ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?
Деңиз кундузунун «тону»
МУЗДАК сууда жашаган көптөгөн сүт эмүүчүлөрдүн тери астындагы калың май катмары аларга жылуулукту сактоого жардам берет. Бирок деңиз кундузун сууктан башка нерсе сактайт. Бул — анын калың «тону».
Көңүл бурсаңар: Деңиз кундузунун терисинин жүнү бардык сүт эмүүчүлөрдүкүнөн жыш жайгашканы менен айырмаланат: анын терисинин 1 чарчы см жерине болжол менен 155 000дей талча туура келет. Деңиз кундузу сууда сүзгөндө, анын жүнү аба катмарын бүт денесине жакын кармап калат да, ошол калыбында сактап турат. Ал аба катмары изолятордун милдетин аткарып, муздак сууну териге жеткирбейт, ошол эле учурда денесиндеги жылуулукту да сыртка чыгарбайт.
Окумуштуулар деңиз кундузунун жүнүн изилдөөнү пайдалуу деп эсептешет. Алар жүнүнүн кылынын узундугу, жыштыгы ар кандай тондорду жасап, тажрыйба жүргүзүшкөн. Ал тажрыйбадан «тондун кылдары канчалык жыш жана узун болсо, ошончолук кургак болору жана аларга суу жукпай турганы» айкын болгон. Деңиз кундузунун, чынында эле, мактанса жарашчудай эле «тону» бар!
Окумуштуулар алардын изилдөөлөрү суу жукпай турган кездеменин жаңы түрлөрүн ойлоп чыгаруу жана өндүрүү жаатында чоң жетишкендиктерге жетүүгө шарт түзөрүнө үмүттөнүшөт. Ким билет, балким, муздак сууга чумкуган суучулдар жакында деңиз кундузунукуна окшогон тон кийип калышаттыр!
Кандай деп ойлойсуңар? Деңиз кундузунун «тону» эволюция жолу менен пайда болгонбу же ал ошондой болуп жаратылганбы?