Окумуштуулар эмнени айтып бере алышпайт?
Окумуштуулар ааламдын азыр бизге белгилүү бөлүгүнүн баарын изилдеп бүткөн сыяктанат. Ошентсе да көп маанилүү суроолорго жооп бере албай келишет.
Илимпоздор ааламдын, тиричиликтин кантип пайда болгонун түшүндүрүп бере алыштыбы? Бир сөз менен айтканда, жок. Айрымдар космология — ааламдын түзүлүшү тууралуу илим — ааламдын кантип пайда болгонун түшүндүрүп бере алат деп ойлошот. Бирок Кудайдын бар экенинен шектенген, Дартмут коллежинде эмгектенген астрономия илиминин профессору Марсело Глизер: «Биз ааламдын келип чыгышын таптакыр эле түшүндүрүп бере алган жокпуз»,— деген.
Ошол сыяктуу эле, «Сайенс ньюс» журналындагы бир макалада мындай делген: «Жер планетасында тиричилик кантип пайда болгонун аныкташ дээрлик мүмкүн эместей туюлат. Анткени планетабыз түптөлүп жатканда чынында эмне болгонун көрсөткөн таштардын, казылып алынган калдыктардын көбү эбак эле жок болуп кеткен». Жогоруда айтылгандар: «Аалам менен тиричилик кантип пайда болгон?» — деген суроого илим буга чейин жооп бере албаганын көрсөтүп турат.
Ушундан улам силер: «Жердеги тиричилик ушунчалык дыкаттык менен долбоорлонгон болсо, анда анын долбоорчусу ким?» — деп ойлонгондурсуңар. Мындан тышкары: «Эгер акылман, мээримдүү Жараткан бар болсо, анда эмнеге ал адамдардын азап чегишине жол берип жатат? Эмне үчүн толгон-токой диндер бар? Кудай деген кишилер эмне үчүн ушунчалык жаман иштерди кылышат?» — деген суроолор да ойго салгандыр.
Ушундай суроолорго илимдин өзүнөн жооп табыш мүмкүн эмес. Бирок бул купулга толорлук жоопторду таба албайбыз дегенди билдирбейт. Көптөр Ыйык Китептен ушул суроолорго жооп таап, көңүл суусуну канган.
Айрым илимпоздор Ыйык Китепти изилдеп, Жараткандын бар экенине эмне үчүн ишенип калганын билгиңер келсе, jw.org/ky сайтына кирип көргүлө. Ал жактан «Тиричиликтин пайда болушуна байланыштуу пикирлер» деген видеорубриканы таба аласыңар.