Кудайды таанып-билип, аны менен дос болуудан кандай пайда аласыңар?
Буга чейинки макалалардан: «Кудай деген ким?» — деген суроого кененирээк жооп алдык. Ыйык Китептен анын ысмы Жахаба экенин, эң негизги сапаты сүйүү экенин билдик. Ошондой эле адамзаттын жыргалчылыгы үчүн эмнелерди кылганын, келечекте дагы эмнелерди кыларын да талкууладык. Бирок Кудай жөнүндөгү билимдин чеги жок. Балким, силер Кудай тууралуу дагы көбүрөөк билүүнүн кандай пайдасы бар деп ойлонуп жаткандырсыңар.
Жахаба аны «издегендер» сөзсүз «табарын» убада кылган (1 Жылнаама 28:9). Эгер Кудайды издеп, аны таанып-билсеңер, баа жеткис байлыкка — Жараткан менен болгон «ынак мамилеге» — ээ болосуңар (Забур 25:14). Бул силерге кандай пайда алып келет?
Чыныгы бакыт. Ыйык Китепте Жахабанын «бактылуу Кудай» экени айтылат (1 Тиметей 1:11). Аны менен дос болуп, андан үлгү алсаңар, чындап бактылуу болосуңар. Бул болсо эмоциялык абалыңарга, ден соолугуңарга, ой жүгүртүүңөргө жакшы таасир этет (Забур 33:12). Ошондой эле зыяндуу иштерден кача аласыңар, туура адаттарды өрчүтөсүңөр жана башкалар менен жакшы мамиледе болосуңар. Бул да бактылуу болушуңарга шарт түзөт. Мунун аркасында: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы»,— деп айткан пайгамбардын сезимин толук түшүнөсүңөр (Забур 73:28).
Кудайдын камкордугу. Жахаба кызматчыларына: «Кеңеш берем, сенден көзүмдү албайм»,— деп убада берген (Забур 32:8). Бул анын ар бир кызматчысына кам көрөрүн, муктаж болгон нерселер менен камсыз кыларын билдирет (Забур 139:1, 2). Жахаба Кудай менен ынак мамиле өрчүтсөңөр, анын жардамга келүүгө дайым даяр экенин сезесиңер.
Жаркын келечек. Кудай азыртадан эле бактылуу жана маңыздуу жашоо өткөрүүгө көмөк кылгандан сырткары, кереметтүү келечекке үмүт берүүдө (Ышая 48:17, 18). Анын Сөзүндө: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп айтылган (Жакан 17:3). Азыркы коогалаңдуу учурда Кудай берген ошол үмүт кеме казык сыяктуу бизге бекем болууга жардам берет (Еврейлер 6:19).
Жогоруда саналгандар Кудайды жакшыраак таанып-билүү жана аны менен дос болуу зарыл экенин көрсөткөн маанилүү себептердин айрымдары гана. Биз силерди көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылууга же jw.org/ky сайтына кирип көрүүгө чакырабыз.