«Сүйүү алмасынын» жеңиши
«Сүйүү алмасынын» жеңиши
Испаниядагы кабарчыбыздан
КӨПТӨГӨН кылымдар мурун «сүйүү алмасы» — помидор — Түштүк Американын Анд аймагында өскөн жапай өсүмдүк гана болчу. Ал жакты мекендеген жергиликтүү калк, индейлер, помидордун мөмөсүнүн даамдуу экенин билгени менен, аны өстүрүшпөгөн көрүнөт. Кандайдыр бир жол менен ал даамдуу мөмө ацтектер жашаган Мексикага жетиптир. Ал жерден ага хитоматль деген ат берилет. Томатль деген сөз помидор өңдүү кээ бир ширелүү жемиштерге карата колдонулчу экен. Бара-бара томат соусу сальса ацтектердин жакшы көргөн тамактарынын бирине айланат. Ошентип, помидор дүйнө жүзүнө таанылуу үчүн, ары узак, ары убаралуу «сапарга чыгат».
Испан конкистадорлоруна да томат соусу абдан жагат. Өмүрүнүн көбүн Мексикада өткөргөн бир иезуит диний кызматчы 1590-жылы помидордун жегиликтүү жана абдан пайдалуу экенин, ал эми помидор кошулган соустар бир башкача даамдуу болорун айткан. Мексикадан испандар өз өлкөсүнө, ошондой эле Кариб деңизиндеги жана Филиппин аралдарындагы колоннияларына томаттын уруктарын ала барышкан. Бирок адегенде элдин жактыруусуна бат эле ээ болчудай көрүнгөнү менен, бул жемиш дүйнөлүк ашпозчулукта үч кылым өткөндөн кийин гана кеңири колдонула баштайт.
Негизсиз ой-пикирлер менен күрөшүү
Негизи, шектенүүлөр, кайсы тармакта болбосун, оңой менен жоюлбагандай эле, тамак-аш жагындагы шектенүүлөрдү да жеңүү кыйын. Помидор Мексикада баарынын жакшы көргөн мөмөсүнө айланса, Европада бааланмак түгүл, жектелген. Буга, баарынан мурда, европалык ботаниктердин аны уулуу белладонна, меңдубана өңдүү өсүмдүктөр кирген ит жүзүмдөр тукумуна киргизип коюшу себеп болгон. Анын үстүнө, жалбырагы жыттуу болгондуктан, аны уулуу деп эсептешкен. Айрым чөп билгилердин помидорду жыныстык сезимдерди ойготот деген негизсиз божомолдоолору жагдайды ого бетер татаалданткан. Кээ бирөөлөрдүн ырастоосу боюнча, француздар ошол себептен аны пом д’амур, башкача айтканда, «сүйүү алмасы» деп атап калышкан.
Бурмаланган ой-пикирлер Түндүк Америкага да жетет. Американын Массачусетс штатындагы бир бакчачы 1820-жылы: «[Помидорлор] ушунчалык жийиркеничтүү болсо керек, аларды мен өзөгүм карарып баратканда гана оозума алмакмын»,— деген. Бу жемишти жалгыз ал эле жек көргөн эмес. Пенсильваниялык бир киши аны «ачып кеткен акыр-чикир» десе, анын замандашы, англис бакчачы, ага «сасык алтын алма» деген мүнөздөмө берген.
Ошого карабастан, бактыга жараша, XVI кылымда помидорду помодоро, «алтын алма», деп италиялыктар ага баарынан жарашыктуу ат табышкан *. XVII кылымдын биринчи жарымында помидорлор Италияда — күнөстүү, аба-ырайы ылайыктуу өлкөдө — кеңири олтургузула баштаган. Бирок Европанын түндүгүндөгү шектенүү арадан эки жүз жылча өткөндө барып жоюлган; ал жакта помидорлорду кооздук үчүн жана дары өсүмдүк катары гана өстүрүшкөн.
Бурмаланган көз караштарды жеңип чыгуу
Адамдар помидордун даамын татып алышкан соң, ага байланыштуу ар кандай терс көз караштарды унутуп, өстүрө башташкан. 1870-жылдары Нью-Йорктогу континенттерди байланыштырган жаңы темир жолдун салынышы менен жаш-жаңы калифорния помидорлорун кенен-кесир сатып алуу мүмкүн болуп калган. Андан бир ондогон жылдар мурун Неаполдо (Италия) дүйнөдөгү биринчи пиццакана ачылат, бул помидорго болгон сурамды бир топ жогорулаткан. Ал эми XX кылымда, пиццаны айтпай эле коёлу, томат шорпосу, томат ширеси, кетчуп миллиондогон адамдардын табитине төп келип, жек көрүндү, зыяндуу делген помидор дүйнөдөгү жакшы көргөн жемиштердин бирине айланган. (Кутучаны карагыла.) Помидор өстүрүү чоң киреше бергенден сырткары, ал — Ортоңку Чыгыштын айдың талааларынан тартып Түндүк деңиздин шамал ырылдап уруп турган жээгине чейин отурукташкан дыйкандардын баккан жемиши.
Синайдан нефть чыгаруучу жайларга чейин...
Түндүк деңиздин ортосундагы нефть чыгаруучу жай мөмө-жемиштерди өстүрүү үчүн бир топ ыңгайсыз. Бирок помидор — ар кандай шартка чыдамдуу өсүмдүк. Эгерде анын уругун зарыл азыктандыруучу элементтери бар өзүнчө пластик идиштерге олтургузуп коюп, керектүү өлчөмдө суу куюп турса, өсө берет. Ошон үчүн помидор нефть чыгаруучулардын арасында да бааланат: алар нефть алынуучу жайлардагы жансыз түтүктөр менен тетиктердин арасында жашыл өсүмдүк көрүп жүрүшкөнүнө кантип кубанбай коюшсун? Ал гана эмес, өз колдору менен өстүргөн мөмөлөрү дасторкондорунун көркүн ачат эмеспи.
Ал кургак аймактарда деле өсө берет. Болгону эле анча-мынча чыдамкайлык талап кылынаттыр. Айрым бедуиндер — Синай тоосунун ар кайсы аймактарына тараган уруулар — атайы тектир жасашып, жашылча-жемиш олтургузушат. Ал тектирлер жакын арадагы суулар, кудуктар жана ошол чөлдүү жерлерге кээде жаап калуучу жаан-чачын менен сугарылат. Мындай сугаттын аркасында бедуиндер чоң-чоң помидорлордон мол түшүм алышат. Алар помидорлорду күнгө кургатып, кышкыга да сактап коюшат.
Бирок помидор өзүнүн чыдамдуулугу, шартка оңой ылайыктала алышы, жер тандабастыгы, аба-ырайынын өзгөрүүлөрүнө байымдуу болушу менен гана атагы чыккан эмес. Томаттын түрлөрүнүн көбү өзүн-өзү чаңдаштыргандыктан, ар кандай табитти канааттандыруу үчүн жаңы сортторун чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда бакчачылардын колунда томаттын 4 000ге жакын сорту бар. Алча сымал майда, таттуу помидорлор салатыңарды кооздоп, аны өзгөчө даамдуу кылат. Жаңыдан бышкан катуураак помидорлор көбүнчө жабууга колдонулса, чоң, эттүүлөрү салат жана башка тамак-аштарга кошулат. Андыктан помидор — испан тамак-аштарында пайдаланылуучу негизги азыктардын бири.
Албетте, помидор, айрыкча, өзүнүн даамдуулугу менен чоң жеңишке жеткен. Пицца, помидор салаты, томат соусу же ширеси... Чынында, булардын атын укканда эле шилекейиң агат эмеспи! Ооба, бул жемиш өзүнүн «сүйүү алмасы» деген атын актабаса да, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар аны жакшы көрөт.
[Шилтемелер]
^ 8-абз. Италиялыктар өстүргөн алгачкы помидорлор сары түстө болгондуктан, аны ушинтип атап калышкан деп эсептелет.
[26-беттеги кутуча]
Гаспачо — жан сергиткен помидор ширеси
Жайдын ысык күнүндө муздак, даамдуу суусундук ичкиңер келеби? Андалусияда (Испания) дээрлик күн сайын негизги тамак менен чогуу гаспачо берилет. Ал оңой эле даярдалат. Колдонулуучу азык-заттары да жөнөкөй. Ал даамдуу, ары үй-бүлөңөргө пайдалуу. Төмөндө беш адамга чакталган гаспачонун испанча даярдалышы көрсөтүлдү.
Керектелүүчү азык-заттар:
600 грамм бышкан помидор;
350 грамм бадыраң;
250 грамм таттуу кызыл калемпир;
2 кесим каткан нан (60 грамм);
2—3 аш кашык ачык суу;
2—3 аш кашык зайтун майы;
туз;
1 тиш сарымсак;
чымчым зире.
Даярдоо жолу: Калемпирди уруктарынан тазалап, бадыраң менен помидордун кабыгын аарчып таштоо керек. Аларды майда туурап, бир идишке салып, үстүнө бир литр суу куюп коёт (суу үстүн текши жапкандай болсун). Ага нан, сарымсак, татымал, ачык суу жана май кошулат. Бир түн турушу керек. Эртеси электр чалгыч менен чалып, чыпкадан өткөрөт. Даамына жараша татымалдардан дагы кошсо болот. Гаспачону берер алдында муздаткычка коё турган жакшы. Аны майда тууралган помидор, бадыраң жана таттуу калемпир менен дасторконго койсо болот.
[27-беттеги кутуча]
Помидорлор тууралуу фактылар жана эсептер
Помидор — дүйнө жүзүндөгү эң кеңири таанымал жемиш. Жылына андан 100 миллион тоннага жакын түшүм жыйналат. Бул сан алма, банан, жүзүм менен апельсин өңдүү башка мөмө-жемиштердин санынан бир канча эсе көп.
Помидорду көбүнчө жашылча деп коюшканы менен, ботаникалык көз караш боюнча, ал мөмө-жемиштерге кирет, себеби анын желе турган мөмөсүндө уругу бар (жашылчалардын сабактары менен жалбырактары, тамыры желет).
«Гиннесстин рекорддор китебине» катталган эң чоң помидор Оклахомада (АКШ) өстүрүлүп чыгарылган. Анын салмагы 3,5 килограмм эле.
Бул өсүмдүктү багардын алдында же анын жанында турганда чылым чекпеш керек: томатка зыян келиши мүмкүн. Тамекиде томаттар туруштук бере албаган вирус болот.
Томаттын мөмөсүндө А жана С витаминдери бар, ликопеномго (антиоксидантка) да бай. Айрым изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде помидор көп колдонулган мүнөз тамак рак оорусуна чалдыгуу ыктымалдыгын азайтат деген божомолдоо чыгарылган.