Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыныгы байлыкка умтул

Чыныгы байлыкка умтул

«Адилетсиз байлык менен өзүңөргө досторду күткүлө» (ЛК. 16:9).

ЫРЛАР: 122, 129

1, 2. Бул дүйнөдө эмне үчүн жакырлар дайыма болот?

БҮГҮНКҮ күндөгү каржы системасы катаал жана адилетсиз. Көп жаштар жумуш таппай кыйналып келишет. Өмүрүн тобокелге салып, өнүккөн өлкөлөргө көчүп кеткендер да аз эмес. Жакырчылык болсо гүлдөгөн өлкөлөргө чейин кулач жаюуда. Бай менен кедейдин ортосундагы ажырым барган сайын чоңоюп баратат. Акыркы эсептөөлөргө ылайык, жер калкынын 1 пайызын түзгөн эң бай кишилердин байлыгы дүйнө жүзүндөгү жалпы элдин байлыгына тең болуп калды. Муну так айтуу кыйын болсо да, айрымдардын укум-тукумдарына чейин жете тургандай байлыкка ээ экенин, ошол эле учурда миллиарддаган адамдардын жакырчылыктын азабын тартып жатканын эч ким тана албайт. Жан кейиткен бул чындыкты Иса пайгамбар да айтып кеткен. Ал: «Жакырлар дайыма жаныңарда болот»,— деген (Мр. 14:7). Мындай теңсиздиктин себеби эмнеде?

2 Иса учурдагы экономикалык түзүлүш Кудайдын Падышалыгы келмейинче оңолбой турганын жакшы билген. Аян 18:3тө «соодагерлер» катары сүрөттөлгөн коммерциялык түзүлүш, саясий жана диний түзүлүштөр сыяктуу эле, Шайтандын дүйнөсүнүн бир бөлүгүн түзөт. Кудайдын эли саясаттан, жалган динден толук чыкса да, көптөрү үчүн Шайтандын дүйнөсүнүн бир бөлүгү болгон коммерциядан толугу менен чыгуу мүмкүн эмес.

3. Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Кудайдын кызматчылары катары биз коммерциялык түзүлүшкө кандай караарыбызды текшерип турушубуз керек. Ан үчүн мындай суроолор тууралуу ойлонуп көр: «Кудайга ишенимдүү экенимди көрсөтүш үчүн материалдык нерселеримди кантип колдонсом болот? Канткенде коммерцияга азыраак аралашам? Ушундай оор заманда Кудайдын элинин ага толугу менен таянып жатканын кайсы окуялар айгинелеп турат?»

АДИЛ ЭМЕС ЧАРБА БАШКАРУУЧУ ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

4, 5. а) Мисалдагы чарба башкаруучу кандай жагдайга кабылган? б) Иса жолдоочуларына кандай кеңеш берген?

4 Оку: Лука 16:1—9. Иса пайгамбардын адил эмес чарба башкаруучу жөнүндөгү мисалы ой жүгүртүүгө түрткү берет. Башкалар анын кожоюнунун мүлкүн ысырап кылып жатканын айтышканда, ал ишинен бошотулганда жардам бере турган «досторду күтүп», «акылдуулук менен иш кылган» *. Албетте, Иса шакирттерин бул дүйнөдө күн көрүш үчүн адилетсиз иштерди кылууга үндөгүсү келген эмес. Ал андай нерселердин «бул дүйнө түзүлүшүнүн уулдарына» мүнөздүү экенин айткан. Иса ал мисалды айтуу менен жолдоочуларын маанилүү нерсеге үйрөткүсү келген.

5 Ал шакирттеринин көбүнүн, оор акыбалда калган чарба башкаруучудай болуп, жан сакташ үчүн адилетсиздик өкүм сүргөн коммерция дүйнөсүндө иштей турганын билген. Ошол себептен аларга: «Адилетсиз байлык менен өзүңөргө досторду күткүлө. Ошондо алар [Жахаба менен Иса], байлыгыңар түгөнгөндө, силерди түбөлүк турак-жайларга кабыл алышат»,— деген. Мындан эмнеге үйрөнө алабыз?

6. Коммерциянын Кудайдын ой-ниетине кирбегенин кайдан билебиз?

6 Иса байлыкты эмне үчүн «адилетсиз» деп айтканын түшүндүрбөсө да, Ыйык Китептен коммерциянын Кудайдын ой-ниетине кирбегени айкын көрүнүп турат. Жахаба Адам ата менен Обо эненин муктаждыктарын канааттандырыш үчүн Эйден багында баарын мол берген (Башт. 2:15, 16). Кийинчерээк 1-кылымдагы майлангандарга ыйык рух берилген убакта «эч ким өзүнүн мүлкүн меники дебей, бардыгын жалпы колдонушкан» (Элч. 4:32). Андан тышкары, Ышая пайгамбар адамдардын баары жаратылыш байлыктарын акысыз пайдалана турган убак келерин айткан (Ыш. 25:6—9; 65:21, 22). Бирок ага чейин Исанын жолдоочулары «акылдуулук менен иш кылышы» зарыл. Башкача айтканда, жанын багыш үчүн бул дүйнөдөгү «адилетсиз байлыкты» колдонсо да, Кудайга жагууга умтулушу керек.

«АДИЛЕТСИЗ БАЙЛЫКТЫ» АКЫЛДУУЛУК МЕНЕН КОЛДОН

7. Лука 16:10—13-аяттарда кандай кеңеш камтылган?

7 Оку: Лука 16:10—13. Мисалдагы чарба башкаруучу досторду күтүүдө өз пайдасын көздөгөн. Бирок Иса жолдоочуларын асмандан дос күтүүгө, тагыраак айтканда, Жахаба жана Иса менен дос болууга, ошол эле учурда жеке кызыкчылыгын көздөбөөгө үндөгөн. Мисалдан кийинки аяттарда «адилетсиз байлыкты» колдонуу Кудайга ишенимдүү болуу менен байланыштуу экени айтылган. Иса белгилегендей, колубуздагы байлыкты туура пайдалансак, Кудайга ишенимдүү экенибизди далилдейбиз. Кандайча?

8, 9. Адилетсиз байлыкты колдонууда ишенимдүү экенин көрсөтүп жаткан бир туугандар жөнүндө айтып бер.

8 Материалдык нерселерибизди колдонууда ишенимдүү экенибизди көрсөтүүнүн бир жолу — Иса алдын ала айткан бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылуу (Мт. 24:14). Индиядагы бир кичинекей кыз кутучага тыйын чогултуп жүрчү, атүгүл оюнчукка деген акчасын да салчу. Кутуча толгондо, ал акчасын кабар айтуу ишинде колдонууга берген. Кокос өстүргөн талаасы бар дагы бир индиялык ишенимдешибиз малаялам тилиндеги алыскы котормо кеңсесине көп кокос тартуу кылган. Себеби ал бир тууган кеңседегилер баары бир деле кокос сатып алат, ошон үчүн акча бергенге караганда кокостун өзүн бергеним жакшыраак болот деп ойлонгон. Ошентип, ал «акылдуулук менен иш кылган». Грециядагы ишенимдештерибиз да Бейтел үй-бүлөсүнө дайыма зайтун майын, сыр жана башка азык-түлүктөрдү тартуу кылып турушат.

9 Учурда башка өлкөдө жашап жаткан ишенимдешибиз Шри-Ланкадагы үй-жайын жыйналыш жолугушууларын, жыйындарды өткөргөнгө жана толук убакыттагы кызматчыларга жашап турганга берген. Ал бир туугандын мындай курмандыгы жакыр турган жергиликтүү жарчылар үчүн чоң жардам болууда. Ишибизге чектөө коюлган бир өлкөдөгү ишенимдештерибиз да үйлөрүн Падышалык залы катары колдонууга беришет. Мунун аркасында акчасы аз көптөгөн пионерлер менен башка жарчыларга бир топ жеңил болууда.

10. Март болуунун аркасында кандай баталарга ээ болобуз?

10 Жогорудагы мисалдар көрсөтүп тургандай, Кудайдын эли «кичинекей нерседе», тагыраак айтканда, рухий байлыктан төмөн турган материалдык нерселерин колдонууда ишенимдүү экенин далилдеп жатышат (Лк. 16:10). Жахабанын ал достору чалган курмандыктарына кандай карашат? Алар март болуу менен «чыныгы байлыкка» ээ болорун жакшы түшүнүшөт (Лк. 16:11). Падышалыктын ишине дайыма тартуу кылган бир ишенимдешибиз кандай бата алып жатканы тууралуу мындай деген: «Берешен болуунун аркасында бир нече жылдан бери ички дүйнөмдө чоң өзгөрүү болгонун сезип келем. Материалдык жактан март болгон сайын башкаларга мамиле кылууда да март боло баштадым. Мурдагыга караганда башкаларды айкөлдүк менен кечирип, чыдамдуу болуп, көңүл кайттыкка кабылганда туура көз карашта болуп, кеңешти оңой кабыл алып калдым». Ырас, көптөр берешендиктин рухий жактан байытарына ынанышкан (Заб. 112:5; Накыл 22:9).

11. а) Берешен болгонубуз эмне үчүн «акылдуулук менен иш кылууга» жатат? б) Кудайдын элинин арасында акча-каражат кандайча «тең бөлүштүрүлүп» жатат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 «Акылдуулук менен иш кылуунун» дагы бир жолу — колубузда бар нерселерди Падышалыктын ишин алдыга жылдырыш үчүн колдонуу. Алсак, мүмкүнчүлүгүбүздөн пайдаланып, башкаларга жардам берсек болот. Бул дүйнөнүн байлыгына ээ болгон, бирок толук убакыт кызмат кылууга же муктаждык бар жерге көчүп барууга шарты жок бир туугандар салган тартуусу башкалардын кызматын колдоого жумшалып жатканына кубанышат (Накыл 19:17). Ыктыярдуу тартуулар рухий өсүш жогору болгон, бирок жакырчылыктын чеңгелинен чыга албаган өлкөлөрдөгү бир туугандарды адабият менен камсыз кылууга, кабар айтуу ишин илгерилетүүгө сарпталат. Мисалы, көп жылдар бою Конго, Мадагаскар, Руанда сыяктуу жерлерде жашаган ишенимдештерибизге же үй-бүлөсү үчүн азык-түлүк, же Ыйык Китеп сатып алууну тандоого туура келген. Ыйык Китептин баасы айрым учурларда бир жумалык же бир айлык маянага барабар болчу. Көптөр тартуу кылгандыктан жана акча-каражат «тең бөлүштүрүлгөндүктөн», Жахабанын уюму азыр Ыйык Китептин которулушуна жана үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө, чындыкка суусаган кызыгуучуларга жетишине кам көрүүдө. (Оку: 2 Корунттуктар 8:13—15.) Ошентип, бергендер да, алгандар да Жахаба менен дос болууда.

ЖАШООҢДУ ЖӨНӨКӨЙЛӨТ

12. Ыбрайым пайгамбар Кудайга таянарын кантип көрсөткөн?

12 Коммерция дүйнөсүнө азыраак аралашуу жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонуп, чыныгы байлыкка умтулуу Жахаба менен дос болуунун дагы бир жолу болуп саналат. Байыркы убакта жашаган ишеними күчтүү Ыбрайым пайгамбар Жахабага баш ийип, гүлдөгөн Ур шаарын калтырып, чатырларда жашаган жана аны менен болгон достугун бекем сактоону көздөгөн (Евр. 11:8—10). Ал чыныгы байлыктын Булагы болгон Кудайга таянган. Эч качан материалдык нерселерге умтулган эмес. Андай кылса, Кудайга таянбай турганын көрсөтмөк (Башт. 14:22, 23). Иса Машаяк бир бай жигитти ушундай ишенимге ээ болууга үндөп: «Эгерде жеткилең болууну кааласаң, бар да, бүт мал-мүлкүңдү сатып, кедей-кембагалдарга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, менин жолдоочум бол»,— деген (Мт. 19:21). Тилекке каршы, ал жигит Ыбрайымдыкындай ишенимге ээ болгон эмес. Бирок Кудайга толук таянган кишилер арбын болгон.

13. а) Элчи Пабыл Тиметейге кандай кеңеш берген? б) Пабылдын кеңешин кантип колдонсок болот?

13 Ишеними күчтүү ал адамдардын бири — Тиметей. Элчи Пабыл аны «Машаяк Исанын мыкты жоокери» деп атагандан кийин ага: «Жоокер өзүн аскердик кызматка алган башчысына жагууну кааласа, киреше бере турган күндөлүк иштер менен алек болбойт»,— деп жазган (2 Тим. 2:3, 4). Иса пайгамбардын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары, анын ичинде бир миллиондон ашуун толук убакыттагы кызматчы Пабылдын ошол кеңешин колунан келишинче колдонуп жатышат. Алар жарнаманын жана курчап турган дүйнөнүн таасирине алдырбастан: «Карыздар — карыз бергендин кулу»,— деген принципти эсинде бек сакташат (Накыл 22:7). Шайтан биздин анын коммерция дүйнөсүнө кул болуп, бүт убактыбызды, күчүбүздү арнашыбызды көксөйт. Сак болбосок, айрым чечимдерибизден улам бир канча жылга акчанын туткунуна айланып калышыбыз мүмкүн. Буга, маселен, ипотекага заңгыраган үй алуу, контрагы чоң окуу жайына тапшыруу, насыяга кымбат машине алуу, үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүдө ашыкча чыгым болуу себеп болушу ыктымал. Жашообузду жөнөкөйлөтсөк жана карыздарды, чыгымдарды азайтсак, акылдуулук менен иш кылган болобуз. Мунун аркасында коммерциялык түзүлүштүн эмес, Кудайдын кулу боло алабыз (1 Тим. 6:10).

14. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек? Мисал келтир.

14 Дайыма жөнөкөй жашаш үчүн маанилүү нерселерди биринчи орунга коюшубуз керек. Бир жубайлардын өркүндөп-өсүп жаткан өндүрүш ишканасы болгон. Бирок алар кайрадан толук убакыт кызмат кылгысы келгендиктен ишканасын, моторлуу кайыгын жана башка буюм-тайымдарын сатышкан. Анан Уориктеги (Нью-Йорк) башкы башкармалыкты куруу ишине өз ыктыяры менен катышышкан. Алар үчүн кызы, күйөө баласы менен Бейтелде чогуу кызмат кылуу, ошондой эле күйөөсүнүн ата-энеси менен Уориктеги курулушта бир нече жума кызматташуу өзгөчө бата болгон. Колорадодо (АКШ) жашаган бир пионерди да мисалга алалы. Ал банкка толук эмес убакыт иштей турган жумушка орношкон. Анын иштегени жумушундагыларга абдан жаккандыктан, алар үч эсе көп маянага толук убакыт иштөөнү сунуш кылышкан. Бирок андай жумуш кирешелүү болгону менен, кызматтан алаксытмак. Ошол себептен ишенимдешибиз андан баш тарткан. Жогоруда айтылгандар Жахабанын кызматчылары чалган сансыз курмандыктардын айымдары гана. Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюуга чечкиндүү болсок, Кудай менен болгон достугубузду жана рухий байлыкты коммерция дүйнөсү сунуш кылган нерселерден алда канча жогору көрөрүбүздү айгинелейбиз.

БАЙЛЫК ТҮГӨНГӨНДӨ

15. Кайсы байлык зор канааттануу тартуулайт?

15 Байлык сөзсүз эле Жахабанын батасы болуп эсептелбейт. Ал «жакшы иштерге бай болгондорго» батасын берет. (Оку: 1 Тиметей 6:17—19.) Лючия деген бир тууганыбызды мисалга алалы *. Ал Албанияда жарчыларга муктаждык бар экенин укканда, кантип жан багарын билбесе да, Жахабанын кам көрөрүнө толук ишенип, 1993-жылы Италиядан ошол жакка көчүп барган. Лючия бир тууган албан тилин үйрөнүп, 60тан ашуун кишиге чөмүлүүгө жардам берген. Албетте, көбүбүз кызмат кылып жаткан аймактар анчалык жемиштүү эмес. Ошентсе да башкаларга чындык жолун табууга жана ошол жолдо жүрүүгө жардам бериш үчүн кылган ар бир аракетибиз өзүбүз үчүн да, алар үчүн да түбөлүктүү пайда алып келген байлык болот (Мт. 6:20).

16. а) Коммерциялык түзүлүштүн келечеги кандай? б) Келечекте эмне болорун билгенибиз байлыкка болгон көз карашыбызга кандай таасир этиши керек?

16 Иса пайгамбар «[адилетсиз] байлыгыңар түгөнсө» эмес, «түгөнгөндө» деп айткан (Лк. 16:9). Акыркы күндөрдө көптөгөн банктар жана айрым өлкөлөрдүн экономикасы кыйроого учурап жатат. Бирок бул жакында дүйнөлүк масштабда боло турган кыйроого салыштырмалуу эч нерсе болбой калат. Шайтандын бүтүндөй түзүлүшү — саясий, диний жана коммерциялык түзүлүштөр — сөзсүз жок кылынат. Жезекиел менен Сепания пайгамбарлар көптөгөн кылымдардан бери коммерция дүйнөсүнүн негизги баалуулугу болуп келаткан алтын менен күмүштүн сокур тыйынга да арзыбай каларын алдын ала айтышкан (Жез. 7:19; Сеп. 1:18). Өмүрүбүздүн акырында артка кылчая карап, бул дүйнөдөгү «адилетсиз байлыкты» чыныгы байлыктан артык көрүп, арзыбаган нерсеге умтулуп келгенибизди түшүнсөк, кандай сезимде болот элек? Андайда өзүбүздү бүт өмүрүн акча топтоого арнап, акырында жыйган акчасынын баары жасалма экенин түшүнгөн кишидей сезмек болушубуз керек (Накыл 18:11). Ооба, адилетсиз байлык акыры жок болот, ошондуктан аны асмандан «досторду күтүү» үчүн колдонуп кал. Жахабанын Падышалыгы үчүн эмнелерди кылбайлы, алардын аркасында рухий жактан байыйбыз.

17, 18. Кудайдын досторун эмне күтүп турат?

17 Кудайдын Падышалыгы келгенде, ипотека, ижара аттуулардын баары жоюлат, тамак-аш бекер, мол болот, дарылануу дегенди унутабыз. Жахабанын достору жерден өндүрүлгөн нерселердин эң жакшысын пайдаланышат. Алтын, күмүш, асыл таштар акча айлантуу үчүн же байлыкты сактоо үчүн эмес, жасалга катары гана колдонулуп калат. Кооз үйлөрдү курууга керектүү жогорку сапаттагы жыгачтар, таштар, металлдар бекер болот. Досторубуз акы үчүн эмес, чын жүрөктөн каалагандыктан жардам беришет. Жер байлыктарын баарыбыз бирдей пайдаланабыз.

18 Булар — асмандан дос күткөндөргө бериле турган баа жеткис мурастын бир эле бөлүгү. Иса: «Атамдан бата алгандар, келгиле, дүйнө негизделгенден бери силер үчүн даярдалган Падышалыкты мурастагыла»,— деп айтканда, Жахабанын жердеги кызматчылары чексиз кубанычка бөлөнүшөт (Мт. 25:34).

^ 4-абз. Иса пайгамбар чарба башкаруучуга тагылган айыптын негиздүү же негизсиз болгонун айткан эмес. Лука 16:1деги «айтышты» деп которулган грек сөзү жалаа жабылганын да билдириши мүмкүн. Иса чарба башкаруучунун эмне үчүн ишинен бошотулганына эмес, кандай иш-аракет кылганына басым жасаган.

^ 15-абз. Лючия Муссанеттин өмүр баяны төмөнкү журналга чыккан: «Ойгонгула!», 2003-жыл, 22-июнь, 18—22-беттер, ор.