Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аалам эмнеден кабар берет?

Аалам эмнеден кабар берет?

Ааламды изилдеген окумуштуулар ага таң берип бүтпөйт. Аны дагы да терең изилдеш үчүн шаймандарын барган сайын жакшыртып жатышат. Алар буга чейин кандай ачылыштарды жасашты?

Аалам мыкты уюшулган. «Галактикалар асманда туш келди эле жайгашкан эмес. Алардын ээлеген орду жөргөмүштүн желесиникиндей»,— деп жазылган «Астрономия» деген журналда. Мунун сыры эмнеде? Окумуштуулар мунун сыры «кара материя» деп аталган көзгө көрүнбөгөн материяда деп айтышат. Ал кара материяны галактикаларды, галактикалардын тобун жана галактикалардын чогулмасын өз ордунда кармап турган, көзгө көрүнбөгөн «сөөккө» же «уук-керегеге» салыштырса болот.

Аалам эмненин аркасында ушунчалык мыкты уюшулган? Ушундай тартип кокустуктан улам пайда болушу мүмкүнбү? «20-кылымдагы эң эле мыкты, көрүнүктүү астрономдордун бири» катары сыпатталган жана Кудайга ишенген Аллан Сэндиж аттуу астрономдун айткандарына көңүл бурсаңар.

«Ааламдагы ушундай тартиптин баш аламандыктан келип чыгышы таптакыр мүмкүн эмес деп эсептейм. Мындай тартипти жөнгө салып турган бир нерсе болушу керек».

Ааламда баары тиричиликтин болушун шарттайт. «Начар өз ара аракеттешүү» деп аталган күчтү алалы. Ал күндүн энергиясын бир калыпта кармап турат. Ал күч начарыраак болсо, күн эч качан пайда болмок эмес, кубаттуураак болсо, күн эбак эле жок болуп кетмек.

Ал күч тиричиликтин болушун шарттаган көптөгөн күчтөрдүн бири гана. Анил Анантасвами аттуу илимий жазуучу айткандай, ошол күчтөрдүн бири эле башкача болсо, «жылдыздар, планеталар, галактикалар, тиричилик да эч качан пайда болмок эмес».

Ааламда адамзатка эң эле ылайыктуу «үй» орун алган. Жер планетасында гана эң ылайыктуу атмосфера жана суунун жетиштүү өлчөмү бар. Айдын эң туура көлөмдө болгону да жерди өз огунда кармап турат. «Нэшнл жиогрэфик» журналында: «Геология, экология жана биология бири-бирине айкалышып, бири-бирин толуктап тургандыктан жер адам баласы жашай ала турган ааламдагы жападан жалгыз планета болуп саналат»,— деп жазылган a.

Бир жазуучунун айтымында, биздин күн система Саманчынын жолу галактикасындагы башка жылдыздардан «аябай эле алыс жайгашкан». Анын так ошондой окчун жайгашканы жердеги тиричиликтин болушун шарттап турат. Эгер күн системабыз галактиканын ортосунда же чекесиндеги башка жылдыздарга жакын жайгашса, анда радиация күчтүү болуп, жердеги тиричиликке коркунуч туулмак. Бирок айрым окумуштуулар айткандай, планетабыз галактиканын тиричилик үчүн «эң эле ылайыктуу жеринде» жайгашкан.

Аалам жана андагы мыйзамдар жөнүндөгү билимине таянып Пол Девис аттуу физик мындай жыйынтыкка келген: «Ааламда пайда болгонубуз кокустуктун, баш аламандыктын же чоң жарылуунун натыйжасы деген ой акылыма сыйбайт... Биз бул жакка бекеринен пайда болгон жокпуз». Албетте, Пол Девис аалам, адамдар Кудайдын колунан бүткөн дегенди айткысы келген эмес. Бирок силер кандай деп ойлойсуңар? Ооба, аалам да, жер да тиричилик үчүн атайын ойлонуштуруп жаратылгандай туюлат. Артында долбоорчусу бар экени көрүнүп тургандыктан ошондой туюлган жокпу?

a Бул журналда жер менен адам баласын Кудай жаратканы айтылган эмес. Тек гана жердин адамзат үчүн канчалык ылайыктуу экени баса белгиленген.