Чөмүлдүрүүчү Жакан — кубанычты сактоо жагынан жакшы үлгү
ЖЫЙНАЛЫШТА кайсы бир жоопкерчиликти аркалагыңар келип, бирок ал каалооңор ишке ашпай келатабы? Балким, ал жоопкерчилик башка бир тууганга тапшырылгандыр. Же мурун аркалап келип, бирок азыр жаш курагыңардан, оорудан, акча жагынан кыйналгандыктан же үй-бүлөдөгү милдеттериңерден улам аткара албай калгандырсыңар. Же болбосо көптөн бери аткарып келген жоопкерчилигиңерди уюмда болгон өзгөрүүлөрдүн натыйжасында башка бирөөгө өткөрүп берүүгө туура келгендир. Кандай болбосун, Кудайга өзүңөр каалагандай кызмат кыла албай жаткандай сезилип, ошондон улам кээде көңүлүңөр чөгүшү мүмкүн. Андайда көңүл чөгөттүк, ачуулануу же ызалануу сыяктуу терс сезимдер өрчүп кетпеши үчүн, эмне кылсаңар болот? Канткенде кубанычыңарды сактай аласыңар?
Чөмүлдүрүүчү Жакандын үлгүсүн карап чыгуу менен кубанычыбызды сактоого байланыштуу көп нерсени үйрөнө алабыз. Жакан зор сыймык деп эсептелген жоопкерчиликтерге ээ болгон. Бирок ал жашоосун таптакыр башка нукка буруп, кызматына таасир эте турган окуялар болуп кетет деп күтпөсө керек. Ал кызмат кылган убактысынан да көп убакыт түрмөдө отурам деп ойлобогон чыгар. Ошого карабай Жакан кубанычын жоготпой, өмүрүнүн аягына чейин оң маанай сактаган. Ага эмне жардам берген? Ойлогон оюбуз ишке ашпай жатканда, кантип кубанычыбызды сактай алабыз?
КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАГАН ДАЙЫНДОО
Б.з. 29-жылы жазында Жакан Жахаба тапшырган ишти аткарууга киришкен. Тактап айтканда, элге: «Өкүнгүлө, анткени асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп жарыялап, Машаякка жол даярдай баштаган (Мт. 3:2; Лк. 1:12—17). Анын сөздөрүнө көптөр кулак каккан. Ал айткан кабарды угуу үчүн туш тараптан агылып келген адамдардын көбү күнөөлөрү үчүн өкүнүп, чөмүлгөн. Андан сырткары, Жакан адилсинген диний жетекчилерге, эгер өзгөрүшпөсө, кандай жаза күтүп турарын тайманбастык менен эскерткен (Мт. 3:5—12). Б.з. 29-жылы күзүндө ал Исаны чөмүлдүргөн. Бул анын кызматындагы эң маанилүү иш болгон. Ошондон тартып ал башкаларды Исанын — Кудай убада кылган Машаяктын — жолун жолдоого үндөй баштаган (Жкн. 1:32—37).
Жакандын кызматы өзгөчө болгондуктан, Иса: «Аялзатынан төрөлгөндөрдүн арасынан Чөмүлдүрүүчү Жакандан чоң эч ким чыккан эмес»,— деп айта алган (Мт. 11:11). Жакандын Кудайдан алган баталарына аябай сүйүнгөнү шексиз. Ага окшоп, бүгүнкү күндө көптөгөн ишенимдештерибиз Жахабадан мол бата алууда. Мисалга Тэрри деген бир тууганды алалы. Ал жубайы Сандра экөө 50 жылдан ашык убакыттан бери Кудайга толук убакыт кызмат кылып келатышат. Тэрри: «Мен көптөгөн сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркаладым. Пионер болдум, Бейтелде кызмат кылдым, атайын пионер, райондук көзөмөлчү, облустук көзөмөлчү болдум. Азыр болсо кайрадан атайын пионердик кызматты аткарып жатам»,— дейт. Ооба, кайсы бир теократиялык жоопкерчиликке ээ болгондо баарыбыз эле кубанабыз. Бирок Жакандын үлгүсүн изилдөөнүн аркасында биле турганыбыздай, жагдайыбыз өзгөргөндө кубанычыбызды сактап калыш үчүн күч-аракет жумшашыбыз керек.
ДАЙЫМА ЫРААЗЫ БОЛУУ
Чөмүлдүрүүчү Жакан аткарган кызматын дайыма баалагандыктан кубанычын сактай алган. Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү. Иса чөмүлгөндөн кийин, Жакандын шакирттеринин саны азайып, Исанын шакирттери болсо улам көбөйө берген. Бир жолу Жаканга шакирттери келип: «Устат, карасаң, Иордандын аркы өйүзүндө сага келген, сен айткан киши элди чөмүлдүрүп жүрөт. Ага баары барып жатат»,— дешкен (Жкн. 3:26). Ошондо ал: «Колукту күйөөгө таандык. Бирок күйөө жолдош жанында турган досунун үнүн угуп, абдан кубанат. Менин да кубанычым койнума батпай турат»,— деп айткан (Жкн. 3:29). Жакан Исаны атаандашы катары көргөн эмес. Исанын ролу маанилүүрөөк болгондуктан, мен аткарган кызмат анча баалуу болбой калды деп да ойлогон эмес. Анын ордуна, өзүнүн «күйөө жолдош» катары аткарган ролун андан ары да жогору баалаган. Ошондуктан кубанычтуу кызмат кыла берген.
Жакан туура маанай сактаганынын аркасында, дайындоосун аткарууда көп курмандыкка барууга туура келсе да, кубанычын жоготкон эмес. Алсак, төрөлгөнүнөн эле назир болгондуктан, ага шарап ичкенге тыюу салынган болчу (Лк. 1:15). Иса: «Жакан келди: ал жебейт, ичпейт» — деп, анын канчалык жөнөкөй жашаганын баса белгилеген. Ал эми Иса менен анын шакирттери назир болбогондуктан, аларга андай чектөөлөр коюлган эмес болчу. Алар башкалардай эле жашашкан (Мт. 11:18, 19). Андан сырткары, Жакан бир да керемет жасаган эмес. Ошол эле учурда ал Исанын шакирттерине, анын ичинде башында өзүнүн шакирти болгондорго да керемет жасоого күч берилгенин билген (Мт. 10:1; Жкн. 10:41). Бирок ал ошондой айырмачылыктарга көңүл топтобой, Жахаба берген дайындоосун бүт ынтасы менен аткара берген.
Эгер биз да Жахабадан алган азыркы дайындообузду бааласак, кубанычыбызды сактай алабыз. Жогоруда айтылган Тэрри бир тууган: «Кандай жоопкерчилик тапшырылбасын, ар бирин баалап, бүт дитимди коюп аткарчумун»,— деп айтат. Азыр ал толук убакыт кызмат кылган жылдарына кылчая карап: «Мен эч өкүнбөйм, өткөн күндөрүмдү жагымдуу сезимдер менен гана эскерем»,— дейт.
Ар бир теократиялык дайындоону же жоопкерчиликти чынында эмне баалуу кылары тууралуу ой жүгүртсөк, Кудайга кызмат кылууда кубанычыбызды арттыра алабыз. Биз үчүн баарынан да зор сыймык — «Кудайдын кызматташы» болуу (1 Кор. 3:9). Мураска калган баалуу буюм кооздугун жоготпошу үчүн, аны жалтырата сүртүп туруу зарыл. Анын сыңарындай, туура эмес көз караштан улам кубанычыбыз каймана мааниде тунарып калбашы үчүн, Жахаба менен кызматташуу канчалык чоң сыймык экени тууралуу дайыма ой жүгүртүп турушубуз керек. Ошондо өзүбүздүн курмандыктарыбызды башкалардыкы менен салыштыргандан качабыз. Ошондой эле ээ болгон сыймыктуу жоопкерчиликтерибизди башка бир туугандардыкына караганда төмөнүрөөк деп ойлобойбуз (Гал. 6:4).
РУХИЙ НЕРСЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ ТОПТОО
Балким, Жакан өзүнүн кызматы узакка созулбай турганын билген чыгар, бирок анын күтпөгөн жерден токтоп калары такыр оюна келбесе керек (Жкн. 3:30). Б.з. 30-жылы Исаны чөмүлдүргөндөн алты айдай өткөндөн кийин, аны Ирод падыша түрмөгө камап койгон. Анткен менен Жакан колунан келишинче күбөлөндүрө берген (Мр. 6:17—20). Ага ошондой өзгөрүүлөргө карабай кубанычын сактап калганга эмне жардам берген? Ал андан ары да көңүлүн рухий нерселерге топтогон.
Түрмөдө отурганда Жакан Исанын көп иштерди кылып жатканын уккан (Мт. 11:2; Лк. 7:18). Ал Исанын Машаяк экенине шектенген эмес, бирок анын Машаяк кыла турган иштерге байланыштуу айтылган Ыйык Жазмадагы пайгамбарлыктардын баарын кантип аткарары жөнүндө ойлонгон чыгар. Балким: «Машаякка падышалык бийлик бериле тургандыктан, Иса жакында башкара баштайбы? Ошондо мен түрмөдөн бошотуламбы?» — деп ойлонсо керек. Исанын эмнелерди кылары жөнүндө көбүрөөк билгиси келгендиктен Жакан ага эки шакиртин жиберип: «Келе турган сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» — деп сураган (Лк. 7:19). Иса аларга Жаканга: «Сокурлардын көзү көрүп, аксактар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип, жакырларга жакшы кабар жарыяланып жатат»,— деп айтып баргыла деген (Лк. 7:20—22). Алар кайтып келип, Исанын кандай кереметтерди жасап жатканын айтып беришкенде, Жакан кунт коюп укса керек.
Шакирттеринин сөзү Жаканга бир топ дем-күч бергени шексиз. Бул аны Исанын Машаякка тиешелүү пайгамбарлыктарды аткарып жатканына ынандырган. Исанын Машаяк катары келгенинин аркасында Жакан түрмөдөн бошотулбаса да, ал кылган кызматынын текке кетпегенин билген. Ооба, жагдай-шарты оор болгонуна карабай, анда кубанууга негиз бар болчу.
Биз да, ага окшоп, рухий иштерге көңүл топтосок, чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу боло алабыз (Кол. 1:9—11). Ан үчүн Ыйык Китепти окуганыбыз, ой жүгүрткөнүбүз, Кудайга кылган кызматыбыздын эч качан текке кетпесин эсибизге салып турганыбыз маанилүү (1 Кор. 15:58). Сандра: «Күн сайын Ыйык Китептен бир бөлүм окуп турганым Жахабага жакындоого жардам берип келет. Бул өзүмдү эмес, аны көбүрөөк ойлогонго көмөк кылат»,— деп бөлүшөт. Биз да дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибиздин кызматы жөнүндөгү билдирүүлөргө назар салсак, өзүбүзгө эмес, Жахабанын иштерине көңүл топтойбуз. «JW телеберүүсүнө чыккан ай сайынкы программалар өзүбүздү уюмга жакыныраак сезгенге, дайындообузду кубаныч менен аткара бергенге көмөк кылууда»,— дейт Сандра.
Чөмүлдүрүүчү Жакан кыска убакытка созулган кызматын «Илиястын руху, күчү менен» аткарган. Ошондой эле ал, Илияс пайгамбарга окшоп, «биздикиндей эле сезимдери бар киши болгон» (Лк. 1:17; Жкп. 5:17). Эгер Жакандан үлгү алып, дайындообузду жогору бааласак жана көңүлүбүздү рухий нерселерге топтосок, жашообузда кандай өзгөрүүлөр болбосун, Падышалыктын ишин кубаныч менен аткара беребиз.