Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Буусу булоолонгон мончолор. Байыркы жана азыркы маалда

Буусу булоолонгон мончолор. Байыркы жана азыркы маалда

Буусу булоолонгон мончолор. Байыркы жана азыркы маалда

АЛМУСТАКТАН бери адамдар мончого түшүүнү жакшы көрүшөт. Буу мончонун ар кандай түрлөрү бар, мисалы, орус банясы, түндүк америкалык индейлердин иниписи, түрк хамамы жана япон миши-буросу.

Байыркы Римде да ысык бөлмөлөр менен буу бөлмөлөрүнөн турган мончолор боло турган. Археологиялык казуулардан табылган Каракалла мончолору — байыркы Рим мончолорунун ары кооз, ары аземдүүлөрү; алар 11 гектар аянтты ээлеп, 1 600гө жакын орунга ылайыкташылган.

Азыр ушул күндө да колдонулуп жүргөн буу мончолордун эки түрү менен таанышалы. Биринчиси — темаскаль, мексикалыктардын мончосу. Экинчиси — фин саунасы. Бул макаланы окуп чыккан соң, балким, саунага түшкүңөр келип кететтир.

Темаскаль

Мексикага конкистадорлор — испан баскынчылары — кол салганга чейин, жергиликтүү ацтек, сапотек, миштек жана майя элдери темаскалды үй эмканасы жана тазалануу жайы катары колдонушкан. Алар анын ичинде төрөт кабыл алып, жаштардын жетилгендигине, аза күтүүгө байланыштуу үрп-адаттарын жана башка салт-санааларын аткарышчу. Ацтектер сүйлөгөн науатль тилинен которгондо «темаскалли» деген сөз «үй-мончо» деген маанини берет. Алар тик бурчтуу же тегерек кылып кыштан салынып, үстүндөгү чатыры көмкөрүлгөн казанды элестетчү. Ичиндеги жанар тоо таштарын ысытып, буу чыгарыш үчүн, үстүнө розмарин же эвкалипт өңдүү чөп-чарлардан демделип даярдалган суюктуктан жаба куюп турушчу. Мончого түшкөн киши денесин дары чөптөрдөн жасалган же ырым-жырым үчүн колдонулган шыпыргы менен сылай-сылай чаап, акырында муздак суу менен чайканчу.

Испан кечилдери аял-эркектердин чогуу сууга түшүшүн жосунсуз деп эсептешкендиктен, андай мончолордун болушуна каршы чыгып, жоюуга аракет кылышкан. Ошого карабастан темаскаль биздин доорго чейин колдонулуп келүүдө. Учурда ага Мексиканын айрым райондорунда, негизинен, дарылык максатта жана төрөттөн кийин тыңып кетүү үчүн түшүшөт. Ошону менен бирге, темаскалды байыртадан келаткан маданий, диний дөөлөттөрдүн бир бөлүгү катары сактап калууга аракет көрүлүүдө.

Фин саунасы

Буу мончолордун кеңири таралган түрү фин саунасы болсо керек. «Сауна» деген сөз фин тилинен кирген. Мончонун бул түрү пайда болгондон бери 2 000 жылга чамалаш убакыт өттү. Адегенде ал ортосунда же бир бурчунда очок казылган, үстү жабык жертөлө катары салынчу. Анан б.з. XII кылымынын башында жердин үстүнө салынган сауна-кепелер чыккан.

Учурда Финляндияда дээрлик ар бир үйдө жыгачтан салынып, отун менен жагылуучу же электр меш менен жабдылган сауналар бар. Дачаларда жана айыл жергесинде болсо ушул күнгө чейин отун менен ысытылуучу сауналар көп. Саунанын меши электр болобу, жөнөкөй болобу, анын үстүнө таш салынган каңылтыр коюлат. Таш ысыган кезде, үстүнө суу чачып саунанын ичиндеги нымдуулук жогорулатылат. Фин мончолорунун көбү рим жана түрк мончолорунан ичи толук жыгач менен каптатылгандыгы, андагы буюм-тайымдардын баарынын жыгачтан жасалгандыгы менен айырмаланат. Жыгач ысыкты начар өткөргөндүктөн, саунадагы абанын температурасын жогорулатканда, текче, тосмо же дубалдары тийген денени күйгүзүп жибергенчелик ысыбайт.

Сауна фин маданиятынын ажыратылгыс бөлүгүнө айланган, андыктан ар бир үч финге бир сауна туура келет. Финдердин көбү саунага жумасына, жок дегенде, бир жолу түшүп турушат. Ал эми жайкысын көбү көлмөлөрдө эс алганды жакшы көрүшөт. Ал маалда алар саунага дээрлик күнүгө түшө беришет. Адатта, көбү ысык саунадан чыга калып, көлмөнүн муздак суусуна түшкөндү жакшы көрүшөт. Алар үчүн көлмөлөрдүн жээгиндеги сауналар кышкысын да жабылбайт. Сууга чумкуй тургандар үчүн муз көзөлүп коюлат.

Дартка даба

Финдер саунаны ар кандай дартка даба болгону үчүн баалашат. «Бакырлардын дабагери — сауна»,— делет бир фин макалында. Он тогузунчу кылымга чейин сауна киринүүчү жай катары гана эмес, өзүнчө эмкана, төрөткана катары да кызмат кылган.

Эреже катары, саунанын буусуна бир кирип чыгуунун убактысы 10—15 мүнөткө созулат, ичиндеги абанын ысыктыгы 80—100 Цельсийге жетет. Көптөр бууга бир нече жолу кирип чыгып, ортосунда эс алып, суу менен чайканганды жактырышат. Ал эми жогорку температуранын таасиринен кан айлануу тездейт, теридеги тер жана май чыгуучу тешиктер ачылып-тазаланат, организм сүт кислотасы өңдүү заттардан бошонот. Бул организмдин тазаланышына жана коргонуу касиетинин жогорулашына шарт түзөт. Сауна ооруу сезимин, булчуңдардын чарчашын басаңдатып, аллергия болгондо, артрит кармаганда, суук тийгенде жеңилденүүгө жардам берет. Саунанын мындай пайдасы тууралуу ар кандай көзкараштар бар, ошентсе да аны жакшы көргөндөр буусуна кирип чыккан адам өзүн сергек, жеңил, таза сезерин айтышат. Кээлер саунага кечинде сергип, эс алыш үчүн барышат. А башкалары, ысык бууга кирүүнү муздак сууга чайкануу менен кезектештирген адам жашыраак көрүнөт деп эсептешкендиктен, күндүзү түшүшөт *.

Бардык эле сауналар туура жабдыла бербейт. Айталы, эгерде саунадагы мештин үстүнө жетиштүү таш коюлбаса, суу ташка эмес, мешке жаба куюлса, коюу буу атырыла көтөрүлүп, жагымсыз сезим пайда кылышы мүмкүн. Же суу меште күйүп жаткан отко куюлуп кетиши, же электр меш болсо, спиралына суу тийип, жарактан чыгып калышы ыктымал.

Ошондуктан дайыма саунада коопсуздук чаралары көрүлгөнүнө, анын таза кармаларына, тийиштүү түрдө желдетилерине көзүңөр жеткидей болсун. Анын бардык талаптарга жооп берерине ынанган соң гана, ошол байыркы да, заманбап да мончого чериңерди жаза бир түшүп көрсөңөр болот.

[Шилтеме]

^ 14-абз. Улгайгандар, боюнда барлар жана жүрөк оорулуулар саунага же буу мончого барар алдында врач менен кеңешүүсү керек.

Сауна дүнүйө жүзү боюнча белгилүү болуп бараткандыктан, көптөгөн мейманканалар менен спорт комплекстеринде да кездешет. Бирок, белгилей кетерлик өкүнүчтүү жери, айрым өлкөлөрдө сойкулар чогулуучу жайларды «сауна» деп атап коюшат. Андыктан силер бара турган саунанын, чынында эле, мончо экенине, анын адептүү максатта колдонуларына көзүңөр жеткидей болсун.

[23-беттеги кутуча]

Саунага түшүүчүлөргө эскертүү

● Саунагабы же буу мончогобу, ичип алып же тамакка өтө тоюп алып түшпөгүлө.

● Бууга кирерде бир сыйра чайканып алгыла.

● Алдыңарга чүпүрөк салып олтургула.

● Дагы эске аларлык нерсе, олтурган жериңер канчалык жапыз болсо, температура ошончолук төмөн болот.

● Нымдуулукту ысыган таштарга аз-аздан суу куюп ылайыкташтырып алсаңар болот.

● Мончодо көпкө олтуруу, бууга көп кирүү, ысыкка чыдоо деген сыяктуу мелдештерден качкыла.

● Аягында мелүүн суу менен чайкангыла.

[28-беттеги сүрөт]

«Темаскаль» буу мончосу.

Римдеги Каракалла мончолору.

[Булак]

Courtesy of James Grout/ Soprintendenza Archeologica di Roma