Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТООДОЙ ТОСКООЛДУКТУ БАСЫП ӨТКӨН КИТЕП

Ыйык Китеп эмне үчүн сакталып калган?

Ыйык Китеп эмне үчүн сакталып калган?

Ооба, Ыйык Китеп сакталып калган. Аны бүгүнкү күндө силер да окуй аласыңар. Ыйык Китептин жакшы котормосун окусаңар, түп нускасынын так көчүрмөсүн окуган болосуңар *. Ыйык Китеп табияттын зыяндуу кубулушуна, айыгышкан каршылыкка жана бурмалоого күч жумшалганына карабай, эмне үчүн жок болуп кетпей же эч өзгөрүлбөй сакталып калган? Ал китеп эмнеси менен өзгөчө?

«Ыйык Китеп, чынында эле, Кудайдын белеги экенинен эч шек санабайм»

Ыйык Китепти изилдегендердин көбү: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган»,— деп жазган элчи Пабылга толук кошулушат (2 Тиметей 3:16). Алар Ыйык Китеп Кудайдын Сөзү экенине жана анын бүгүнкү күнгө чейин сакталып калышына Кудай өзү кам көргөнүнө бекем ишенишет. Катар макалалардын биринчисинде сөз кылынган Файзл Ыйык Китепке байланыштуу айтылгандардын туура же туура эмес экенин аныкташ үчүн аны изилдеп көрүүнү чечкен. Көп өтпөй кызыктуу нерселерди билип, аябай таң калган. Ал христиан дүйнөсүндө кеңири тараган окуулардын көбү Ыйык Китепте жок экенин билген. Андан тышкары, Кудайдын жерге карата ой-ниети жөнүндө жазылгандар жүрөгүн козгогон.

Ал мындай дейт: «Ыйык Китеп, чынында эле, Кудайдын белеги экенинен эч шек санабайм. Анын үстүнө, ааламды жараткан Кудай өзүнүн китебин жаздырууга жана ушу күнгө чейин сакталып калышына кам көрүүгө кудурети жетпей коймок беле? Кудай мындай кыла албайт болчу десек, Кудуреттүү Кудайдын күчү чектелүү деген болуп калмакпыз! Кудайдын күчү чектелүү деп айткыдай, мен киммин?!» (Ышая 40:8).

^ 3-абз. Ушул журналдын 2008-жылдын 1-майындагы санына чыккан «Ыйык Китептин жакшы котормосун кантип тандоого болот?» деген макаланы карагыла (ор.).