Угуу жөндөмүңөрдү сактагыла!
Угуу жөндөмүңөрдү сактагыла!
«Дүйнө жүзүндө 120 миллиондон ашуун адамдын угуу жөндөмү бузулган» (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму).
БИЗДИН үн-дабыштарды кабыл алуу жөндөмүбүз — баа жеткис белек. Бирок жаш өткөн сайын, ал жөндөмүбүз начарлай берет. Азыркы ар түрлүү үн-дабыш, ызы-чуулары көп жашоо да угуу жөндөмүнүн бузулушун ого бетер тездетет көрүнөт. Сент-Луистеги (Миссури штаты) Борбордук дүлөйлөр институтунун алдыңкы адистеринин бири мындай дейт: «Америкада угуу жөндөмү бузулгандардын болжол менен 75 пайызы ал ооруга улгаюунун кесепетинен эмес, өмүр бою угуп келген ар кыл дабыштардан улам чалдыгышкан».
Кулак тундурма катуу дабыш кыска убакыт ичинде угулса да, ички кулактын назик түзүлүшүнө доо кетиши ыктымал. Бирок, сурдология адиси Маргарет Чизмандын айтуусунда, угуунун начарлашына көбүнчө «күрүү-күү, бака-шакасы басылбаган жумуш же ызы-чуулуу иш-аракеттер менен көңүл ачууларга окшогон бир катар жагымсыз шарттар» себеп болот. Анда угуу жөндөмүн сакташ үчүн кандай чара көрө алабыз? Биз бул суроого, угуу органыбыздын кандайча иштээрин азын-оолак билип алсак, жооп алабыз.
Кулагыбызга угулган дабыштар
Бизди курчап турган чөйрөдөгү ызы-чуу, үн-дабыштардын деңгээли барган сайын жогорулап баратат. Көптөргө күн сайын машине, жүк ташуучу унаалардын күрүлдөгөн үнүнөн тартып, өндүрүштүк электр шаймандарынын бака-шака түшкөн үндөрүнө чейинки ар кандай кубаттуулуктагы дабыштарды угууга туура келет.
Айрым учурларда кулагыбызды өзүбүз аябайбыз. Айталы, азыр көптөр кассета же компакт-дискттердеги музыканы портативдүү ойноткучтардын кулакчындары аркылуу укканды жакшы көрүшөт. «Мюзикенс клиникс оф канаданын» негиздөөчүсүнүн бири Маршалл Чейсин билдиргендей, Канада менен АКШда жүргүзүлгөн изилдөөлөр жаштар кулакчын аркылуу музыканын үнүн өтө катуу кылып алып угушкандыктан, алардын арасында кулагынын угуусу төмөндөп бараткандардын
саны көбөйүп баратканын көрсөткөн («Musicians’ Clinics of Canada»).Кандай үндү өтө катуу деп эсептешке болот? Үн узактыгы, жыштыгы жана катуулугу менен мүнөздөлөт. Узактыгы деп үндүн угулган убакыт аралыгы айтылат. Үндүн жыштыгы — анын бир секунддагы термелүүсүнүн саны — герц менен ченелет. Жакшы уккан адам 20дан 20 000 герцке чейинки жыштыктагы үн термелүүсүн угууга жөндөмдүү.
Үндүн катуулугунун же күчүнүн деңгээли децибел (дБ) менен өлчөнөт. Кадимки сүйлөшүү маалындагы үндүн бийиктиги 60 децибелге жетет. Аудиологдордун — кулак адистеринин — ою боюнча, адам бийиктиги 85 децибелден ашкан үндүн таасири астында канчалык көпкө болсо, акырындык менен анын угуу жөндөмү ошончолук начарлайт. Үн канчалык катуу, бийик болсо, кулактын угуусу ошончолук бат төмөндөйт. «Ньюсуик» журналынын билдирүүсүнө караганда, «электр көзөөч (100 дБ) менен иштегенде кулакка зыян келтирбестен эки саат чыдаса болот, ал эми ызы-чуулуу видео оюн ойнолгон жайларда (110 дБ) жарым сааттан ашык чыдай албайсыңар. Үндүн катуулугунун деңгээли 10 децибелге жогоруласа, анын угуу органына таасир этиши 10 эсеге көбөйөт». Изилдөөлөрдөн улам такталгандай, үн катуулугунун деңгээли 120 децибелге жакын болсо, кулакта ооруган сезим пайда болот. Ошого карабастан, айрым үйлөрдө коюлган стереоаппаратуралардын үнү 140 децибелге жетет. (Кутучаны карагыла.)
Катуу чыккан үндөрдүн эмне себептен кулакка зыян келтирерин түшүнүш үчүн, үн толкундары кулагыбызга жеткенде эмне болорун талдап көрөлү.
Угуу органыбыздын иштеши
Биздин сырткы кулагыбыз, башкача айтканда, кулак калканы үн толкундарын тосуп алып, сырткы угуу өткөөлүн карай жиберет, үн толкундары тарсылдак жаргагына барып урунат да, аны дирилдетип кыймылга келтирет. Ал эми тарсылдак ортоңку кулактын үч уктургуч сөөкчөлөрүн кыймылдатат. Андан соң, ал дирилдөөлөр суюктукка толгон көңдөйлөрдүн жана каналдардын системасынан турган ички кулакка өткөрүлөт да, ички кулактагы суюктукту кыймылдатып, толкутуп, уктургуч рецептордук клеткалары бар үлүлгө жетет. Үлүлдүн суюктугунун толкушу сырткы рецептордук клеткалардын дүүлүгүүсүн чакырат, үн толкундары нервдик импульстарга айланып, мээге берилет. Мээ болсо аларды ажырата тааныганда, бизге үн угулат.
Лимби системасынын (мээ бөлүкчөлөрүнүн жыйындысы) жардамы менен мээ кайсы дабыштарды кабыл алуу, кайсыларына көңүл бурбоо керектигин аныктайт. Мисалы, эне айрым учурларда баласынын ойноп жатканда чыгарган үн-дабыштарына көңүл бурбашы мүмкүн, бирок баласы чочуп же коркуп кетип бакырса, дароо карайт. Биз эки кулагыбыз менен угабыз, ошондуктан өзүнчө стереоэффект пайда болот. Бул бизге үндүн булагынын ордун аныктоого жардам берет. Ал эми сүйлөшүп жатканыбызда мээбиз бир маалда бир гана маалыматты кабыл ала алат. «Ошон үчүн телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда,— деп түшүндүрүлөт „Сезүү органдары“ аттуу китепте,— адам жанында тургандардын бири бирдеме десе, дароо түшүнө бербейт» («The Senses»).
Эмне үчүн катуу үн-дабыштардан угуу начарлайт?
Катуу үндөрдүн кулакка кандай таасир этерин элестетиш үчүн, төмөнкүдөй мисал алып көрөлү. Коопсуздук чаралары тармагындагы бир изилдөөнүн билдирүүсүндө ички кулактын рецептордук клеткалары — буудай талаасы менен, ал эми кулакка кирген үн толкундары шамал менен салыштырылат. Акырын чыккан үн буудай башын зыян келтирбей, жай термелтип өткөн желаргы сымал. Шамал күчөгөн
сайын, буудайдын башы ого бетер ийилет. Бир заматта куюндап өткөн катуу шамал же анчалык катуу болбосо да, далай убакыт бою ырылдап уруп турган шамал буудайга зыян келтирип, өлтүрүп коюшу мүмкүн.Ар кыл ызы-чуулар да кичинекей, сезгич рецептордук клеткаларга дал ошондой таасир тийгизет. Күтүүсүздөн чыккан катуу үн ички кулактын ткандарына зыян келтирип, жаракат калтырып, сөзсүз угуу жөндөмүнүн бузулушуна алып келет. Узак убакыт бою катуу ызы-чууну угуу рецептордук клеткаларга олуттуу жабыркоо келтириши ыктымал. Ал клеткалар болсо кайра калыбына келбейт. Кулактын чуулдашы, шуулдашы же баштын зыңылдашы, зуңулдашы ошол себептен болушу мүмкүн.
Угуу жөндөмүн узакка сактоо
Угуу жөндөмүнүн начарлашына кээде тукум куугучтук же жабыркоо себеп болот. Ошентсе да бул эң сонун белекти мүмкүн болушунча узак пайдаланышыбыз үчүн, өзүбүз бир топ кам көрө алабыз. Кулактын угуусунун начарлашына алып келер зыяндарды алдын ала биле жүрүү жакшы. Бир адистин айтуусу боюнча, «кыйынчылык пайда болгондон кийин чара көрө баштоо териге күнгө күйгөндөн кийин гана күн нурунан коргогон лосьон сүйкөө менен бирдей».
Көбүнчө эмнени угуп жаткандыгыбыз эмес, аны кандайча угуп жаткандыгыбыз көйгөй туудурат. Айталы, стереокулакчын колдонуп атсак, андагы үндүн айланадагы башка да үн-дабыштарды уккудай бийиктикте болгону жакшы. Эгерде үйүңөрдөгү же машинеңердин ичиндеги иштеп аткан стереоаппаратураңардын үнүнөн башкалардын сүйлөгөнүн укпай калып жатсаңар, демек, андай бийиктиктеги үндүн кулагыңарга терс таасир этери бышык. Адистер эскерткендей, угуу органына эки-үч саат бою 90 децибел чыккан үн таасир этсе, олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Эгерде айлана-чөйрөдө ызы-чуу көп болсо, атайы кулак тыгынын же кандайдыр бир башка жекече коргоо ыкмаларын колдонуу сунуш кылынат.
Ата-энелер балдардын угуу органдары чоң адамдардыкына караганда сезгич келерин эстен чыгарбашы керек. Катуу үн чыгарган оюнчуктар баланын угуу жөндөмүнө терс таасир этиши ыктымал экенин унутпагыла. Себеби кадимки эле шылдырактын үнү 110 дицибелге жете алат!
Биздин угуу органыбыз кичинекей болсо да, ары сезгич, ары кереметтүү. Кулагыбыз аркылуу курчап турган дүйнөдөгү түрлүү-түрлүү үндөрдү, алардын ичинде абдан мукам үндөрдү да угабыз. Албетте, бул кереметтүү белек биздин аяр мамиле кылышыбызга татыйт.
[20-беттеги кутуча]
Төмөнкү белгилер угуу жөндөмүңөрдүн начарлап баратканын көрсөтүшү мүмкүн:
• үналгы же сыналгынын үнүн башкаларды кыжырданткан бийиктикте койсоңор;
• айтылгандарды кайра-кайра сурай берсеңер;
• сүйлөшүп жатканда моюнду созуп алып, сүйлөп аткан адамды жакшы угуш үчүн, башыңарды ошол тарапка бура берсеңер;
• эл көп чогулган жерлерде же ызы-чуулуу жерлерде, мисалы, олтурушта же эл көп дүкөндө айтылгандарды каңырыш уксаңар;
• бирөөнүн эмне дегенин укпай калып, башкалардан сурай берсеңер.
[21-беттеги кутуча]
Айрым дабыштардын орточо деңгээли
• Дем алуу — 10 дБ
• Шыбыроо — 20 дБ
• Сүйлөшүү — 60 дБ
• Көчөдөгү транспорттордун эң көп маалы — 80 дБ
• Электр чалгыч — 90 дБ
• Өтүп бараткан поезд — 100 дБ
• Тасмалуу араа — 110 дБ
• Реактивдүү учак — 120 дБ
• Мылтыктын атылгандагы үнү — 140 дБ
[22-беттеги таблица]
кулак калканы
ортоңку кулактагы үч уктургуч сөөкчө
тарсылдак
мээге маалымат жеткирүүчү нервдер
үлүл