Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Ыйык Китептин доорунда түрмөктөр эмнеден жасалган жана кантип колдонулган?

Эстер китеби жазылган булгаары жана пергамент түрмөктөр, б. з. 18-кылымы

Луканын инжилинде Иса Машаяктын Ышая пайгамбардын түрмөгүн алып, аны окуп, кайра түрүп койгону жазылган. Иса Машаяктын Жакан деген шакирти да түрмөк жөнүндө сөз кылган. Өзү жазган инжилдин аягында ал Исанын көрсөткөн кереметтеринин баары анын түрмөгүнө батмак эместигин жазган (Лука 4:16—20; Жакан 20:30; 21:25).

Түрмөктөр эмнеден жасалчу? Тери, пергамент же папирус сыяктуу материалдардын бөлүктөрү бири-бирине узун тасма сыяктуу бириктирилчү. Анан текст жазылган бети ичине каратылып таякчага оролчу. Текст кууш тилке болуп жазылчу. Узун түрмөктөрдүн эки башында тең таякчалары боло турган. Андай түрмөктү окуп жаткан киши керектүү жерди табыш үчүн бир колу менен түрмөктү жазып, экинчи колу менен түрө берчү.

Ыйык Жазма жөнүндөгү бир сөздүктө: «Түрмөктүн артыкчылыгы, толук бир китепти камтыгыдай узун болсо да (көбүнчө 10 метрдей), орогондо көлөмү кичинекей эле болуп калганында болгон»,— деп жазылган. Маселен, Луканын Инжили жазылган түрмөктүн узундугу 9,5 метр болмок деп божомолдонот. Кээде түрмөктөрдүн өйдөңкү-ылдыйкы кырын түздөп кесип, пемза (тоо теги) менен сүрүп жылмалап, боёп коюшчу.

Грек Жазмаларында сөз кылынган жогорку дин кызматчылар кимдер болушу мүмкүн эле?

Ысрайылда башында башкы дин кызматчылыкка бир эле киши дайындалчу жана милдетин көзү өткүчө аткарчу (Сандар 35:25). Башкы дин кызматчылардын эң биринчиси Арун болгон. Башкы дин кызматчылык милдет атасынан тун уулуна өтүп турган (Чыгуу 29:9). Арундун урпактарынын көбү дин кызматчы болушкан, бирок айрымдары гана башкы дин кызматчы болушкан.

Ал эми ысрайыл элине башка эл үстөмдүк кыла баштаганда, алардын бийлик башчылары ысрайылдык башкы дин кызматчыларды каалагандай дайындап, каалагандай кызматынан бошотчу. Бирок башкы дин кызматчылыкка тандалгандар көбүнесе ошондой кызматты аткаруу сыймыгына ээ болгон үй-бүлөлөрдүн арасынан, Арундун тукумдарынан, тандалса керек. «Жогорку дин кызматчылар» деген сөз айкашы дин кызматчылыктын негизги мүчөлөрүнө карата колдонулган. Аларга дин кызматчылардан турган 24 топтун башчылары, башкы дин кызматчы болууга укуктуу үй-бүлөлөрдүн көрүнүктүү мүчөлөрү жана Анаска окшоп башкы дин кызматчылыктан бошотулгандар кирген көрүнөт (1 Жылнаама 24:1—19; Матай 2:4; Марк 8:31; Элчилер 4:6)