Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ПЛАНЕТАБЫЗДЫ САКТАП КАЛУУ МҮМКҮНБҮ?

Таза суу

Таза суу

ЖЕР бетинде суусуз, айрыкча, таза суусуз тиричиликтин болушу мүмкүн эмес. Негизи, тирүү жандыктардын баары көбүнесе суудан турат. Адам баласы жана жаныбарлар иче турган суу, ошондой эле сугатка колдонулчу суу көлдөрдөн, дарыялардан, саздардан жана жер астындагы суулардан келет.

Таза суунун тартыштыгы

Планетабыздын көп бөлүгүн суу ээлейт. Бирок Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюмунун билдирүүсүнө ылайык, Жер планетасындагы суунун 0,5 пайызы гана таза, ичкенге жарактуу. Жердеги тиричилик үчүн ушунча эле өлчөмдөгү таза суу жетиштүү болсо дагы, анын көпчүлүк бөлүгү булганып жатат. Же суу өтө көп пайдаланылгандыктан жана климат өзгөргөндүктөн, тартыш болуп жатат. Адистердин серебине ылайык, 30 жылдын ичинде 5 миллиард кишиге таза суу жетпей калышы мүмкүн.

Жер өзүн-өзү калыбына келтире алат

Жерде суунун жок болуп кетпешине өбөлгө түзгөн табигый процесстер жүрүп турат. Мындан тышкары, жер кыртышы, суудагы өсүмдүктөр менен жаныбарлар, атүгүл күндүн нуру сууну тазалап турат. Планетабыздын өзүн-өзү калыбына келтиргидей кылып жаратылганына бир нече далил карап көрөлү.

  • Илимий далилдерге таяна турган болсок, жер кыртышы сууну булгай турган заттарды зыянсыздандырып турат. Сазда өскөн айрым өсүмдүктөрдүн азотту, фосфорду, пестициддерди жок кылып турары да маалым.

  • Окумуштуулар жаратылышта органикалык таштандылар менен булганган сууну тазалай турган физикалык, биологиялык процесстер жүрүп турарын аныкташкан. Сууну булгаган заттар шар аккан сууда ээрип кетет. Микроорганизмдер аларды зыянсыздандырып, майда бөлүктөргө ажыратып жиберет.

  • Таза сууда байырлаган молюскалар, мидиялар суудагы коркунуч туудурушу мүмкүн болгон зыяндуу химиялык заттарды бир нече күндүн ичинде эле сиңирип алышат. Сыягы, алар сууну адамдар курган суу тазалоочу жайлардан алда канча жакшы тазалашат.

  • Планетабыз сууну дайыма айланып тургудай кылып, каймана мааниде капканга түшүрүп алат. Бул «гидрологиялык система» деп аталат. Ушул айлануу системасы жана башка табигый процесстер суунун атмосферадан же башка жактан кандайдыр бир жолдор менен жок болуп кетишине бөгөт коёт.

Адам баласынын аракети

Унаанын май аккан жерлерин оңдосок, зыяндуу заттарды туура жол менен жок кылсак, суунун таза сакталышына салым кошобуз

Адистер сууну мүмкүн болушунча үнөмдөөгө үндөшөт. Суунун булганышын азайтыш үчүн алар унаанын май аккан жерлерин оңдогонго, колдонулбай калган дары-дармектерди таш күлтүккө (унитазга) таштабаганга же зыяндуу заттарды агынды сууга (канализацияга) ыргытпаганга чакырышат.

Инженерлер болсо деңиздин суусун тузунан бөлүп, таза сууга айландыруунун натыйжалуу, жаңы ыкмаларын ойлоп табышты. Алар ичкенге жарактуу таза сууну көбөйтүүнү көздөшөт.

Бирок бул жетишсиз. Анткени көйгөйдү дүйнө жүзү боюнча чечпейт. Себеби мындай ыкма кымбатка турат, ошондой эле көп энергияны талап кылат. Бириккен Улуттар Уюмунун ичкенге жарактуу сууну сактап калуу боюнча 2021-жылкы отчётунда: «Жер планетасы боюнча таза суунун жеткиликтүү болушуна жана анын сакталышына эки эсе күч жумшалышы керек»,— деп айтылган.

Ыйык Китепте кандай үмүт бар?

«[Кудай] суу тамчыларын жогору тартат, алар жамгыр менен туманга айланат. Ошондо булуттардан суу тамчылайт, адамзатка мол төгүлөт» (Аюп 36:26—28).

Cуу таза сакталышы үчүн, Кудай табигый процесстерди жараткан (Насаатчы 1:7).

Ойлонуп көрсөңөр: сууну тазалай турган процесстерди жараткан Кудайдын суунун булганышына алып келген, адамдар жараткан көйгөйлөрдү чечкенге кудурети жетпейби? Ал муну каалабайбы? 15-беттеги «Кудай Жер планетасы жок болбойт деп убада кылган» деген макаланы карагыла.