Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Илим менин диним болчу

Илим менин диним болчу

Илим менин диним болчу

АЙТЫП БЕРГЕН — КЕННЕТ ТАНАКА

«ЧЫНДЫК силерди эркиндикке чыгарат». Калифорния технологиялык институтунун (Калтех) мөөрлөрүнүн биринде жазылып турган ушул сөздөр мага жогорку окуу жайларынан билим алып, илимий даражаларга жетүүгө түрткү берип келген. Мен ошол окуу жайына 1974-жылы тапшырып, илим чыйырына түштүм. Андан геология тармагынын бакалавр жана магистр даражасына ээ болуп чыккан соң, окуумду Санта-Барбарадагы Калифорния университетинен уланттым.

Ошентип, билимим тереңдей берди. Ошол эле учурда, өзүмдүн руханий жана жашоодогу дөөлөттөргө болгон көзкараштарымды түп-тамырынан бери карап чыктым. Эволюция теориясы тууралуу көбүрөөк билген сайын, Кудайга болгон ишенимим өчө баштады. Бирок кийин кайра өз оюмду өзгөртүүгө туура келди. Азыр геолог-изилдөөчү болуп туруп, кантип Кудайдын ишенимдүү кызматчысы болуп калганымды түшүндүрүп берейин.

Зор Ааламга таасирленген бала

Илимге кичинемден эле кызыкчумун. Балалыгым Вашингтон (АКШ) штатынын Сиэтл шаарында өттү. Ата-энем дайыма эң жакшы деген баага окууга шыктандырып турушчу. Мен Аалам жөнүндөгү китептерди — жансыз жана жандуу системаларды түзгөн бөлүктөр, фундаменттик өз ара аракеттеништер, мейкиндик, убакыт жана салыштырмалуулук теориясы тууралуу — окуганды жакшы көрчүмүн. Сегизде экенимде, илимге кызыгып жүргөнүмдү мектептен байкап калышып, жума сайын илим боюнча жекече сабак алууга бөлүштү.

Ал кезде баптисттер чиркөөсүнүн жекшембилик мектебине барып жүрчүмүн, бирок көбүнесе эс алууга чыгып, жайкы лагерлерге баруу мүмкүнчүлүгү үчүн барчумун. Үйдөгүлөрдүн эч кимиси Кудайга ишенчү деле, динге кызыгышчу деле эмес. Ал эми мен тарыхты окуудан диндин катышуусу менен жасалган ырайымсыздыктар, барып турган мыкаачылыктар тууралуу билген соң, диний иш-чараларга катышууга абийирим жол бербей калды. Андыктан Кудайдын барына да шектенчү болдум. Ал учурда мага эмнени алба, дээрлик бардыгын илим түшүндүрүп берчүдөй сезилчү.

Карама-каршы багыт алуу

Мен институттун физика факультетине тапшырууга арыз бердим. Бирок орто мектепти бүтөр жылы кайра геология факультетин тандадым. Окуу маалында Вашингтон штатынын ачык тоо кендерин изилдеп, саякатка көп чыкчубуз. Ошондо мага: «Жаратылышты дагы, илимди дагы жакшы көрөм, экөөнү бириктирип иштөөдөн артык мага эмне керек?» — деген ой келди.

Ошондуктан институтка өтөр замат, адеп тандаган факультетимди геологияга алмаштырдым. Ошондой эле геологиялык эпоханы жана Жердин тарыхын изилдөө сабактарын тандап алдым. Бизди түрлөр эволюция жолу менен өрчүгөн деп окутушчу. Түшүнүгүмдө, эволюция теориясынын далилсиз жерлери бир топ эле. Ошентсе да ал кездеги креационизм өңдүү диний окууга караганда, теория катары эволюция гана бар геологиялык далилдерге акылга сыярлык түшүндүрмө берердей сезилчү. Биздин институтта креационизмдин жактоочулары менен эволюцияны жактагандардын ортосунда талкуу жүрөрүн укканда, мен ал жакка барбай эле коюуну чечтим: Жердин, креационисттер ырастагандай, бир нече күндө жарала албасы мен үчүн айдан ачык болчу.

Динди жактай бербесем да, жаратылышка чыгып, Кошмо Штаттардын түштүк-батыш тарабында геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жүргөн маалдарымда Кудайдын бар-жогу тууралуу ойлончу болдум. Түнкүсүн айдың талаада төбөмдөгү уч-кыйырсыз чалкып жаткан асманды карап, ушунчалык зор Ааламды Кудай жаратканын моюнга албай коё алчу эмесмин. Астрономдор Ааламдын башталышы болгонун далилдешти, бирок мен баштапкы себепке байланыштуу суроого, башкача айтканда, анын эмне себептен жарала баштаганына илим жолу менен эч качан жооп табылбасын түшүнчүмүн. Андан көрө, курчап турган кереметтүү дүйнөнү кудурети күчтүү Жараткан долбоорлоп, жаратканына ишенүү акылга сыярлык көрүнчү.

Марстын картасын түзүү, жаңы суроолордун туулушу

Жыйырма жетиге чыккан кезимде, 1983-жылы, мен геологиялык илимдердин доктору болдум. Ал кезде АКШнын геологиялык кызматы үчүн Марстын картасын түзүү менен алектенчүмүн. Өзүм бир топ макала жазып, илим адистеринин да, жалпы элдин да колдонушуна ылайыкташтырылган планета геологиясы боюнча көптөгөн карталарды чыгардым. Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкарманын кеңешчилер комитетинин мүчөсү болгондуктан, Марска учурула турган космостук аппараттарды даярдоого катышкам. Жасалган изилдөөлөрдүн түрлөрүнөн жана адистик милдеттеримен улам көптөгөн өлкөлөрдүн университеттеринин, илим изилдөө институттарынын жана планеталарды изилдөө тармагынын урматтуу адистери менен таанышууга туура келди.

Көп сандаган изилдөөлөргө катышып, билимим кеңейген сайын, илим жөнүндөгү балалык кыял-элесим жоюла берди. Илимдин бизди кыжаалат кылган суроолорго толук жооп бербей келгенин жана эч качан жооп бербесин аңдадым. Алсак, жанбүткөндүн баарынын пайда болуп, жашап атышынын чыныгы себебин илим ачып бере албаарын түшүндүм. Акыркы илимий ырастоолордо Аалам бара-бара өзүнөн-өзү ойрон болуп же иретсиз массага ажырап кетет делет. Мейли, келечегибиз ошондой экен, анда жашоонун чыныгы маңызын издөөнүн канчалык зарылдыгы бар?

Жаңы багыт

1981-жылы Жахабанын Күбөлөрү менен таанышып калдым. Ал кезде Флагстаффта (Аризона штаты) турчумун. Мен Күбөлөрдүн көзкарашынын жаңылыштыгын, Ыйык Китепке ишенүүгө болбосун далилдеп берем деген ойдо алар менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум. Ошол эле учурда, Ыйык Китепте кандай маалымат камтылганын да билгим келди.

Ошентип, жума сайын бир нече сааттан бөлүп, ыйык китептик окууларды кунт коюп изилдей баштадым. Таңкалганым, Ыйык Китептен ишенимдүү маалымат менен терең билим таптым. Ыйык Китептин илимге байланыштуу суроолордо канчалык так экенин жана андагы миңдеген жылдарга созулган дүйнөлүк тарыхка байланыштуу пайгамбарлыктардын ийне-жибине чейин аткарылганын билип абдан таасирлендим. Өзгөчө, мени Даниел менен Аян китептериндеги пайгамбарлыктардын биригип биздин «акыркы убакта» жашап жатканыбызды таасын далилдеп атканы таңыркатты (2 Тиметейге 3:1).

Ыйык Китепти изилдөөгө киришүү менен бир көрүнүктүү адамдын жасаганын жасаптырмын: кийин билишиме караганда, тарыхтагы атактуу генийлердин бири сэр Исаак Ньютон Ыйык Китепке таасирленип, аны терең изилдеген экен. Ошо Ньютонго окшоп, мен негизги тарыхый окуяларды алдын ала айткан Даниел жана Аян китептерин изилдөөгө өзгөчө көңүл бурдум *. Бирок Ньютондукуна караганда менин жагдайым артыкчылыктуу экен: көптөгөн пайгамбарлыктар эчак аткарылып, айрымдарынын аткарылышына өзүм күбө болуп жатам. Алардын ушунчалык ар тараптуу болуп, ар убакты камтырын, кеңири аймакка кулач жаярын, ошол эле учурда, тактыгы, шексиздиги менен айырмаланарын байкадым. Ыйык Китепти 1 600 жылдан ашуун убакыт ичинде 40тан ашуун эркек жазса да, анын укмуштуудай өз ара шайкештиги, ырааттуулугу жана адамдарды кыжаалат кылган негизги суроолорго жооп берери да абдан таасирлентти.

Анткен менен эволюция теориясына ишенүүдөн баш тартуу мен үчүн оңойго турган жок. Аны колдогон абройлуу илимий билдирүүлөргө абдан чоң баа берчүмүн. Бирок Ыйык Китептеги көзгө көрүнүп турган дүйнө жөнүндөгү билдирүүлөрдүн баары белгилүү фактыларга каршы келбегендиктен, анын төгүнсүздүгүнө ынандым.

Ыйык китептик окууларды — Башталыш китебиндеги жаратуу жөнүндөгү билдирүүнү да — четке каккан адам анын түпкүрүндөгү кенчке, андагы өз ара шайкеш чындыктарга жете албасын түшүнө баштадым. Андыктан Ыйык Китептеги маалыматтарды толугу менен талашсыз чындык деп кабыл алуу туура деген корутундуга келдим.

Чындыкты терең изилдөө

Көптөгөн илимий изилдөөлөргө катышуу менен жалпы коом тарабынан кабыл алынган теориялардын кийинки ачылыштар менен төгүнгө чыгарылышына өзүм көп жолу күбө болгом. Кыйынчылык туудурган жагдайлардын бири — изилдеп жаткан нерселерибиздин өтө татаалдыгы; ал эми билимибиз чектелүү, иш жүргүзүү усулу жетишерлик натыйжалуу эмес. Андыктан кандайдыр бир теория, канчалык абройлуу көрүнбөсүн, негизсиз болсо, ага ишенүүгө шашпоого, сактык менен кароого үйрөндүм.

Курчап турган чөйрөбүздөгү фундаменттик негиздердин көбүн илимдин жардамы менен түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес. Мисалы, бардык тирүү жандыктарды түзгөн негизги элементтер менен аларды башкарган физика мыйзамдары эмне үчүн тиричиликтин татаал ишин жана экосистеманы жеткилең түрдө сактап турат? Илим Кудайдын бар же жогун алигүнчө ырастай алек, ал эми Кудайдын шыктандыруусу менен жазылган Сөзү анын, көзгө көрүнбөсө да, бар экенинин жана бардыгын ошол Кудай жаратканын көрсөткөн айдан ачык далилдерге көңүл бурдурат (2 Тиметейге 3:16). Бул рухий билим айланабыздагы табияттан көрүнүп турган акылмандыктын, сулуулуктун, күчтүн булагы болгондун Өзү менен жакын мамиле түзүүгө жардам берет.

Ыйык Китептин илимий суроолор боюнча тактыгына болгон ишенимимди Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?» (ор.) жана «Камкор Жараткан барбы?» аттуу адабияттарды кылдат изилдөө да бекемдеди. Ал китептерде олуттуу илимий суроолор изилденип, жаңы ачылыштар каралат жана алдыңкы адистердин тыянактары келтирилет. Андан тышкары, аларда Ыйык Китепти туура түшүнүү белгилүү илимий фактыларга карама-каршы келбеси баса белгиленген.

Айталы, палеонтологиялык жылбаян тиричилик түрлөрүнүн пайда болушунун Башталыш китебинде баяндалган негизги тартибинин калетсиздигин ырастайт. Ошондой эле андагы «жаратуу күнү» деген сөз айкашы байыркылардын түшүнүгүндө узакка созулган убакыт аралыгын билдирип, Жердин жаралуу тарыхын сүрөттөөдө колдонулуучу азыркы «доор» жана «эра» деген сөздөргө төп келет. Бул Ыйык Китептин илимий маалыматтарга каршылаш келбесин далилдейт. Демек, «жаратуу күндөрү» узак убакыт аралыктарынан тургандыктан, аларды кадимки 24 сааттан турган деген креационизм жактоочуларынын окутуусун ырастабайт.

Ишенчээктик эмес, негиздүү ишеним

Өзүм илимий адис болгондуктан жеңил-желпи ишенчээктикти түк жактырчу эмесмин. Ал эми далилдерге негизделген бекем ишенимди баалачумун. Эврейлерге 11:1де: «Ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү» — деп, дал ошондой ишеним тууралуу айтылган. Кудайдын убадалары аткарыларына ишенүү Ыйык Китептин Анын шыктандыруусу менен жазылгандыгынын төгүнсүз далилдерине негизделет. Ошондой эле жалпы коом тарабынан кабыл алынган, бирок негизсиз, Ыйык Жазмага төп келбеген диний көзкараштарды кабыл алуудан сактануунун маанилүүлүгүн аңдадым. Аларга жандын өлбөстүгү, тозок оту, Троица жана башка окуу-түшүнүктөр кирет. Мындай жалган окуулардын көбү байыркы философиялар менен уламыштардан же диний түркөйлүктөн улам пайда болгон. Жалган окууларды жактоо көптөрдү «сокур ишенимге» жетеленүүгө алып келет, ал эми ал илимий адистердин көбүнүн динге сын көзкараш менен карашына себеп болот.

Илимий иштер менен иришип жүргөнүмдө, изилдөө жүргүзүүнү гана эмес, андан келип чыккан жыйынтыктарды коргоп, элге жарыялоону милдетим катары эсептечүмүн. Ошол эле сыяктуу, башка эч бир билим өмүр үчүн мынчалык маани ойнобогондуктан, Ыйык Китептеги чындыктарды башкаларга үйрөтүүнү өзүмдүн парзым көрдүм. Мен ошол урунттуу ишке киришип, Жахабанын Күбөсү катары чөмүлдүрүлгөнүмө азыр 20 жылдай болуп калды. Ал эми 2000-жылдын сентябрынан тартып Кудайга кылган кызматымды кеңейтип, айына орто эсеп менен 70 сааттан кабар айтууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Кызыккан адамдар менен айына 10 ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатканыма абдан сүйүнөм. Айрыкча, ошолордун ичинен айрымдары Кудайдын Сөзүнүн жигерлүү окутуучуларынан болуп жатканы кубантат.

Учурда мурдагыдай эле Марска жана Ааламдагы кызыктуу объекттерге асман мейкиндигин изилдөө үчүн учурулган космостук аппараттардын «көзү» менен байкоо жүргүзүп жүрөм. Илимдин алдында дагы түмөндөгөн чечилбеген сырлар жатат. Мен келечекке үмүт менен карап, биздин рухий жана илимий изилдөөлөрүбүз, акыр-аягы, ийгиликке жетип, тынчсыздандырган суроолорубузга толук жооп алар маалды күтүп жатам. Жашоонун чыныгы маңызы Кудай тууралуу жана анын адамзатка байланыштуу ой-ниеттери тууралуу так билим алуу менен келерин билдим. Дал ошо билим алиги Калтехтин мөөрүндөгү: «Чындык силерди эркиндикке чыгарат»,— деген Ыйсанын сөздөрүнүн анык маанисин ачып берет (Жакан 8:32).

[Шилтеме]

^ 18-абз. Өзүнүн 1733-жылы жарыкка чыккан «Даниел китебинин жана Ыйык Жакандын Аян китебинин пайгамбарлыктарын изилдөө» деген китебинде сэр Исаак Ньютон Даниел жана Аян китептериндеги пайгамбарыктарды талдайт («Observations Upon the Prophecies of Daniel, and the Apocalypse of St. John»).

[18-беттеги карта]

Марстын картасы.

[20-беттеги сүрөт]

Ньютонго окшоп, Жазмадагы Даниел жана Аян китептерине абдан таасирлендим.

[Булак]

University of Florida

[21-беттеги сүрөт]

Ыйык Китептен билгендеримди башкалар менен бөлүшүп жатам.

[18-беттеги сүрөттүн булагы]

Top left: Courtesy USGS Astrogeology Research Program, http://astrogeology.usgs.gov; Mars map: National Geographic Society, MOLA Science Team, MSS, JPL, NASA; Mars surface: NASA/JPL/Caltech

[21-беттеги сүрөттүн булагы]

Space photo: J. Hester and P. Scowen (AZ State Univ.), NASA