Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай эмнелерди кылган?

Кудай эмнелерди кылган?

Кимдир бирөөнү жакшыраак билүүгө анын эмнелерди кылганы, кандай кыйынчылыктарды жеңгени жөнүндө билүү да жардам берет. Кудайды жакшыраак таанып-билиш үчүн да анын мурда эмнелерди кылганын билүү маанилүү. Кудайдын азыр жана келечекте бактылуу болушубуз үчүн канчалык көп нерселерди кылганын билгениңерде таң каларыңар шексиз.

КУДАЙ БААРЫН БИЗ ҮЧҮН ЖАРАТКАН

Жахаба Кудай — Улуу Жаратуучу. «Анын көзгө көрүнбөгөн сапаттары... дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот» (Римдиктер 1:20). «Ал жерди кудурети менен жараткан, түшүмдүү жерди акылмандыгы менен бекем орноткон, асманды акылы менен жайган» (Жеремия 10:12). Табияттын кереметтүү жаратылганы Кудайдын бизге кам көрөрүнөн да кабар берип турат.

Анын бизди «өзүнө окшош кылып жаратып» жашообузду канчалык кызыктуу кылганын ойлонуп көрсөңөр (Башталыш 1:27). Бул биздин анын теңдешсиз сапаттарын кандайдыр бир деңгээлде чагылдыра алгыдай кылып жаратылганыбызды билдирет. Кудай бизди ал жөнүндө билүүгө, көз карашын, нормаларын түшүнүүгө жөндөмдүү кылган. Эгер дайыма анын көз карашына, нормаларына ылайык иш кылсак, жашообуз ары кубанычтуу, ары маңыздуу болот. Баарынан маанилүүсү, Кудай бизге аны менен мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Жердеги нерселерден Кудайдын биздин жыргалчылыгыбызды ойлоорун биле алабыз. Мисалы, Ыйык Китепте: «[Кудай] кылган жакшылыктары менен өзү жөнүндө күбөлөндүрө берген: ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген»,— деп жазылган (Элчилер 14:17). Кудай эптеп эле күн көрүшүбүздү эмес, ырахат алып жашашыбызды каалагандыктан дүйүм жемиштерди жана башка нерселерди мол берген. Бирок анын адамзатка карата болгон ой-ниети ушулар менен эле чектелген эмес.

Жахаба жерди адамдар анда түбөлүк жашай алгыдай кылып жараткан. Ыйык Китепте анын «жерди... адам баласына бергени» жана аны «куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жаратканы» айтылат (Забур 115:16; Ышая 45:18). Жерде кандай адамдар жана канча убакытка жашамак? Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— делет (Забур 37:29).

Жахаба алгачкы түгөйлөрдү, Адам ата менен Обо энени, жаратып, жер бетиндеги бейишке «аны иштетсин, карасын деп жайгаштырган» (Башталыш 2:8, 15). Ал аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле»,— деп кызыктуу тапшырма берген (Башталыш 1:28). Демек, Адам ата менен Обо эне жер бетинде түбөлүктөн түбөлүккө бактылуу өмүр сүрүшмөк. Тилекке каршы, алар Кудайга баш ийбей, «жерди мураска ала турган» «адил адамдардын» арасында болуу сыймыгынан кол жууп калышкан. Бирок бул Жахабанын адамзатка жана жерге карата болгон ой-ниетине таасир эткен эмес. Келгиле, анын дагы эмне кылганына токтололу.

КУДАЙ ӨЗҮНҮН СӨЗҮН ЖАЗДЫРГАН

Ыйык Китеп көптөргө Кудайдын Сөзү деп да белгилүү. Жахаба Ыйык Китепти эмне үчүн берген? Негизинен, аны адамдар ал жөнүндө билим алышы үчүн жаздырган (Накыл сөздөр 2:1—5). Албетте, Ыйык Китепте Кудайга байланыштуу суроолордун баарына жооп жазылган эмес. Андай китеп деги эле жок (Насаатчы 3:11). Бирок Ыйык Китептеги маалыматтын баары Кудай жөнүндө билүүгө жардам берет. Алсак, анын өзүнүн кызматчыларына кылган мамилеси жөнүндө жазылгандардан кандай Кудай экенин биле алабыз. Ыйык Китептен ага кандай адамдар жагарын, кандай адамдар жакпай турганын да билүүгө болот (Забур 15:1—5). Ошондой эле сыйынууга, адеп-ахлактуулукка жана материалдык нерселерге карата болгон көз карашын да биле алабыз. Андан сырткары, Ыйык Китепте Кудайдын Уулунун a — Иса Машаяктын — сөздөрү, иштери жазылган. Аларды изилдөөнүн аркасында Жахабанын өзү жөнүндө көп нерсени терең түшүнүүгө болот (Жакан 14:9).

Жахаба өзүнүн Сөзүн дагы бир себептен улам, тактап айтканда, бизге бактылуу, маңыздуу жашоо өткөрүүгө жардам бериш үчүн жаздырган. Ыйык Китепте бактылуу үй-бүлө курууга, колдо бар нерсеге ыраазы болууга, тынчсызданууларды жеңүүгө байланыштуу кеңештер камтылат. Андан тышкары, кийинчерээк талкуулана тургандай, Ыйык Китепте: «Эмне үчүн азап-кайгы көп? Келечегибиз кандай болот?» — деген сыяктуу маанилүү суроолордун жообу бар. Ошондой эле андан Кудай өзүнүн баштапкы ой-ниетин ишке ашырыш үчүн эмнелерди кылганын да биле алабыз.

Ыйык Китеп дагы башка көп жактардан өзгөчө китеп. Аны 1600 жылдан ашык убакыттын ичинде 40ка жакын киши жазса да, негизги темасы өзгөргөн эмес. Себеби анын чыныгы Автору — Кудай (2 Тиметей 3:16). Башка байыркы китептерден айырмаланып, ал бүгүнкү күнгө чейин өзгөрүүсүз сакталган. Муну миңдеген кол жазмалар далилдеп турат. Канчалагандар аны которууга, таратууга, окууга катуу тыюу салышса да, андан эч кандай майнап чыккан эмес. Бүгүнкү күндө Ыйык Китеп эң эле кеңири тараган, эң көп тилге которулган китеп болуп эсептелет. Анын дагы деле колдонулуп жатканы — «Кудайыбыздын сөзү түбөлүккө каларынын» айкын далили (Ышая 40:8).

ОЙ-НИЕТИ АТКАРЫЛАРЫНА КЕПИЛДИК БЕРГЕН

Кудайдын кереметтүү иштеринин дагы бири — адамзатка байланышкан ой-ниети ишке ашарына кепилдик бериш үчүн өзгөчө чара көргөнү. Жогоруда айтылгандай, ал адамдардын жерде түбөлүк жашашын каалаган. Бирок Адам ата Кудайдын тилин албай, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн өзү эле эмес, урпактары да айрылып калган. Ыйык Китепте: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— деп жазылган (Римдиктер 5:12). Адам ата күнөө кылганда, Кудайдын ой-ниети ишке ашпай калгандай сезилген. Бирок ал эмне кылган?

Ошол жагдайда да Жахаба өзүнүн кереметтүү сапаттарын көрсөткөн. Ал Адам ата менен Обо энени тил албастыгы үчүн адилеттүү түрдө жоопко тарткан, ал эми алардын болочок урпактарынын жыргалчылыгы үчүн сүйүүсү менен чара көргөн. Акылмандыгынан улам ал пайда болгон жагдайды кантип оңдоорун чечип, чечимин дароо жарыялаган (Башталыш 3:15). Кудай адамзатты күнөө менен өлүмдөн өзүнүн Уулу Иса Машаяк аркылуу куткарууну туура көргөн. Бул үчүн ал кандай иш-аракеттерди кылган?

Бизди Адам атанын күнөөсүнүн кесепетинен куткарыш үчүн Жахаба Исаны жерге жиберген. Иса пайгамбар адамдарды Кудайга жаккандай жашоого үйрөткөн, ошондой эле «көптөр үчүн жанын кун катары берген» b (Матай 20:28; Жакан 14:6). Иса Машаяк Адам атадай жеткилең болгондуктан өз өмүрүн берип, кун төлөй алган. Бирок андан айырмаланып, ал өлүм менен беттешкенде да Кудайга баш ийген. Ал күнөөсүз болгондуктан, Жахаба аны асмандагы жашоого тирилткен. Мунун аркасында Иса Адам ата кылышы керек болгон нерсени кылган, башкача айтканда, адамдарга түбөлүк өмүр сүрүүгө жол ачкан. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Бир адамдын тил албастыгынан көптөр күнөөкөр болгондой эле, бир адамдын тил алчаактыгынан көптөр адил болушат»,— деп айтылган (Римдиктер 5:19). Ооба, Исанын куткаруу курмандыгы аркылуу Кудай адамзат жер бетинде түбөлүк жашайт деген убадасын аткарат.

Жахабанын Адам атанын баш ийбестигинен улам пайда болгон жагдайды кантип оңдогонунан ал тууралуу көп нерсени билүүгө болот. Маселен, Жахабага баштаган ишин аягына чыгарууга эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Ал эмнени айтса, «ошону ишке ашырат» (Ышая 55:11). Ошондой эле анын адамдарга болгон сүйүүсү канчалык күчтүү экени көрүнүп турат. Ыйык Китепте мындай делет: «Кудай өзүнүн жалгыз Уулун, ал аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ушундай жол менен ал бизге сүйүү көрсөткөн. Сүйүү биздин Кудайга болгон сүйүүбүздөн эмес, Кудайдын бизге көрсөткөн сүйүүсүнөн, күнөөлөрүбүздү жууп, өзү менен элдештире турган курмандык катары өз Уулун жибергенинен көрүнгөн» (1 Жакан 4:9, 10).

Эгер Кудай «өз Уулун аябай, аны баарыбыз үчүн берсе», анда анын өзү убада кылган «башка нерселерди да тартуулай» турганына бекем ишенсек болот (Римдиктер 8:32). Кудай биз үчүн эмнелерди кылууну убадалайт? Ал тууралуу кийинки макаладан биле аласыңар.

КУДАЙ ЭМНЕЛЕРДИ КЫЛГАН? Ал адамдарды жер бетинде түбөлүк жашашы үчүн жараткан. Өзү жөнүндө билишибиз үчүн Ыйык Китепти жаздырган. Өзүнүн ой-ниетин аткарыш үчүн Иса Машаякты кун катары берген

a Исаны Кудай өзү жалгыз жараткандыктан, Иса Кудайдын Уулу деп аталат. Бул тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, www.dan124.com сайтына кирип, «Эмне үчүн Иса Кудайдын Уулу деп айтылат?» деген макаланы окуп көргүлө. (Жолу: ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР.)

b Кун жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин 27-бөлүмүн карагыла. Китеп www.dan124.com сайтында да бар.