Түшүнө билгиле
Көйгөй
Эгер башкалар бизден канчалык айырмаланарына өтө эле көңүл топтоп алсак, ал айырмачылыктарды кемчилик же мүчүлүштүк катары көрүп калышыбыз мүмкүн. Мунун кесепетинде бизден айырмаланган адамдарды өзүбүздөн төмөнүрөөк эсептей баштайбыз. Ал эми мындай терс көз караш башкаларды түшүнө билүүгө тоскоолдук кылат. Эгер башкаларга түшүнүү менен мамиле кылганга аракет кылбасак, бул жүрөгүбүздүн түпкүрүндө көйгөй бар экенинен — бейкалыс экенибизден — кабар берет.
Ыйык Китептеги принцип
«Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (РИМДИКТЕР 12:15).
Бул эмнени билдирет? Эки сөз менен айтканда, түшүнө билгиле. Түшүнө билүү бул өзүбүздү башкалардын ордуна коюп көрүүнү жана алар сезгенди сезип көрүүнү билдирет.
Түшүнө билүүнүн пайдасы
Башкаларды түшүнө билсек, алардын бизге окшогон эле адамдар экенин байкайбыз. Алардын биздей эле сезимдерге чулганарын жана кайсы бир жагдайда биздей эле иш-аракет кыларын билебиз. Ошондой эле бул бардык адамдардын, алардын тек-жайы кандай болбосун, бир атадан тараганын түшүнгөнгө көмөк кылат. Башкалардын бизге окшош жактарына көңүл топтосок, алар жөнүндө оюбуз барган сайын жакшыра берет.
Андан сырткары, башкаларды түшүнө билгенибиздин аркасында аларды урматтап-сыйлай алабыз. Мисалга Сенегалдан болгон Энн-Марини алалы. Ал төмөнкү кастадан болгон адамдарды теңине алчу эмес. Башкаларды түшүнгөнгө аракет кылганы ага кандайча жардам берген? Ал мындай дейт: «Төмөнкү кастадагы адамдардын канчалык азап тартып жатканын көрүп, боорум ачыды. Мен: „Алардын ордунда болсом, эмне кылат элем?“ — деп ойлондум. Ошондон улам өзүмдү алардан артык көргөнгө менде эч кандай негиз жок экенин түшүндүм. Себеби алардан жогорураак кастадан болгонума өзүм таасир эте алган эмесмин». Ырас, башкалардын кыйынчылыктарын түшүнгөнгө аракет кылсак, аларга сын такпай, тескерисинче, жан тартабыз.
Эмне кылсаңар болот?
Эгер кайсы бир адамдардын тобу жөнүндө терс ойдо болсоңор, ортодогу айырмачылыктарды издебегиле. Анын ордуна, окшош жактарды тапканга аракет кылгыла. Мисалы, төмөнкү жагдайларда алар кандай сезимде болорун ойлонуп көргүлө:
Түшүнө билсек, бардык адамдардын бир атадан тараганын баамдайбыз
үй-бүлөсү менен чогуу тамактанганда
оор эмгектенип, жумушун аяктаганда
достору менен убакыт өткөргөндө
жакшы көргөн музыкасын укканда
Андан соң өзүңөрдү алардын ордуна коюп көргүлө. Анан мындай деп ой жүгүрткүлө:
Кимдир бирөө мени басынтса, эмне кылат элем?
Башкалар сыртыман тон бычса, кандай сезимде болот элем?
Алардын ордунда болсом, мага башкалардын кандай мамиле кылышын каалайт элем?