Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Далилдерди изилдегиле

Далилдерди изилдегиле

Бул журналда аалам Жараткандын колунан бүткөнүн тастыктаган айрым далилдер келтирилет. Аларды талдап көрүп Жараткандын чынында эле бар экенине негиз бар-жогун аныктай аласыңар. Төмөнкү видеолор менен адабияттар да кызыктуу болушу мүмкүн. Аталышын jw.org/ky сайтына жазып, таба аласыңар.

Эмне үчүн илим-билимдүү кишилердин көбү Жаратканга ишенет?

«Тиричиликтин пайда болушуна байланыштуу пикирлер» деген бөлүктөн дил маектерди көргүлө.

Эволюция теориясы төгүндөлгүс фактыларга негизделгенби?

«Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» китепчесин окуп көргүлө.

Жараткандын бар экенине ишенүү жүйөлүүбү?

«Жаштардын ою. Кудайга ишенүү» деген видеону көргүлө.

Ыйык Китепте жазылгандарга ишенсе болобу?

«Тиричиликтин башаты. Маанилүү беш суроо» китепчесин окугула.