Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | СЫЙКЫРДУУ КҮЧТҮН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?

Бүйүр кызыткан табияттан тыш нерселер

Бүйүр кызыткан табияттан тыш нерселер

«Азыр кан соргучтар, карышкырга айланган кишилер, зомбилер эмес, адамдарды бийлеп алган жиндер менен жин чыгаргандар доорон сүрүүдө» («Уолл-стрит жорнэл»).

АЗЫРКЫ тапта китептер, кинолор жана видеооюндар келишимдүү сыйкырчы жигиттерге, сакалдуу сыйкырчы абышкаларга, ай чырайлуу сыйкырчы кыздарга жана өңдүү-түстүү кан соргучтарга жык толгон. Алар адаттан тыш күчкө ээ каармандардын айрымдары гана. Табияттан тыш андай нерселер эмне үчүн бүйүрдү кызытат? *

«Акыркы он жылдыкта көзгө көрүнгөн көрүнчүлөргө ишенгендердин саны укмуштуудай өстү. Мурда Америкада андай нерселерге он кишинин бири ишенсе, азыркы тапта үч кишинин бири ишенет,— деп жазган социология илиминин профессору Клод Фишер.— Көзү ачыктарга барарын, ошондой эле көрүнчүлөргө, үй ээлерине ишенерин америкалыктардын улуу муунуна караганда жаштары эки эсеге көбүрөөк билдиришкен».

Жин кирип алган кишилер жөнүндөгү окуялардын күч алып жатканы таң калыштуу эмес. «Уолл-стрит» журналынын Майкл Калия деген кабарчысы: «Адамдарды бийлеп алган жиндер көрсөтүлгөн көңүл ачуулардын кайрадан кулач жайышына буга чейинки он жылдыктарда зомбилерге, карышкыр кишилерге жана кан соргучтарга байланыштуу нерселердин гүлдөшү шарт түздү»,— деген.

Бир билдирүүгө ылайык, «дүйнөдөгү адамдардын, кайсы жерде жашабасын, 25тен 50 пайызга чейинкиси көрүнчүлөргө ишенет жана көпчүлүк элдин адабияттарында көрүнчүлөргө байланыштуу темалар басымдуулук кылууда». АКШда Кристофер Бадер жана Карсон Менкен деген социология илиминин профессорлору жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасы да таң каларлык болгон. Андан «америкалыктардын 70тен 80 пайызга чейинкиси табияттан тыш нерселердин, жок дегенде, бир түрүнө аябай ишенери» айкын болгон.

Спиритизмге, башкача айтканда, жиндер менен байланышууга жана табияттан тыш нерселерге кызыгуу эч кандай зыяны жок көңүл ачуубу?

^ 4-абз. Табияттан тыш нерселерге «табият мыйзамдары жана илим түшүндүрүп бере албаган» нерселер кирет («Merriam-Webster’s Learner’s Dictionary»).