Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кош айтышып кала берген балалык

Кош айтышып кала берген балалык

Кош айтышып кала берген балалык

Балалыкка ээ болуу — балдардын негизги укуктарынын бири» («The Hurried Child»).

БАЛАЛЫК, негизи, ары бейкапар, ары санаасыз маал болууга тийиш экенин эч бирибиз танбаспыз. Тилекке каршы, учурда андай балалыктын четин да көрбөгөн балдар аз эмес. Миңдеген, ал эмес, миллиондогон чиедей балдардын кыял-үмүтү согуштун айынан ойрон болсо, кулчулук менен зордуктун кесепети канчасынын өмүрүнө бүлгүн салууда.

Өзүлөрүн үйүнө караганда эшиктен коопсуз сезгендиктен, көчөдө каңгып жашоого аргасыз болгон балдардын сезимин көбүбүз элестеткибиз да келбейт. Дал ошол мээримге, коргоого муктаж болуп турган маалында, тырмактайында, алар өзүн-өзү коргоп, канткенде ар кандай зордук-зомбулуктардан сактанып, «коопсуз» каңгып жашоого болорун өздөштүрүүгө мажбур болушат. Азыркы кыйын кезеңдин запкысын көп учурда так ошо балдар тартышууда.

«Балалыгым кайрылып келсе кана...»

Кармен бала кезинде азапты көп көргөн, ал азыр 22де *. Атасынын катаал мамилесинен, энесинин кайдыгерлигинен улам сиңдиси экөө үйүнөн безип, көчөдө күн өткөрүүгө аргасыз болушкан. Антип жашоо өтө кооптуу болсо да, бактыга жараша, алар үйүнөн качып кеткен балдардын көбү туш болуучу каргашаларга кабылышкан эмес.

Анткен менен Кармен балалыгынын кыя өтүп кеткенине өкүнөт. «Өзүмдү бешиктен белим чыга электе эле 22 жашка чыгып калгандай сезем. Азыр жолдошум бар, балаалуубуз. А мен болсо алиге чейин кичине кыздан бетер оюнга канбагансыйм: кээде, мисалы, куурчак ойногум келип кетет. Ата-энемдин сүйүүсүнө, эркелетишине зар болом. Аттиң, балалыгым кайрылып келсе кана...» — дейт ал.

Кармен менен сиңдисиникиндей тагдырды башынан өткөргөн же өткөрүп жаткан балдар, чынында, көп. Алардын көчөдө жашашынын өзү эле балалыгынан кол жууган менен бирдей эмеспи. Көбү өзүлөрүн багыш үчүн кылмышкерликке барышууда. Маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү менен статистикалык эсептер боюнча, балдар кылмышкерлик жолуна кээде өтө эле жашында түшүшөт. Мындай көйгөйдү дагы бир көрүнүш — көптөгөн кыздардын өзүлөрү бала туруп балалуу болушу — татаалдантат.

Коомдогу көмүскө көйгөй

Асыранды балдардын санынын өсүп баратышы да — мезгилдин өкүттүү чындыгы. Бир гезитке жарыяланган макалада мындай делген: «Күтүлбөгөн жерден асыранды балдарды тарбиялоо көйгөйү пайда болду. Ажырашып кеткен же балдарга тийиштүү тарбия бере албаган үй-бүлөлөрдүн айынан кароосуз калган балдардын саны өсүүдө» («Weekend Australian»). «Асыроого берилген балдардын кээси кандай шартта жашап атканына камкорчулук органдарынын кызматкерлеринин эч кимиси айлап, атүгүл, жылдап дагы кызыгышпайт, кээ бир балдар туруктуу үйү жок колдон колго өтүп жүрө беришет»,— деп белгиленет ал гезитте.

Мисалы, утур бир үй-бүлөгө багууга берилип олтуруп, үч жылдын ичинде 97 үй алмаштырган, алардын айрымдарында бир эле түн түнөгөн 13 жашар бир кыздын тагдыры белгилүү. Ал өзүнүн жан адамга керексизине, таянар эч кими жогуна ичтен сызып, кандай кыйналганын эстейт. Ооба, ошол кыз өңдүү балалыктын бакытын көрбөгөн асыранды балдар аз эмес.

Учурда, эксперттер белгилегендей, балалыктын эрте аякташы олуттуу маселеге айланып баратат. Бул да коомдогу өкүнүчтүү көрүнүштөрдүн бири. Ошондуктан бала-бакыраңар маңдайыңарда болсо жана аларды багып, камсыз кылуу өз колуңардан келсе, өзүңөрдү бактылуу ата-энебиз деп эсептей бергиле. Бирок, ошол эле учурда, тынчсыздануу туудурган башкача да жагдай бар: азыркы кезде балалыгынан толук ажырап калбаганы менен, бала болууга убактысы жок балдар көп. Кандайча? Ал кандай натыйжаларды алып келүүдө?

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.