Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БАКЫТТЫН ЖОЛУ

Жашоонун маңызы

Жашоонун маңызы

АДАМДАР КӨП ЖАГЫНАН ӨЗГӨЧӨ: ЖАЗУУГА, СҮРӨТ ТАРТУУГА, БИР НЕРСЕ ОЙЛОП ТАБУУГА ЖӨНДӨМДҮҮ ЖАНА ЖАШООДОГУ ТӨМӨНКҮ МААНИЛҮҮ СУРООЛОР ТУУРАЛУУ ОЙЛОНОТ: Аалам эмне үчүн пайда болгон? Биз каяктан пайда болгонбуз? Жашоонун маңызы эмнеде? Келечегибиз кандай болот?

Айрымдар бул суроолорго жооп табуу мүмкүн эмес деп ойлогондуктан жооп издешпейт. Башкалар тиричилик эволюция жолу менен пайда болгон, ошол себептен бул суроолорго жооп издөөнүн эч кандай пайдасы жок дешет. Тарых жана биология жаатындагы окумуштуу Уильям Провайн: «Кудайлар да жок, жашоонун маңызы да жок»,— деп айткан. Ал: «Адеп-ахлак принциптери эч нерсеге негизделген эмес, жашоонун да эч кандай максаты жок»,— деп кошумчалаган.

Бирок айрымдар мындай көз карашты жакташпайт. Алар ааламдагы нерселердин так, мыкты ойлонуштурулган, математикалык мыйзамдарга баш иерин айтышат. Ошондой эле табияттагы делебени козгогон жаратууларга таңданып бүтүшпөйт. Адамдар табияттагы андай кереметтерди изилдеп, аларга окшоштуруп бир нерселерди ойлоп табышууда. Абдан татаал, жогорку деңгээлде долбоорлонгон жандуу-жансыз нерселердин аркасында жөн эле бир күч эмес, акылман бирөө турганы айкын көрүнүп турат.

Ошол себептен эволюция теориясын жактагандардын айрымдары көз карашын өзгөрткөн. Алардын экөөнү мисалга алалы.

НЕЙРОХИРУРГ АЛЕКСЕЙ МАРНОВ. «Мен барган мектептерде атеизмди, эволюцияны окутушчу. Кудайга ишенгендердин баарын түркөй катары көрүшчү»,— дейт ал. Бирок 1990-жылы анын ою өзгөрө баштаган.

Алексей мындай деп кошумчалайт: «Мен баарынын, анын ичинде адамдын мээсинин эмне себептен жаралганын түшүнүүгө дайыма аракет кылчумун. Ал кереметтүү органдын ааламдагы эң эле татаал түзүлүш деп аталганы абдан жөндүү. Бирок мээ билим алышыбыз, ар кандай жөндөмгө ээ болушубуз, анан өлүшүбүз үчүн эле жаралганбы? Бул мага эч кандай мааниси жоктой, акылга сыйбагандай сезилчү. Ошондуктан: „Биз эмне үчүн жаралганбыз? Жашоонун маңызы эмнеде?“ — деп ойлоно баштагам. Анан терең ой жүгүртүүнүн аркасында Жараткан сөзсүз бар болуш керек деген жыйынтыкка келгем».

Жашоонун маңызы эмнеде экенин билиш үчүн Алексей Ыйык Китепти изилдөөнү чечкен. Кийинчерээк ага докторлук кесипти аркалаган жубайы да кошулган. Ал да атеист болчу. Башында жубайы Ыйык Китепти күйөөсүнүкү туура эмес экенин далилдеш үчүн гана изилдечү. Бирок азыр экөө тең Кудайга бекем ишенет. Алар анын адамзатка байланыштуу ой-ниети жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандарды жакшы түшүнүшөт.

ПЛАЗМАНЫ ИЗИЛДЕГЕН ИЛИМПОЗ ХУАБИ ИНЬ. Ал физиканы изилдеген жана көп жыл бою плазмага байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Заттардын төртүнчү абалы катары каралган плазма (күн сыяктуу эле) негизинен электрондор менен оң иондордон турат.

Хуаби мындай деп бөлүшөт: «Биз, окумуштуулар, табият кубулуштарын изилдеген сайын так мыйзамдарга баш ийүүнүн натыйжасы болгон жогорку деңгээлдеги тартипти көрөбүз. Мен: „Ал мыйзамдар кантип пайда болгон? Эгер тамак бышырган отту да жакшылап карап, көз салып туруш керек болсо, анда күндү жөнгө салып турган мыйзамдарды ким көзөмөлдөп турат?“ — деп ойлоно берчүмүн. Убакыттын өтүшү менен мунун туура жообу Ыйык Китептеги: „Башында Кудай асман менен жерди жаратты“,— деген эң алгачкы сүйлөмдө камтылган деп тыянак чыгардым» (Башталыш 1:1).

Албетте, илим: «Мээнин клеткалары кантип иштейт? Күн кантип жылуулук менен жарыкты бөлүп чыгарат?» — деген сыяктуу «кантип» деген суроолорго жооп алууга жардам берет. Ал эми Ыйык Китеп, Алексей менен Хуаби ынангандай, андан алда канча маанилүү болгон «эмне үчүн» деген суроолорго жооп берет. Мисалы, анда: «Аалам эмне үчүн пайда болгон? Андагы нерселер эмне үчүн мыйзамдарга баш иет? Биз эмне үчүн жаралганбыз?» — деген сыяктуу суроолордун жообу бар.

Ыйык Китепте жер тууралуу: «[Кудай] аны... куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан»,— делет (Ышая 45:18). Ооба, Кудайдын жерге карата ой-ниети бар. Кийинки макаладан биле турганыбыздай, ал ой-ниети келечекке болгон үмүтүбүз менен тыгыз байланышта.