Кырсык-кайгыга кантип туруштук берүүгө болот?
Жаштар сурайт:
Кырсык-кайгыга кантип туруштук берүүгө болот?
«Террорчулар апамды эмнеге өлтүрүштү?» (Кевин *).
«[11-сентябрга чейин] туннелдерди жакшы көрчүмүн. Эми болсо туннель жарылып, ичинде өзүмдүн өлүп атканымды элестете берем» (Питер).
КЕВИНДИН апасы 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорктогу Эл аралык соода борборуна жасалган террордук чабуулдан каза болгон. Ал эми Питер андай оор жоготууга учурабаса да, ага ошол каргашалуу окуя катуу таасир эткен.
«11-сентябрдагы кайгылуу окуядан улам миңдеген нью-йорктук балдар психикалык жактан жабыркоо тартышты. Ал көбүнүн жүрөгүндө өмүр бою кеткис из калтырды»,— деп айтылат бир билдирүүдө. «Ошол кырсык болуп өткөн жерден алыс жашаган балдардын эмоциялык жактан террорчулукту өз көзү менен көргөн балдардан кем эмес» жапа чегиши тынчсыздандырат *.
Балдардын башка да учурларда, мисалы, Израилдеги жанкечти террорчулардын жардыруусунан же башка жактардагы туш келди атышуулардан кийин ошондой абалда болушканы байкалган. Эмоциялык жабыркоолорду изилдөө тармагындагы бир адис, ошондой атышууларды кеп кылып, мындай дейт: «[Балдар] ал жерден жүздөгөн чакырым алыстыкта жашашкан күндө да, андай каргашалуу окуя аларга катуу таасир этиши мүмкүн».
Эмне себептен? Кандайдыр бир кырсык болуп өткөндө балдарга майда-баратына чейин сүрөттөлгөн, көрсөтүлгөн маалыматтар туш-тараптан жаайт. Террорчулардын жардыруусунун, мектептеги атышуунун же табигый кырсыктардын үрөйдү учурарлык көрүнүшү алардын наристе акылында терең из калтырат. Ошондуктан жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде Нью-Йорк эл агартуу бөлүмү тарабынан: «Эл аралык соода борбору ураганынан жарым жыл өтсө да, террорчулардын чабуулу орто мектептердеги 8266 окуучунун 76 пайызынын көз алдынан али кете элек»,— деп белгиленген.
Ыйык 2 Тиметейге 3:1—5). Андыктан кайгы же кырсык менен беттешкенде кантип туруштук берүүгө болот? *
Китепте айтылгандай, биз өтө «оор күндөрдө» жашап жатабыз (Кырсыктар эмне себептен болот?
«Туура ой жүгүртө» билүү катуу кайгырбоого жардам берет (2 Петир 3:1). Бардыгына Кудайдын көзкарашы менен кароого аракеттен. Ан үчүн, балким, кырсыктардын көбүнүн «мезгил менен кокустуктун капшабынан» улам болорун эстеш керектир (Насаатчы 9:11, ЖД). Аны ырастап, Ыйса Машайак Силоомдо мунара кулап, 18 адам өлгөнүн мисал келтирген. Ал ошондогу кырсыктын Кудай жазалагандыктан болбогонун таасын түшүндүргөн. Алиги адамдар, чынында, ылайыксыз учурда, ылайыксыз жерде болуп калгандыгы үчүн гана каза болушкан (Лука 13:1—5). Ушул тууралуу ой жүгүртүү кырсыктарга карата туура көзкарашта болууга жардам берет.
Туура ой жүгүртсөк, «Теңирге кыжырданып», аны кайгы-кырсыктар үчүн күнөөлөөдөн оолак болобуз (Накыл сөздөр 19:3). Жахаба адамдарга жамандык жибербейт. Тескерисинче, Ал — «сооронуунун... булагы» (2 Корунттуктарга 1:3). Кыйналганда ачууланып, андан алыстабастан, кайра, ого бетер ага жакындашыбыз керек. Ыйык Китептеги Жакып 1:13тө: «Азгырылып жатканда, эч ким „Кудай мени азгырып жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт»,— делген, мына ушу тууралуу ойлонуп көр *.
Мындан жүздөгөн жылдар мурун Ортоңку Чыгышта болуп өткөн кырсык да жогоруда айтылгандын төгүнсүздүгүн далилдейт. Андан аман калган жалгыз кишинин: «Асмандан Кудайдын оту түшүп, малды да, койчуларды да күйгүзүп кетти»,— деп айтып бергени маалымдалат Ыйык Китепте (Аюб 1:16). Ал киши үрөй учурарлык ошол алааматты Кудай кылган деп ойлогон. Бирок ал жаңылышкан. Аюб 1:7—12-аяттарда ал отту Кудай эмес, анын душманы Ибилис Шайтан жибергени ачык айтылат.
Ал өзгөчө окуя болгон: Жахаба Шайтанга Аюбдун берилгендигин сыноого жол берген. Ошондуктан бороон же сел сыяктуу табигый кырсыктарга Шайтанды түздөн-түз себепкер деп тыянак чыгаруунун кереги жок *. Ошол эле учурда, Ыйык Китепте «бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында» экени айтылат (1 Жакан 5:19). Андыктан ал кыргын-бүлгүн салыш үчүн адамдарды колдоно алат.
Бирок биз өзүбүздү коргоосуз калгандай сезбешибиз керек. Ыйык Китептеги 1 Шемуел 22:12—23-аяттарда баяндалган башка бир окуяны талдап көрөлү. Анда Кудайга берилген ыйык кызмат кылуучулардын жана алардын туугандарынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү айтылат. Албетте, Шайтан кыянатчыл Шабул падышага ошондой ишке барууга кандайдыр бир деңгээлде түрткү берген. Анткен менен кийинчерээк падышалык тактыга отурган, Жахабага берилген Дөөт 51-забурда кыянатчыл, бейтакыбаа адамдарды Кудай жок кыларына шектенбесин билдирген (Забур 51:7).
Биздин учурда да Кудай Шайтандын таасири менен жасалып аткан мыкаачылык, кан төгүүлөргө чексиз чыдай бербейт. Ыйык Китепте жазылган убадасына ылайык, ал жакында Уулу Ыйса Машайактын жардамы менен Шайтандын «иштерин талкалайт»! (1 Жакан 3:8). Ошондо Шайтандын жасагандарынын кесепеттүү натыйжаларынын изи да калбайт. Ал эми Кудай зордук-зомбулуктан, террорчулуктан набыт болгон адамдарды кайрадан жашоого тирилте алат (Элчилер 24:15).
Пайдалуу кеңештер
Ыйык Китепке негизделген мындай үмүт коркуу сезимине жеңдирүүгө жол бербейт. Мындан тышкары, төмөнкүдөй кадам жасасаң болот. Мисалы, Ыйык Китептеги Накыл сөздөр 12:25ке көңүл бур. Биз сезимдерибизди билдиргенибизде гана башкалар көңүл жубатар «жылуу сөз» айта алышат. Ошондо башкалар да ушу өңдүү кыйынчылыктар менен күрөшүп атканын түшүнөсүң. Андыктан кыйналып атканда ой-сезимдериңди ата-энеңе же жыйналыштагы рухий жактан жетилген бирөөгө айтып бер *.
Дагы бир кеңеш, кырсыктарды майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүп, сүрөттөп берген жаңылыктарды көрө же уга берүүнүн кереги жок. Антпесе, мээде калган элести унутуу кыйын болот (Забур 118:37).
Эгер сен Ыйсанын жолдоочусу болсоң, рухий иштериңдин адаттагы тартибин сакта (Филипиликтерге 3:16). Аларга ишенимдештериң менен чогуу жыйналыштарга катышуу жана ишенимиң тууралуу башкаларга айтып берүү кирет (Эврейлерге 10:23—25). Бул жаман ойлорду ойлой берүүдөн качууга жардам берет. Ал эми элден обочолонуу рухий жана эмоциялык саламаттыгыңа зыян гана келтириши мүмкүн (Накыл сөздөр 18:1).
Ыйык Китепти күн сайын оку. Бул оор учурларда өзгөчө чоң жардам болот. Лорейн аттуу бир кыздын энеси рактан каза болгон. Ал ошондо эмне жардам бергенин минтип айтып берет: «Ошол оор маалда Аюб китебин бир нече жолу окуп чыкканым эсимде. Забурларды окуу да сооронуч берчү. Ыйык Китептин соороткон жерлерин окуганда, өзүмдү Жахаба кучактап жаткандай сезчүмүн». Сиңдиси Мишель болсо: «Ыйык Китепти бир эле күн окубай калсам, дароо сезилчү. Заматта башыма терс ойлор келе баштачу. Ыйык Китепти күнүгө окуганым мен үчүн өтө керектүү рухий азык болду»,— деп эстейт.
Эгер сен жакын адамыңан айрылып кайгырып жүрсөң, «Жакын адамың өлгөндө» (ор.) аттуу китепчеден сооронуч таба аласың *. Аны шашпай окуп, андагы көрсөтүлгөн ыйык китептик аяттардын негизинде ой жүгүртүп чык. Тирилүүгө болгон үмүттүн өзү жөнүндө да ойлон. «Мен апамды тирилгенде кантип тосуп аларымды элестетем. Аны: „Мына, мен кайрадан жаныңардамын. Бүгүн эмне тамак жасап койдуң?“ — дейт деп элестете берем. Ошондой жылуу ойлорго батып, өзүмчө жыргап алам»,— дейт Лорейн.
Тиленүү менен Жахабага таянуу да оор маалдарда кайрат-күч берет. «Мен апамдын акыркы деми чыкканын өз көзүм менен көргөм. Ошол замат Жахабадан мага ушуну көтөрүүгө кайрат беришин сурап тилене баштаганымда, жүрөгүмө тынчтык бергенин дароо сездим»,— деп эстейт Лорейн. Жахабага айткан тиленүүлөрүң так-таасын болсун. Ага сезимдериңди билдир. Забурчу: «Жүрөгүңөрдү Ага төккүлө»,— деп чакырган (Забур 61:9).
Жашоо барган сайын дагы кыйындай берет көрүнөт (2 Тиметейге 3:13). Бирок Ыйык Китеп: «Жамандык кылгандар кырылышат... Ал эми момундар болсо жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат»,— деп убадалайт (Забур 36:9—11, 29). Ушул бекем үмүт кырсык-кайгылар менен беттешкениңде туруштук берүүгө жардам берет.
[Шилтемелер]
^ 3-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.
^ 6-абз. Психиатрлар ал балдардан селейгендик, түнүчүндө коркуу, элден оолактоо, өзүн күнөөлүү сезүү, кыжырдануу, демейде жасап жүргөн иштерине кош көңүл кароо өңдүү белгилерди байкашкан.
^ 9-абз. Бул макалада чоң кырсыктар тууралуу айтылса да, берилген кеңештер жеке кыйынчылыктар менен күрөшүп жаткандарга, мисалы, жакын адамынан айрылгандарга да жардам боло алат.
^ 12-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жалгыз чыныгы Кудайга сыйынгыла» китебинин 7-бөлүмүндө Кудайдын эмне себептен жамандыкка жол бергени түшүндүрүлөт.
^ 14-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1978-жыл, 1-февраль, «Окурмандардын суроолору» (ор.).
^ 18-абз. Эмоциялык жактан олуттуу жабыркоого же депрессияга кабылган маалда медициналык жардам талап кылынышы мүмкүн.
^ 22-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.
[22-беттеги сүрөт]
Кайгылуу окуялар жөнүндөгү телекөрсөтүүлөрдү көрүүнү азайтуу акылмандыкка жатат.