Кандайча? Кичинекей бала силерден: «Абанын бар экенин каяктан билесиз?» — деп сурады дейли. Абаны эч качан көрбөсөңөр да, балким, анын бар экенин тастыктап турган далилдерди келтиреттирсиңер. Алсак, дем алып жатканыбыздан, жел жүргөндө анын эпкинин сезгенибизден жана башка нерселерден биле аларыбызды айтаттырсыңар. Ушундай далилдердин жардамы менен бала көзү менен көрө албаган нерсенин бар экенине ынанат. Анын сыңарындай, ишеним төгүндөлгүс далилдерге негизделет (Рим. 1:20).
ЖҮРӨГҮБҮЗДҮН АБАЛЫ МААНИЛҮҮ
Ишеним далилдерге негизделгендиктен, ишенимге ээ болуш үчүн адегенде «чындыкты так таанып-билүү» зарыл (1 Тим. 2:4). Бирок бул жетишсиз. Элчи Пабыл: «Адам жүрөгү менен ишенет»,— деп жазган (Рим. 10:10). Чындыкка ишенип эле койбостон, аны баалашыбыз керек. Ошондо гана ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтө алабыз, тагыраак айтканда, чындыкка ылайык иш кыла алабыз (Жкп. 2:20). Чындыкты бүт жүрөгү менен баалабаган киши бейкалыс көз карашын такыр өзгөрткүсү келбегендиктен же күнөөкөр табиятынын каалоолору боюнча жашаганын актагысы келгендиктен атүгүл жүйөлүү, төгүндөлгүс далилдерди да четке кагат (2 Пет. 3:3, 4; Жүй. 18). Ошондуктан байыркы учурда кереметтерди өз көзү менен көргөндөрдүн баары эле ишеним өрчүтө беришкен эмес (Сан. 14:11; Жкн. 12:37). Кудайдын ыйык руху жалганды эмес, чындыкты жакшы көргөндөрдүн гана жүрөгүндө ишеним өрчүтөт (Гал. 5:22; 2 Тес. 2:10, 11).
ДӨӨТҮ КҮЧТҮҮ ИШЕНИМДИ КАНТИП ӨРЧҮТКӨН?
Ишеними күчтүү инсандардын катарында Дөөтү падыша да болгон (Евр. 11:32, 33). Бирок анын үйүндөгүлөрүнүн баары эле андай ишенимге ээ боло берген эмес. Мисалга улуу агасы Элиапты алалы. Бир жолу Голиат ысрайылдыктарды мазактаганда, Дөөтү буга ачууланган. Ошондо Элиап аны жемелеген. Мындан анын Жахабанын куткара аларына ишенбей турганы көрүнгөн (1 Шем. 17:26—28). Бир да жан ишеним менен кошо төрөлбөйт жана эч кимге ал сапат ата-энесинен мураска өтпөйт. Андыктан Дөөтү ишенимин Кудай менен жекече мамиле түзүүнүн аркасында гана өрчүтө алган.
27-забурда Дөөтү ошондой ишенимге кантип ээ болгонун ачып берген (1-аят). Ал башынан өткөндөр жана Жахабанын аны кас-душмандарынан кантип коргоп келгени жөнүндө ой жүгүрткөн (2, 3-аят). Жахабанын ыйык чатырын жогору баалаган (4-аят). Ишенимдештери менен бирге ыйык чатырда Кудайга сыйынган (6-аят). Жахабадан жалындуу тиленген (7, 8-аят). Кудайдын аны өзүнүн жолунда жүрүүгө үйрөтүшүн каалаган (11-аят). Арийне, Дөөтү ишенимди ушунчалык маанилүү деп эсептегендиктен, ишеними болбосо, эчак эле өлүп калмактыгын айткан (13-аят).
ИШЕНИМИҢЕРДИ КАНТИП БЕКЕМДЕСЕҢЕР БОЛОТ?
Силердин да ишенимиңер Дөөтүнүкүндөй болушу үчүн, 27-забурда жазылгандагыдай маанай чагылдыргыла жана ошондой иш-аракеттерди кылгыла. Ишеним так билимге негизделгендиктен, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды канчалык терең изилдесеңер, Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген ал сапатты өрчүтүү ошончолук оңоюраак болот (Заб. 1:2, 3). Изилдеп жатканда ой жүгүрткөнгө убакыт бөлгүлө. Ой жүгүртүүнү ыраазычылык сезими өнүп-өсө турган топуракка салыштырууга болот. Жахабага болгон ыраазычылыгыңар өскөн сайын, ишенимиңерди иш жүзүндө көрсөтүүгө, тактап айтканда, жыйналыш жолугушууларына барып Кудайга сыйынууга жана үмүтүңөр жөнүндө башкаларга жарыялоого болгон каалооңор арта берет (Евр. 10:23—25). Ишенимибизди «дайыма тиленип, эч качан багынбоо» менен да көрсөтөбүз (Лк. 18:1—8). Андыктан Жахабанын силерге «кам көрөрүнө» бекем ишенип, «үзгүлтүксүз тилене» бергиле (1 Тес. 5:17; 1 Пет. 5:7). Ишенимибиз иш-аракет кылууга түрткү берет, ал эми иштерибиз ишенимибизди бекемдейт (Жкп. 2:22).
ИСАГА ИШЕНЕРИҢЕРДИ ИШ ЖҮЗҮНДӨ КӨРСӨТКҮЛӨ
Өлүм жазасына тартылар алдындагы түнү Иса шакирттерине: «Кудайга ишенгиле, мага да ишенгиле»,— деген (Жкн. 14:1). Ошондуктан биз Жахабага эле эмес, Исага да ишеним артышыбыз керек. Кантип? Мунун үч жолун карап көрөлү.
Биринчиден, кунду Кудайдын жеке силерге берген белеги катары көргүлө. Пабыл: «Өмүрүмдү мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген Кудай Уулуна ишенүү менен өткөрүп жатам»,— деп айткан (Гал. 2:20). Исага ишенсеңер, кундун силерге да пайда алып келерине, күнөөлөрүңөрдүн кечирилишине жана түбөлүк өмүргө үмүттөнүүгө негиз берерине шектенбейсиңер. Ошондой эле кундун Кудайдын силерге болгон сүйүүсүнүн эң эле зор далили экенине бекем ишенесиңер (Рим. 8:32, 38, 39; Эф. 1:7). Бул өзүңөр жөнүндөгү терс ойлорго алдырбаганга жардам берет (2 Тес. 2:16, 17).
Экинчиден, Исанын курмандыгынын негизинде Жахабадан тиленип, ага жакындай бергиле. Кундун аркасында биз «жардамга муктаж болгонубузда Кудай бизге ырайымын, кайрымдуулугун көрсөтүшү үчүн», андан ээн-эркин тилене алабыз (Евр. 4:15, 16; 10:19—22). Күнөө кылууга азгырык болгондо, тиленүү ага каршы турууга көмөк кылат (Лк. 22:40).
Үчүнчүдөн, Исага баш ийгиле. Элчи Жакан: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт; ал Кудайдын каарына калат»,— деп жазган (Жкн. 3:36). Көңүл бурсаңар, ал ишеним көрсөтүү менен баш ийбестикти бири-бирине карама-каршы койгон. Андыктан Исага баш ийүү менен ага ишенерибизди далилдейбиз. Ал эми ага баш иерибизди «Машаяктын мыйзамын», тактап айтканда, ал окуткан жана осуят кылган нерселердин баарын аткаруу менен көрсөтөбүз (Гал. 6:2). Исага баш ийүү өз ичине анын «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берип жаткан жетекчилигине ылайык иш кылууну да камтыйт (Мт. 24:45). Ырас, Исага баш ийсек, жашоодогу бороон-чапкындай болгон кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз (Лк. 6:47, 48).
«ӨЗҮҢӨРДҮ АБДАН ЫЙЫК ИШЕНИМИҢЕРДИН НЕГИЗИНДЕ БЕКЕМДЕГИЛЕ»
Бир жолу бир киши Исага: «Ишенем! Ишенимимди дагы бекемдей көр!» — деп жалбарган (Мр. 9:24). Анын кандайдыр бир деңгээлде ишеними бар болчу, бирок ал ишенимин дагы арттырышы керектигин момундук менен мойнуна алган. Ошол киши сыяктуу эле, баарыбыз жашоодо көбүрөөк ишеним керек болгон жагдайларга туш болобуз. Бактыга жараша, ишенимибизди бекемдөө ар бирибиздин колубуздан келет. Жогоруда айтылгандай, Кудайдын Сөзүн изилдегенибизде жана окугандарыбыз тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө ишенимибиз бекемделет. Бул болсо өз кезегинде Жахабага болгон ыраазычылыгыбызды арттырат. Ишенимибиз бир туугандарыбыз менен бирге Жахабага сыйынганда, башкаларга үмүтүбүз жөнүндө жарыялаганда жана үзгүлтүксүз тиленгенде да өсөт. Баарынан маанилүүсү, эгер өзүбүздү абдан ыйык ишенимибиздин негизинде бекемдей берсек, зор сыйлык алабыз: Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз! (Жүй. 20, 21).