Кудайдын Падышалыгы деген эмне?
Силер Кудайдын Падышалыгы жөнүндө уктуңар беле? Ал жөнүндө билгенибиз абдан маанилүү.
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕРИНЕ КӨҢҮЛ БУРСАҢАР:
Кудайдын Падышалыгы деген эмне?
Ал — асмандан башкара турган өкмөт. Анын Падышасы — Иса Машаяк (Ышая 9:6, 7; Матай 5:3; Лука 1:31—33).
Падышалык эмнени ишке ашырат?
Ал жамандыктын баарын жоюп, жер бетине түбөлүк тынчтык орнотот (Даниел 2:44; Матай 6:10).
Биринчи кезекте Падышалыкты издөө деген эмнени билдирет?
Бул Кудайдын Падышалыгын колдоону, ошондой эле ал өкмөт гана жерде Кудай ниет кылгандагыдай жашоо болушуна шарт түзөрүнө бекем ишенүүнү билдирет (Матай 6:33; 13:44).