Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ким Жахаба тарапта»?

«Ким Жахаба тарапта»?

«Жахаба Кудайыңдан корк, ага гана кызмат кылып, ага ишенимдүү бойдон кал» (МЫЙЗ. 10:20).

ЫРЛАР: 28, 32

1, 2. а) Жахаба тарапта болгонубуз эмне үчүн акылдуулукка жатат? б) Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

ЖАХАБА менен ынак болгонубуз акылдуулукка жатат. Себеби андан күчтүү, акылдуу, мээримдүү эч ким жок. Баарыбыз эле дайыма анын тарабында болгубуз келет (Заб. 96:4—6). Анткен менен Кудайдын кээ бир кызматчылары анын тарабын ээлеш керек болгон жагдайларда туура эмес иш кылышкан.

2 Бул макалада Жахабага сыйынып жатам деп, бирок ошол эле учурда ага жакпаган иштерди кылган айрым кишилер жөнүндө талкуулайбыз. Ал билдирүүлөрдөн Жахабага толук берилгендик сактоого жардам бере турган маанилүү нерселерге үйрөнөбүз.

ЖАХАБА ЖҮРӨКТӨРДҮ ИЗИЛДЕЙТ

3. Жахаба Кабылга эмне үчүн кайрылган жана ага эмне деген?

3 Кабылды мисалга алалы. Ал Жахабага гана сыйынган. Бирок анын сыйынуусу Кудайга жаккан эмес. Анткени жүрөгүнүн түпкүрүндө жамандыктын уругу тамыр ала баштаган (1 Жкн. 3:12). Жахаба ага кайрылып: «Эгер жакшы иш кылсаң, сени жактырбай коёмбу? Жакшы иш кылбасаң, анда босогоңдо күнөө аңдып жатат. Ал сени кармап алгысы келип жатат, сен ага үстөмдүк кыласыңбы?» — деп айткан (Башт. 4:6, 7). Ал Кабылга, мындайча айтканда: «Эгер өкүнүп, мен тарапта бекем турсаң, мен да сен тарапта болом»,— деген.

4. Жахаба тарапты ээлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, Кабыл эмне кылган?

4 Кабыл ой жүгүртүүсүн оңдогондо гана кайрадан Жахабанын ырайымына ээ болмок. Тилекке каршы, ал кеңешти укпай койгон. Туура эмес ой жүгүртүүсү жана өзүмчүл каалоосу аны жаман ишке түрткөн (Жкп. 1:14, 15). Жаш кезинде ал Жахабага каршы чыгам деп такыр ойлобосо керек. Бирок убакыттын өтүшү менен оюна келбеген нерсени кылган, тактап айтканда, Кудайга каршы чыгып, бир тууганын өлтүрүп койгон!

5. Кандай ой жүгүртүүдөн улам Жахабага жакпай калышыбыз мүмкүн?

5 Кабылга окшоп, бүгүнкү күндө да айрымдар Жахабага сыйынам деп айтып, бирок ошол эле учурда жаман иш кылып жүрүшү мүмкүн (Жүй. 11). Мисалы, кимдир бирөө адеп-ахлаксыз нерселерди элестете бериши, ач көздүккө жаткан ойлорду өрчүтүшү же ишенимдешин жек көрүп жүрүшү ыктымал (1 Жкн. 2:15—17; 3:15). Мындай нерселер күнөөгө алып барат. Ал кызматка жигердүү катышып, жыйналышка дайыма келиши мүмкүн. Башкалар анын эмне жөнүндө ойлонуп, эмне иш кылып жатканын билбесе да, Жахаба баарын көрүп турат жана анын тарабын чын жүрөктөн ээлеп жаткан-жатпаганын билет. (Оку: Жеремия 17:9, 10.)

6. Жахаба күнөөгө түртө турган каалоолорубузга «үстөмдүк кылууга» кантип жардам берет?

6 Ошондой болсо да, Жахаба бизди дароо эле четке кагып койбойт. Ал андан алыстап кеткендерди: «Мага кайрылып келгиле, ошондо мен да силерге кайрылам»,— деп чакырат (Мал. 3:7). Өзгөчө, алсыздыктарыбыз менен күрөшүү кыйын болуп жатканда, Жахаба жамандыкты четке кагышыбызды каалайт (Ыш. 55:7). Ошентсек, ал биз тарапта туруп, күнөөгө түртө турган каалоолорубузга «үстөмдүк кыла» алышыбыз үчүн, рухий, эмоциялык жактан колдоо көрсөтөт жана дем-күч берет (Башт. 4:7).

«АЛДАНБА»

7. Сулайман эмнеден улам Жахаба менен ынак мамиледе болбой калган?

7 Сулайман падыша жөнүндөгү билдирүүдөн көп нерсеге үйрөнө алабыз. Жаш кезинде ал ар убак Жахабадан жетекчилик издечү. Жахаба ага зор акылмандык берген жана Иерусалимдеги заңгыраган ибадаткананы куруу ишин тапшырган. Бирок Сулайман Жахаба менен болгон мамилесин бузуп алган (1 Пад. 3:12; 11:1, 2). Кудайдын Мыйзамына ылайык, «жүрөгү бузулбашы үчүн», еврей элинин падышалары «көп аял албашы» керек болчу (Мыйз. 17:17). Сулайман бул буйрукка баш ийбей, 700 аял, 300 токол алган (1 Пад. 11:3). Аялдарынын көбү жалган кудайларга сыйынган бөтөн жерликтер болгон. Ошентип, ал Кудайдын башка элдерден аял албоого карата берген буйругун да бузган (Мыйз. 7:3, 4).

8. Сулайман Жахабаны канчалык капаланткан?

8 Сулайман падыша Жахабанын талаптарын бузуп отуруп, акыры чоң күнөөгө баткан. Ал Астарта деген аял кудайга жана Кемос деген дагы бир жалган кудайга арнап курмандык жайларын курган. Анан аялдарына кошулуп, ошол жерлерде жалган кудайларга сыйынган. Болгондо да, ал курмандык жайларын ошончо жердин ичинен өзү Жахабанын ибадатканасын салган Иерусалимдин так маңдайындагы тоого курган (1 Пад. 11:5—8; 2 Пад. 23:13). Сыягы, Сулайман ибадатканада да курмандыктарды чалып жүргөндүктөн Жахаба туура эмес иштериме көз жумуп коёт деп ойлоп, өзүн алдаса керек.

9. Сулаймандын Кудайдын эскертүүсүнө кулак какпаганынын натыйжасы кандай болгон?

9 Жахаба күнөөгө эч качан көз жумбайт. Ыйык Китепте мындай делет: «Сулайман өзүнө эки жолу көрүнгөн... Жахабадан четтеп кеткендиктен, Жахаба ага каарданды. Жахаба ага башка кудайларга сыйынбашы керектигин айткан болчу, бирок ал анын буйругуна баш ийбей койду». Натыйжада ал Жахаба Кудайдын жактыруусунан да, колдоосунан да айрылган. Ал эми анын мураскорлору бүтүндөй ысрайыл элине эмес, эки эле урууга падышалык кылып калышкан жана жүздөгөн жылдар бою көптөгөн азаптарга дуушар болушкан (1 Пад. 11:9—13).

10. Жахаба менен болгон мамилебизге эмне коркунуч туудурат?

10 Сулаймандын окуясы көрсөтүп тургандай, рухийлигибизге чоң коркунуч туудурган нерселердин бири — Жахабанын нормаларын түшүнбөгөндөр же баалабагандар менен достук мамиле өрчүтүү. Алардын айрымдары жыйналышка келип жүрүшү, бирок рухий жактан алсыз болушу мүмкүн. Башкалары Жахабага кызмат кылбаган туугандарыбыз, кошуналарыбыз, чогуу иштешкендерибиз же классташтарыбыз болушу ыктымал. Кандай болбосун, жакын мамиледеги адамдарыбыз Ыйык Китептеги нормаларды баалабаса, бара-бара алардын айынан Кудай менен болгон мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн.

Чөйрөң Жахаба менен болгон мамилеңе кандай таасир этүүдө? (11-абзацты кара)

11. Ким менен мамилелешсе болорун аныктоого эмне жардам берет?

11 Оку: 1 Корунттуктар 15:33. Көптөгөн адамдардын айрым жакшы сапаттары бар жана Жахабага сыйынбагандардын көбү аябай жаман иштерди кылбайт деле. Эгер сен мамилелешкен адамдар ушундай болсо, аларды жакшы чөйрө деп ишенимдүү түрдө айта аласыңбы? Алар Жахаба менен болгон мамилеңе кандай таасир этет? Аны жакшыртууга жардам беришеби? Алардын жүрөгүндө эмне бар? Маселен, алар дайыма эле мода, акча, электрондук каражаттар, көңүл ачуу же дагы башка материалдык нерселер тууралуу сүйлөшпөйбү? Башкаларды көп сындап, адепсиз тамашаларды көп айтышпайбы? Иса пайгамбар: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деп таамай айткан (Мт. 12:34). Эгер мамилелешкен адамдарың Жахаба менен болгон достугуңа коркунуч туудуруп жатса, алар менен болгон байланышыңды чектегениң, зарыл болсо, таптакыр эле үзгөнүң маанилүү (Накыл 13:20).

ЖАХАБА ТОЛУК БЕРИЛГЕНДИКТИ ТАЛАП КЫЛАТ

12. а) Ысрайылдыктар Мисирден чыккандан көп өтпөй, Жахаба эмнени айкын көрсөткөн? б) Жахаба толук берилгендикти талап кыларын айтканда, ысрайыл эли кандай жооп кайтарган?

12 Ысрайылдыктар Мисирден чыккандан көп өтпөй болгон окуялардан да маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз. Ысрайыл эли Синай тоосунун этегине чогулган. Ал жерден Жахаба өзүнүн алардын арасында экенин айдан ачык көрсөткөн. Кереметтүү түрдө кара булут пайда болуп, Жахаба күн күркүрөтүп, чагылган чартылдатып, түтүн пайда кылган. Ошондой эле сурнайдыкындай болгон үн улам катуулай берген (Чыг. 19:16—19). Анан Жахаба өзүнүн «толук берилгендикти талап кылган Кудай» экенин жарыялаган. Ал ысрайылдыктарды аны сүйүп, осуяттарын аткаргандарга берилгендик көрсөтөрүнө ынандырган. (Оку: Чыгуу 20:1—6.) Мындайча айтканда, аларга: «Эгер мен тарапта болсоңор, мен да силер тарапта болом»,— деген. Жахабанын берилгендик көрсөтөм деп убада бергенин уксаң, эмне кылат элең? Сен да ысрайылдыктардай жооп бермектигиң шексиз. Алар «бир добуштан: „Жахаба айткандардын баарын аткарабыз“,— дешкен» (Чыг. 24:3). Бирок көп узабай эле алардын берилгендиги күтүлбөгөн жерден сыналган.

13. Ысрайылдыктардын берилгендиги эмнеден улам сыналган?

13 Кара булут каптап, чагылган чартылдаганда жана жүрөктү солкулдаткан дагы башка жышаандар болгондо, ысрайылдыктарды коркунуч баскан. Ошондо Муса пайгамбар элдин суранычы боюнча Синай тоосунда алардын атынан Жахаба менен сүйлөшкөн (Чыг. 20:18—21). Ал тоого чыгып, ошол жакта көпкө чейин болгон. Ошондуктан эл өздөрүн чөлдө жол башчысы жок калгандай сезген. Алар эмне кылышкан? Сыягы, ысрайылдыктар өздөрү көрүп жүргөн кишиге, Муса пайгамбарга, өтө эле таянып алган көрүнөт. Ошол себептен катуу тынчсызданып, Арунга: «Бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер, анткени бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусаңдын эмне болгонун билбейбиз»,— дешкен (Чыг. 32:1, 2).

14. Ысрайылдыктар өздөрүн кантип алдашкан жана Жахаба алардын кылганына кандай жооп кайтарган?

14 Ысрайыл эли бурканга табынуу Жахабага каршы жасалган олуттуу күнөө болорун жакшы билчү (Чыг. 20:3—5). Ошого карабай бат эле алтын музоого сыйына башташкан! Кудайдын мыйзамын ачык бузуп жатышса да, алар дагы деле Жахаба тараптабыз деп өздөрүн өздөрү алдашкан. Атүгүл Арун музоого сыйынууну «Жахабага арналган майрам» деп атаган. Ошондо Жахаба эмне кылган? Ал өзүнө чыккынчылык кылынгандай сезип, Мусага: «Эл бузулду. Мен буйрук кылган жолдон алар бат эле чыгып кетишти»,— деп айткан. Ал тургай, каары кайнап, жаңы уюшулган ысрайыл элин жок кылып салгысы келген (Чыг. 32:5—10).

15, 16. Муса менен Арун Жахаба тарапта экенин кантип көрсөтүшкөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

15 Бирок Жахаба кайра элин жок кылбоону чечкен. Ал ырайым кылгандыктан, ишенимдүү кызматчыларына анын тарабын ээлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн (Чыг. 32:14). Элдин жосунсуз жоругун: музоонун алдында кыйкырып, ырдап, бийлеп жатканын көрүп, Муса пайгамбар ал бурканды майда кылып талкалап салган. Анан: «Ким Жахаба тарапта болсо, менин жаныма келсин!» — деген. «Ошондо анын жанына Лебинин бүт уулдары чогулган» (Чыг. 32:17—20, 26).

16 Башында буркан жасоого катышса да, Арун өкүнүп, башка лебилер менен бирге Жахабанын тарабын ээлеген. Ишенимдүү ал кишилер Жахабанын тарабын ээлеп эле тим болбостон, күнөөкөрлөрдөн бөлүнүшкөн. Бул акылдуулукка жаткан, себеби бурканга табынганы үчүн ошол күнү миңдегендер өмүрүнөн айрылган. Ал эми Жахаба тараптагылар аман калышкан жана аларга бата берилери убада кылынган (Чыг. 32:27—29).

17. Элчи Пабылдын алтын музоо жөнүндө айткандарынан эмнеге үйрөнсөк болот?

17 Элчи Пабыл алтын музоо жөнүндөгү билдирүүнү сөз кылып, мындай деген: «Бул бизге сабак болуп калды. Кээ бирлерине окшоп бурканга табынбагыла... Алардын башынан өткөндүн баары... дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган. Ошондуктан ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун» (1 Кор. 10:6, 7, 11, 12). Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, атүгүл Кудайдын чыныгы кызматчылары да жаман иштерди кылышы мүмкүн. Азгырыкка алдырган киши дагы деле Жахаба менен жакшы мамиледемин деп ойлошу ыктымал. Бирок адамдын Жахаба менен дос болууну жөн эле каалап койгону же ага берилгендик сактайм деп айтып эле койгону анын Жахабанын жактыруусуна ээ экенин билдирбейт (1 Кор. 10:1—5).

18. Жахабадан алыстап кетишибизге эмне себеп болушу мүмкүн жана мунун кесепети кандай болот?

18 Муса Синай тоосунан көпкө чейин түшпөй жатканда, ысрайылдыктардын аябай тынчы кеткен. Ошол сыяктуу эле, Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да, анын сот күнү жана жаңы заман кечигип жаткандай сезилгенде, тынчсызданышы мүмкүн. Кудай убада кылган ал нерселердин аткарыларына али көп бардай же аларга ишенүү кыйындай сезилиши ыктымал. Сак болбосок, мындай ой жүгүртүү Кудайдын эркин эмес, денелик каалоолорубузду биринчи орунга коюуга алып келет. Убакыттын өтүшү менен Жахабадан алыстап, рухий жактан күчтүү кезибизде эч качан кылбайм деп ойлогон иштерди кыла башташыбыз этимал.

19. Кайсы маанилүү нерсени эстен чыгарбашыбыз керек жана эмне үчүн?

19 Жахабанын бизден чын жүрөктөн баш ийүүнү жана ага толук берилгендик сактоону талап кыларын эч качан унутпашыбыз керек (Чыг. 20:5). Эгер Жахабанын эркине каршы келген иштерди кылсак, Шайтандын эркин аткарган болобуз. Бул болсо каргашага гана алып барат. Андыктан элчи Пабыл: «Силер бир эле учурда Жахабанын да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар; бир эле учурда „Жахабанын дасторконунан“ да, жиндердин дасторконунан да тамактана албайсыңар»,— деп эскерткен (1 Кор. 10:21).

ЖАХАБАДАН ЭЧ КАЧАН АЛЫСТАБА

20. Жахаба бизге жаза басып алганыбызда да кантип жардам берет?

20 Ыйык Китептеги Кабыл, Сулайман жана Синай тоосундагы ысрайылдыктар жөнүндөгү билдирүүлөрдүн бир жалпылыгы бар. Алардын баарына өкүнүп, Кудайга кайрылууга мүмкүнчүлүк берилген (Элч. 3:19). Ооба, Жахаба жаза басып алгандарды дароо эле четке кагып койбойт. Мисалы, ал Арунга ырайым кылган. Бүгүнкү күндө Жахаба бизге Ыйык Китептеги билдирүүлөр, ага негизделген адабияттар же ишенимдешибиз аркылуу эскертиши мүмкүн. Эгер кулак каксак, анын бизге ырайым кыларынан шектенбесек болот.

21. Жахабага болгон берилгендигибиз сыналганда, эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

21 Кудай бизге ырайым кылганда белгилүү бир максатты көздөйт (2 Кор. 6:1). Башкача айтканда, «ыймансыздыкты, дүйнөнүн каалоолорун четке кагууга» мүмкүнчүлүк берет. (Оку: Тит 2:11—14.) «Азыркы дүйнөдө» жашап жаткандыктан биз Жахабага толук берилгендик көрсөтөр-көрсөтпөсүбүз сыналган жагдайларга кабылабыз. Эмесе, дайыма Жахабанын тарабында бекем турууга чечкиндүү бололу. Анткени биз андан гана коркуп, «ага гана кызмат кылып, ага ишенимдүү бойдон калышыбыз» керек (Мыйз. 10:20).