ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН
Альхазен
СИЛЕР, балким, Абу Али аль-Хасан ибн аль-Хайсам тууралуу уккан эмес чыгарсыңар. Батышта ал арабча аль-Хасан дегенден алынган Альхазен деген латынча ысым менен белгилүү. Ал тууралуу укпасаңар да, анын зор эмгегинин үзүрүн көрүп жатасыңар. Ал «илим тарыхындагы эң беделдүү, таасирдүү инсандардын бири» болгон.
Альхазен болжолу б.з. 965-жылы азыркы Ирактагы Басрада төрөлгөн. Ал астрономияга, химияга, математикага, медицинага, музыкага, оптикага, физикага, поэзияга кызыккан. Бирок ага эмне үчүн өзгөчө ыраазы болсок болот?
НИЛ ДАРЫЯСЫНДАГЫ СУУ САКТАГЫЧ
Альхазендин бир окуясы эл оозунда көпкө чейин айтылып жүргөн. Ал окуя анын Нил дарыясынын агымын жөнгө салуу долбооруна байланыштуу болчу. Ал долбоор ошондон дээрлик 1 000 жыл өткөндөн кийин гана, 1902-жылы, Асуан шаарында ишке ашкан.
Көрсө, Альхазендин Египеттеги суу ташкыны менен кургакчылыкты тең салмакташтырыш үчүн Нил дарыясына суу сактагыч курсам деген чоң максаты бар болгон экен. Муну уккан Каирдин халифи же өкүмдары аль-Хаким суу сактагыч курдуруш үчүн аны Египетке чакырткан. Бирок Альхазен дарыяны өз көзү менен көргөндө бул иш анын колунан келбей турганын түшүнгөн. Көлөкөдөй өзгөрүлмө халифтин жазасынан корккондуктан ал 1021-жылы халиф көз жумганга чейин, 11 жылдай, акылынан айныган киши болумуш болуп жүргөн. Оорумуш болуп үй камагында жаткан убакыт аралыгында ал башка көп нерселерди изилдеген.
«ОПТИКА КИТЕБИ»
Эркиндикке чыкканда Альхазендин «физика илиминин тарыхындагы эң мыкты китептердин бири» деп эсептелген 7 томдуу «Оптика китебинин» көп бөлүгү жазылып бүтүп калган. Эмгектеринде жарыктын табияты, анын түстүү нурларга ажырашы, күзгүдөн чагылышы, бир чөйрөдөн экинчисине өткөндө сынуу кубулушу талкууланган. Ал көздүн айлана-чөйрөнү кабыл алуусун, түзүлүшүн, иштөө жөндөмүн да изилдеген.
13-кылымга чейин эле Альхазендин эмгектери арабчадан латынчага которула баштаган. Ошондон тартып Европанын окумуштуулары кылымдар бою анын эмгектерин беделдүү булак катары колдонуп келишкен. Альхазендин линзалардын касиети боюнча эмгектери Европада көз айнек жасоо тармагынын негизги пайдубалы болуп берген. Ошонун аркасында көз айнек жасоо боюнча адистер линзаларды катар-катары менен коюштуруп, алгачкы телескоп менен микроскопту иштеп чыгышкан.
ОБСКУР КАМЕРАСЫ
Альхазен тарыхтагы эң алгачкы обскур камерасы катары белгилүү болуп калган кызыктуу бир нерсе жасап, сүрөткө тартуу искусствосунун негизги принциптерин аныктаган. Ага ылайык, караңгы бөлмөдөгү кымындай эле тешик аркылуу кирген жарык маңдайындагы дубалга сырттагы нерселерди тетири каратып көрсөтүп турган.
Сүрөт өчпөшү үчүн, 1800-жылдары обскур камерасына фотопластина кошулуп, алгачкы фотокамера пайда болгон. Бардык заманбап фотокамералары, атүгүл көздүн өзү обскур камерасыныкындай физикалык принциптердин негизинде иштейт *.
АЛЬХАЗЕНДИН ЫКМАСЫ
Альхазендин иштөө тартибинин эң негизги өзгөчөлүгү анын табияттагы нерселерди кылдат, ырааттуу, белгилүү бир тартип менен изилдегени болгон. Анын ыкмасы өзүнүн заманында эң эле бөтөнчө ыкма болчу. Ал теорияларды тажрыйба жүргүзүү аркылуу тастыктаган эң алгачкы изилдөөчүлөрдүн бири болгон. Талашсыз делген фактылардын жүйөлүү далилдерге негизделбегенин билсе, ал аны талашка салуудан коркчу эмес.
Азыркы замандагы илимдин иштөө тартибин «Ишенген нерселериңди далилде!» деген ураан менен корутундуласа болот. Айрымдар Альхазенди ушул «заманбап илимий ыкманын атасы» деп эсептешет. Мына, ушул үчүн ага ыраазы болсок болот.
^ 13-абз. Обскур камерасы менен адамдын көзүнүн окшоштугу батышта 17-кылымда Иоганн Кеплер ачып бергенге чейин анча түшүнүктүү болбой келген.