ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР
Казакстанга саякат
КАЗАК эли көчмөн калк болчу. Азыркы тапка чейин айрым малчылар жыл мезгилине жараша малын ар кайсы жайыттарга жайышат. Алар жайында тоонун салкын төрлөрүнө чыгып кетишсе, сөөктөн өткөн суук мезгили келгенде кыштоого түшүшөт.
Казактардын айрымдары замандын талабына жараша курулган гүлдөгөн шаарларда жашашат. Ошентсе да көптөгөн каада-салттары, тамак-ашы, кол өнөрчүлүгү көчмөн ата-бабаларынын жашоосун таамай чагылдырып турат. Казак элинин поэзия, мукамдуу ырлар, жергиликтүү музыкалык ар кыл аспаптардан жаралган музыка сыяктуу байыртан бери келаткан бай мурасы бар.
Боз үй — көчмөн калктын көчүп-конууга ылайыкталган турак жайы — адам баласынын табиятка аяр мамиле кыларын көрсөткөн мыкты үлгү болуп эсептелет. Азыркыга дейре боз үйдө жашаган чабандар бар. Ал эми шаардык казактар аны жамандык-жакшылыктарда колдонушат. Чет элдик туристтерге да жайлуу боз үйлөр ижарага берилет. Колунан көөрү төгүлгөн чебер казак уз айымдар жасаган не бир сонун куралган курактар, сайылган саймалар, шырылган шырдактар боз үйдү көрккө бөлөп турат.
Айыл жергесинин тургундары жылкы баласын өзгөчө баркташат. Жылкынын, бери дегенде, өзүнчө маанини туюнткан 21 аталышы бар. Алардын өңүн сүрөттөөдө 30дан ашык сөз жана сөз айкашы колдонулат. Асыл тукум жылкылардын баасы асмандын башы. Алар сыйлуу конокторго тартуу кылынат. Айылда эркек балдар жаштайынан тартып эле ат мингенди үйрөнө башташат.
Казактардын улуттук тамактарын этсиз элестетүү кыйын. Этке ачуу татымалдарды көп кошушпайт. Казак эли тамшанып ичкен улуттук суусундуктардын катарында бээнин сүтүнөн жасалган, дарылык касиетке ээ кымыз жана төөнүн сүтүнөн жасалган, майлуу, бир аз кычкылыраак келген шубат бар.
Жахабанын Күбөлөрүнүн Алматыда жайгашкан филиалынын эшиги коноктор үчүн дайыма ачык.