Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тарыхый түрмөдөн ишенимге ээ болгондор

Тарыхый түрмөдөн ишенимге ээ болгондор

Тарыхый түрмөдөн ишенимге ээ болгондор

Дүйнөнүн булуң-бурчу боюнча Иегованын Күбөлөрүнүн ыктыярдуу кызматчылары, Кудай тууралуу көбүрөөк билүүнү чын ниеттен каалаган адамдарга жардам бериш үчүн, камак жайларына барып турушат. Атлантадагы (АКШ, Жоржия штаты) федералдык түрмөдө ыйык китептик билим берүү программасынын ийгиликтүү өткөзүлүп жатканына 20 жылдан ашты. Түрмөдө ыйык китептик изилдөө өткөрүү оңой эмес. Банк уурулары, мүлктү опузалап алгандар, киши өлтүргөндөр, баңгизат саткандар, алдамчылык кылгандар жана бирөөнү зордуктагандар менен иштешүүгөтуура келет. Андай адамдарга бизкантип жардам берип жатабыз?

Алды менен, силер Иегованын Күбөлөрүнүн бул түрмөгө качан жана кантип келгенин билгиңер келеттир. Ал 1918-жылдын 4-июлунда болгон. Ыйсанын көрүнүктүү сегиз жолдоочусу полиция кызматкерлеринин кайтаруусу астында 15 баскычтуу гранит тепкич менен көтөрүлүп, федералдык түрмөгө киришкен. Андагы тартип боюнча, камакка алынгандардын колу-буттарына кишен салынып коюлган көрүнөт. Алар кийинчерээк Иегованын Күбөлөрү деп атала баштаган Ыйык Китептин Эл аралык Изилдөөчүлөрүнүн ишин жетектешкен рухий жактан жетилген эркектер эле. Өзүлөрүнүн камалышы сот тарабынан кеткен чоң жаңылыштык экени жыл тогошо электе эле аныкталат деп алар ойлошкон да эмес. 1919-жылдын мартында ал сегиз адам түрмөнүн баягы тепкичи менен эч кандай кишенсиз, кайрадан эркиндикке чыгып кеткен. Кийинчерээк бийлик тарабынан сот иши токтотулганда, алардын айыпсыз экени аныкталып, кайрадан акталышкан *.

Атлантанын түрмөсүндө олтурушканда айтылуу сегиз адам Ыйык Китепти изилдөө сабактарын өткөрүшчү. Алардын бири А. Х. Макмиллан түрмөнүн башкармасынын орун басары адегенде каршы болуп жүрүп, кийин: «Силердин [камактагыларга] берген сабагыңар абдан сонун экен!» — дегенин эстеп калар эле.

Андан бери арадан 80 жылдан ашуун убакыт өттү. Бирок Ыйык Китепти изилдөө сабактары бүгүнкү күндөрдө да жемиштүү өткөрүлүп, ошол эле түрмөнүн кызматкерлерин абдан таасирлентип жатат. Иегованын Күбөлөрүнүн ыктыярдуу кызматчыларынын айрымдары түрмөнүн жооптуу кызматкерлеринен расмий ыраазычылык жана ардак сыйлыктарын алышкан. Иегованын Күбөлөрү жүргүзгөн окутуу программасынын натыйжалуулугу тууралуу АКШнын юстиция министрлигинин карамагындагы Түрмө иштери боюнча федералдык бюро тарабынан жарыялануучу маалымат бюллетенинде баяндалган («Volunteer Today»).

Камактагылар арасында өткөзүлгөн Ыйык Китеп изилдөө программасы жакшы натыйжаларды берип жатат: алардын жүрүм-туруму кыйла оңолууда. Ошол себептүү мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар да бар. Балким, сын көз менен кароого ийкемдүү адам кылмышкерлер жөнүндө Ыйык Китепти ошол максат менен изилдейт деп ойлойттур. Кээде чынында эле ошондой болгону менен, биз тажрыйбабыздан улам алардын көбүнчө башка ниет менен изилдешерин айта алабыз. Ыйык Китепти биз менен изилдеп, түрмөдөн бошонуп кеткендердин көп жылдардан бери Ыйсанын үлгүлүү жолдоочулары болуп келатышканын угуп абдан кубанабыз. Бул тарыхый түрмөнүн бийик дубалдарынын ичинде бизди кубанткан көптөгөн окуялар болуп өттү. Алардын айрымдары булар.

Камактагы иммигранттарүчүн үмүт

Атланта түрмөсүндө 1980-жылдары кабар айтышкандар камактагы көптөгөн иммигранттарга жардамдашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Ал иммигранттардын кээ бирлери чоң өзгөрүүлөрдү жасашкан.

Рауль * коомго олуттуу коркунуч туудурган кылмышкер болчу. Ал жолдошу менен (анысы да кынык кылмышкер) атайылап киши өлтүргөндүгү үчүн кесилишкен. Экөө менен изилдөө өткөргөн аксакалдар алардын барып турган каны кызуу немелер болушканын айтышат. Раулдун өч душмандары да бар экен. Мисалы, алардын бири Раулду өлтүрөм деп ант берсе, Рауль да, «душманга кекти кетиргенче, денеде башты кетирген артык» деген ойдо жүргөн. Анан дал ошол киши Атланта түрмөсүнө которулуптур. Бул Рауль үчүн эч күтүлбөгөн иш эле. Алар бири-бири менен же сейил короосунан, же ашканадан, же түрмө имаратынан эртели-кеч жолугушары бышык болчу. Бирок Иегованын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштагандан тартып Раулдун ой жүгүртүүсү, жүрүм-туруму, ал түгүл сырткы көрүнүшү абдан өзгөрүп калган. Акыры бир күнү алар түрмөнүн короосунан бири-бири менен беттешкенде, берки Раулду тааныбай жанынан өтүп кеткен! Ошентип, кан төгүлмөк кармаш болбой калган.

Рауль өзүнүн Кудайга арналганын сууга чөмүлтүлүү менен көрсөтүүнү чечкенде, суу толтуруу үчүн батымдуу идиш табыш керек болду. Түрмөнүн дин кызматчысынын жардамы менен кара табыт табышып, ага мелт-калт суу куюлат. Бирок Раулдун ага батпасы бир караганда эле көрүнүп турган. Ошондуктан чөмүлдүрүп жатышканда, Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Раулду сууга толук чумкутуш үчүн, аны эки жагынан эки аксакал күч менен ныгыра басууга туура келди (Матфей 3:16). Рауль камактан чыгып, учурда жыйналышта жигердүү кызмат кылып жатат.

1987-жылы түрмөдөгү иммигранттардын көбүн өлкөдөн чыгарып жиберүү токтому кабыл алынганда, камактагылар көтөрүлүш чыгарышкан. Бул көтөрүлүш эл аралык жаңылыкка айланган. Барымтага алынгандар да болгон. Бирок түрмөдөгү дүрбөлөңдүү көтөрүлүшкө кошулбашы менен өмүрүн тобокелге салган кайраттуу иммигранттар тууралуу аздар гана билген. Көтөрүлүшкө кошулушпагандар биз менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандар болчу. Алар мурун «кашык каны калганча» мушташууга даяр болсо, көтөрүлүш учурунда ырайымсыздык менен тартипсиздикти жакташкан эмес. Ыйык Китептин кынык кылмышкерлерди да Ыйсанын тынчтыкты сүйгөн жолдоочулары болгудай кылып өзгөртө аларына алардын жүрүм-турумунан өткөн далил жок эле (Еврейлер 4:12).

Кечирим табуу

Жеймс менен да эсте каларлык окуя болуп өткөн. Ал мурун Иегованын Күбөсү болчу, бирок кийин рухий жактан алсырап калган. Бир жолу ал азгырыкка туруштук бере албай, банк ишине байланыштуу алдамчылык жасайт. Жеймс жыйналыштан четтетилген. Ал гана эмес, Атлантанын федералдык түрмөсүнө түшөт. Кийин ал: «Ошол күндөр өмүрүмдөгү эң оор маал болду»,— деп айтып берет.

Жеймс үчүн түрмөдөгү жашоо абдан кыйын болгон. Ал «жалгыздыктан, үмүтсүздүктөн катуу кыйналганын» эстейт. Түрмөнүн тар камерасында камалып жатып, ал жашоосун кандай өткөрүп жатканы тууралуу жакшылап ойлонуп көрүүгө аргасыз болот. «Өзүмдүн кандай шартта күн көрүп жатканыма эмес, асмандагы Атамдын атын каралаганыма катуу кыйналдым»,— дейт ал. Бир нече айдан кийин, Иегованын Күбөлөрү менен Ыйык Китеп изилдеп аткан камактагы бир жигит Жеймске келип, ыйык китептик сабактарга чакырган. Адегенде Жеймс уялганынан барбайм деп коёт. Бирок берки жигит кайра-кайра чакыра бергенинен, акыры дем алыш күнкү жолугушууга барат.

Жеймс Күбөлөрдүн Ыйык Китепти изилдегендерге чын дилден көңүл бөлүп жатышканын көрүп, абдан таасирленген. Аны дагы бир жагдай аябай таңыркаткан. Башка диндердин ыктыярдуу кызматкерлери тууралуу билгендеринин негизинде Жеймс түрмөдөгүлөргө жардам берип жаткан ыктыярлуу Күбөлөргө жакшы акча төлөнсө керек деп ойлойт. Бирок алардын кылган кызматы үчүн бир тыйын да алышпасын билгенде, абдан таң калган (Матфей 10:8).

Жеймс келерки жолугушууларды чыдамсыздык менен күтө баштайт. Анын айтымында, жолугушууларды өткөргөн бир туугандар сезимтал, чын ыкластуу болушчу. Ага, айрыкча, бир аксакал жакчу. «Ал Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты мага жандандырып берди, ошондуктан мен аны күн санап күтчүмүн,— деп эстейт Жеймс.— Анын маанайы башкаларга да тез „жуга“ турган. Ал Ыйык Китептеги жазылгандын чыныгы маңызын түшүнүүгө, аны адегенде өзүм үчүн чындык кылууга, мындан да маанилүүсү, Ыйсаныкындай ой жүгүртүү өрчүтүүгө аракеттенип, ойлонуп окуш керектигин түшүнүүгө жардам берди».

Жеймс күнөөлөрүн Кудай кечирерине күмөн саначу. Анда ал оюн эмнеден улам өзгөрткөн? «Кудайдын кечирүүгө даярдуулугу ошол ишенимдүү, өз кызыкчылыктарын издебеген кишилердин бизге жасаган мамилелеринен көрүнчү *. Кылган күнөөлөрүм оор болсо да, ал бир тууган мага Кудай күнөөмдү кечирбейт деп ойлоого эч бир себеп берген жок. Иегова мени эч качан таштаган эмес. Ал чындап өкүнгөнүмдү, мындан ары маңызсыз, кылмыштуу жолдо жүргүм келбегенин көрүп, баталарын мол берди». Ырас, Жеймс жыйналышка кайрадан кабыл алынган. Азыр анын түрмөдөн чыкканына он жыл болду, ал — жигердүү, дилгирлүү Ыйсанын жолдоочусу. Жеймстин жубайы жана башка туугандары анын азыр кызмат жардамчысы экенине жана жакында эле жыйналышта биринчи жолу жалпыга арналган баяндама сүйлөп чыкканына абдан кубанышууда.

Жол табуу

Биз Жоннини 1990-жылдын башында жолуктурдук. Анын үй-бүлөсүнүн Иегованын Күбөлөрү менен анча-мынча гана байланышы бар экен, алардын эч кимиси рухий жактан күчтүү болбогондуктан, Жонниге бала чагында тийиштүү рухий жана адеп-ахлактык жетекчилик берилген эмес. Ал кылмышкерлик дүйнөсүнө утур көбүрөөк аралашып олтуруп, акыры Атланта түрмөсүнүн жанындагы лагерге түшкөн. Лагерден Ыйык Китеп изилдөө сабактары өтүлөрүн угуп, биздин сабактарга келип, катышып жүрүүнү чечкен.

Адегенде ал абдан начар окуучу. Ошентсе да Иегова менен Ыйса Машайык тууралуу көбүрөөк билүүнү абдан каалагандыктан, жакшы окуганды үйрөнүүгө тырышып аракеттене баштайт (Иоанн 17:3). Биздин өткөзгөн сабактарыбыз бул боюнча да айрымдарга, эгер алар текстти түшүнүү жана үн чыгарып окуу боюнча көнүгүүлөрдү аткарышса, жардам берген. Ал эми Жонни сабактарда ушунчалык ынта коюп окугандыктан, Ыйык Китепти чын дилден изилдөө боюнча башкаларга үлгү боло баштаган.

Арадан бир топ ай өткөндө Жонни, баңгизат көйгөйүнө арналган курска катышыш үчүн, Талладигдеги (Алабама штаты) федералдык түрмөгө которулган. Ал жакка барары менен Жонни Иегованын Күбөлөрүнүн жолугушууларына бара баштайт. Бошонуп кеткенине чейин ал ыйык китептик изилдөөлөргө жигердүүлүк менен катышчу. Ал эми ошол кубанычтуу күн келгенде, Жонни убакытты көп создуктурбай, өз шаарындагы Иегованын Күбөлөрү менен байланышкан. Ал жактагы туугандар Жоннини жылуу маанай менен тосуп алышкандыктан, ал Ыйык Китепти изилдөөнү улантып, дагы да рухий ийгиликтерге жеткен.

Жоннинин жигердүүлүгү жана Ыйык Китептеги чындыкка болгон сүйүүсү анын апасына жыйналыштын иштерине көбүрөөк катыша баштоого түрткү берген. Ал апасына жөлөк болуп, аны кайраттандырып турат. Жакында эле Жонни өзүнүн Иегова Кудайга араналганын билдирип чөмүлтүлдү. Азыр ал Ыйсанын жолдоочуларынын кызматына бүт күчүн жумшап катышып жатат.

Мол түшүм

Акыркы жыйырма жыл ичинде Атланта түрмөсүндө, кеминде, 40 адам Иегованын чөмүлтүлгөн кызматчылары болушту жана Ыйык Китептин жума сайынкы изилдөө сабактарынан 90 адам пайда алды. Айрымдары түрмөдөн бошонуп же башка түрмөгө которулуп кеткенден кийин чөмүлтүлүштү.

Биз, чын жүрөктөн өкүнгөн адамдарга жардам бериш үчүн жума сайын ушул тарыхый түрмөгө баргандар, кабар айтуунун бул өзгөчө түрүн абдан баалайбыз (Расул 3:19; 2 Коринфтиктер 7:8—13). Кароол мунаралары, куралдуу күзөтчүлөр, электр тогу менен башкарылган эшиктер, чырмалышкан тикендүү зымдар бу чөлкөмдү муңдуу көрсөткөнү менен, биз кылмышкерлердин жашоосун толук өзгөртүшкөнүнө, чынчыл жарандардан жана Кудайдын белсемдүү кызматчыларынан болуп жатышканына күбө болгонубузга бир чети, таңыркасак, бир чети, кубанабыз (1 Коринфтиктер 6:9—11). (Кат менен келген.)

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Бул окуялар тууралуу Иегованын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Иегованын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (англ.) аттуу китептин 647—656-беттеринен толугураак маалымат алууга болот.

^ 9-абз. Камактагылардын ысымдары өзгөртүлүп берилди.

^ 17-абз. 1991-жылдын 15-апрелиндеги «Күзөт мунарасында» (ор.) жыйналыш аксакалдары жыйналыштан четтетилгендерге жолугуу менен ырайымдуулук көрсөтүүгө чакырылган. Бул чаранын максаты — жыйналыштан четтетилгендерге Иеговага кайрылып келүүгө жардам берүү (2 Коринфтиктер 2:6—8).

[22-беттеги кутуча]

«Силер менин эң жакын досторумду кабыл алгансыңар»

Иегованын Күбөлөрүнүн ошол маалдагы Жетекчи кеңешинин мүчөсү Фредерик Френц 1983-жылдын апрелинде Атлантадагы федералдык түрмөгө барат. Френц ал түрмөнү көрүүнү көптөн бери каалап жүргөн. Имаратка кирип келип, ал далисте олтурган күзөтчүгө: «Силер менин эң жакын досторумду кабыл алганыңарды билишиңерди каалайм!» — дейт. Деңдароо боло түшкөн кароолчу үн каткан эмес. Френцтин бул айтканын кандай түшүнсө болот эле?

Андан 64 жыл мурун Жозеф Рутерфорд менен анын жети шериги коомго коркунуч туудурушат деген жалган жалаа менен камакка алынышкан. Кийинчерээк Рутерфорд менен Френц жакын достордон болуп калышат. Рутерфорддун көз жумганына 40 жыл болгондо, 90го чыгып калган Френц көптөгөн жылдар мурун жандосу олтуруп кеткен түрмөгө атайын келет. Албетте, ал бул жакка Рутерфорд менен анын досторунун жасап кеткен ишин ойлоп келген. Кандай ишин?

Рутерфорд менен анын шериктерин ушул түрмөгө алып келишкенден көп өтпөй, түрмөнүн башкармасынын орун басары аларга мындай деген:

— Биз силерге жумуш берели деп жатабыз. Эмне кылганды билесиңер?

— Сэр,— деп жооп берген ошол сегиз туугандын бири А. Х. Макмиллан,— мен кабар айткандан башка өмүрүмдө эч бир жумуш кылып көргөн эмесмин. Ушул өңдүү жумуш бересиңерби?

— Жок, сэр! Силерди дал ошонуңар үчүн бул жакка алып келип олтурушат. Андыктан, түз эле айтып коёюн, силер биерден кабар айтпайсыңар!

Арадан бир нече жума өтөт. Түрмөдө жекшемби күндөрү камактагылардын баарынан таат-ийбадатка келүү талап кылына турган. Ал бүткөндөн кийин, каалагандар чиркөө мектебине катышканы калышчу. Ыйык Китептин сегиз изилдөөчүсү болсо Ыйык Китеп изилдөө тобун уюштурушуп, кезектешип сабак өтө башташкан. Бул тууралуу Рутерфорд кийинчерээк: «Адегенде камактагылардын бирин-экини эле кызыгып келип атышкан, бирок келгендер бара-бара көбөйө башташты»,— деп айтып берген. Ыйык Китепти изилдөө тобундагылардын саны жүрүп олтуруп 8 адамдан 90 адамга чейин өскөн!

Ал сабактарга камактагылар кандай карашчу? Алардын бири: «Мен 72демин. Чындыкты түрмөдөн тааныбадымбы. Ошондуктан ушу түрмөгө түшүп калганыма сүйүнөм»,— десе, дагы бирөө: «Кесилген мөөнөтүм аягына чыгып калды. Силердин сабактарга катышпай каларыма өкүнөм... Бошонгондон кийин силердей адамдарды кайдан тапсам болорун айткылачы?» — дептир.

Эртеси бошонобуз деп жаткан күнү кечинде алиги сегиз тууган бир жаш жигиттен жүрөк козгогон кат алышкан. Анда мындай деп жазылган экен: «Мендей адам сыягынан кеткен, пас, туура жолдон адашкан адам үчүн оңолуу канчалык мүмкүн болсо, ошончолук деңгээлде оңолгум, татыктуу адам болгум келет. Мындай максат коюуга мага силер түрткү бергениңерди билишиңерди абдан каалайм. Мен азыр алсызмын, өтө алсызмын, муну өзүмөн артык эч ким билбейт. Бирок аракеттенем, силердин сепкен үрөнүңөр өсүп, мүмкүн болушунча көп түшүм алып келсин үчүн, өзүм менен күрөшүш керек экен — күрөшөм. Ошондо мен өзүмө гана эмес, айлана-чөйрөмдөгү кишилерге да жардам бере алам. Балким, мындай сөздөрдү мен сыяктуу адамдан укканыңарга таң калаттырсыңар, бирок бул жазган сөздөрүмдүн ар бири жүрөгүмдүн тереңинен чыгып жатат».

Андан бери 80 жылдан ашуун убакыт өттү. Иегованын Күбөлөрү башка көптөгөн түрмөлөр менен катар Атлантадагы түрмөдө да мурдагыдай эле Ыйык Китептеги чындыктын үрөнүн сээп жатышат (1 Коринфтиктер 3:6, 7).