Тиленүү жөнүндө айрымдардын ою
«Тиленгенде Кудай колумдан кармап, жанымда тургандай эле сезем. Эмне кыларымды билбей жатканда, жетектеп жаткандай сезилет» (МАРИЯ) *.
«Аялым 13 жыл рак менен алпурушту. Анан каза болуп калды. Ошондо күн сайын Кудайдан тиленип жаттым. Ал менин зар-муңумду чындап эле угуп жатканын сезип жаттым. Ошон үчүн жан дүйнөм тынч болду» (РАСУЛ).
«Тиленүү — Кудайдын адам баласына берген баалуу белеги» (АРТУР).
Мария, Расул, Артур жана башка көптөгөн адамдар тиленүүнү өзгөчө белек деп эсептешет. Алар тиленүү аркылуу Кудай менен сүйлөшө алышат, ага ыраазычылык билдиришет, андан жардам сурашат. Ошондой эле Кудайдын Сөзү болуп эсептелген Ыйык Китепте айтылган төмөнкү сөздөргө толук ишенишет: «Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз» (1 Жакан 5:14).
Бирок бул сөздөргө ишенбегендер да аз эмес. Мисалга Ринатты алалы. Ал: «17 жаштарымда 3 досум кырсыктан улам каза болуп калды. Бирөө жол кырсыгынан каза болду. Экөө болсо сууга чөгүп кетти»,— дейт. Ринат эмне кылган? Ал мындай дейт: «Ошондо ушунун баары эмне үчүн болду деп Кудайдан тиленип жаттым. Бирок эч кандай жооп
болгон жок. Ошон үчүн: „Деги тиленгенден пайда барбы?“ — деп ойлондум». Ага окшоп, көптөр өздөрүн тиленүүсү жоопсуз калып жаткандай сезишет. Ошондуктан: «Анда эмнеге тиленишим керек?» — деп ойлонушат.Айрымдар дагы башка себептерден улам Кудайдан тиленүүнүн зарылдыгы жок деп эсептешет. Мисалы, кээ бирлер: «Кудай баарын билет. Ал биздин эмнеге муктаж экенибизди, кандай кыйынчылыктарыбыз бар экенин да көрүп турат. Анда алардын баарын ага айтуунун эмне кереги бар?» — дешет.
Башкалар болсо мурунку кылган күнөөлөрүнөн улам Кудай тиленүүсүн укпайт деп ишенишет. Жанна мындай дейт: «Мен өзүмдү татыксыз сезе берчүмүн. Мурун көп туура эмес иштерди кылгам. Ошон үчүн Кудай менин үнүмдү укпайт. Мен буга татыксызмын деп ойлой берчүмүн».
Ал эми силер тиленүү жөнүндө кандай ойдосуңар? Балким, силердин да тилегиңер Кудайга жетпей жаткандай сезилген учурлар болгондур. Эгер ошондой болсо, Кудайдын Сөзүндө жазылгандар силерди сооротору шексиз. Ал китептеги тиленүү жөнүндө жазылгандарга толук ишенсек болот *. Андан төмөнкү суроолорго жооп ала аласыңар:
-
Кудай чындап эле тиленүүбүздү угабы?
-
Ал эмне үчүн кээ бир тилектерди кабыл кылбайт?
-
Ал бизди угушу үчүн, кантип тиленишибиз керек?
-
Тиленүүнүн кандай пайдасы бар?