Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Порнография. Карама-каршы ой-пикирлер

Порнография. Карама-каршы ой-пикирлер

Порнография. Карама-каршы ой-пикирлер

«Ал бейтабигый каалоо жана канааттандырууга жол берилбөөгө тийиш ашынган кумар өрчүтөт» (Тони Парсонс, журналист).

КОМПЬЮТЕРДЕН порнография көрүүгө кызыгуу деген Жондун оюнда да жок болчу *. Интернеттен порнографияга же секс темасында «пикир алышуу бөлмөлөрүнө» капилет туш болуп калгандардын көбү катары эле, ал андайга кокусунан кабылган. Арадан көп өтпөй Жон ага баш-оту менен кирип кеткен. «Аялымдын жумушка кетер убагын эле күтүп жатчумун: ал кетти дегиче, төшөгүмөн атып туруп, компьютерге „мине“ калчумун, анан канча саат өткөнү менен ишим да жок болчу»,— деп эскерет Жон. Ал тамак жейт, суу ичет дегенди да унутуп калчу. «Ачка болгонумду да сезчү эмесмин»,— дейт Жон. Жашыруун кызыгуусун билгизбөөнүн айласында аялына калп айта баштаган. Жумушунда да көңүл коюп иштей албай кыйналчу. Бара-бара мүнөзүндө жалтактык да пайда болгон. Үй-бүлөсүндө келишпестиктер арбый берген. Акыры, Жон компьютер аркылуу байланышып жүргөн «ойношторунун» бири менен жолугушууну болжошконго чейин барганда, жубайы билип калган. Азыр Жон ошол кесепеттүү адатынан дарыланып жатат.

Порнографияга каршы күрөшкөндөр анын зыяндуу таасири барын далилдеш үчүн, жогорудагыга окшогон окуяларды мисал келтиришет. Алардын ырастоосу боюнча, порнография адамдардын өз ара мамилелерин бузат, аялдарды кордойт, балдарга асылууларды көбөйтөт жана жыныстык мамилелер тууралуу бурмаланган, кооптуу түшүнүктөрдү калыптайт. Ал эми порнографияны жактагандар болсо аны — өзүн көрсөтүүнүн эркин жолу, ал эми каршы чыккандардын ой-пикирин «эскинин калдыгы» деп эсептешет. Алардын бири: «Адам өзү тандаган жыныстык багытынан же каалоолорунан уялбашы керек»,— деп жазган. «Порнография жыныстык мамилелер тууралуу кеп баштап, тартынбастан ачык сүйлөшүүгө жардам берет»,— дегендер да бар. Атүгүл порнографиянын кеңири кулач жайышын айрымдар адамдары бири-бирине ишенген сак-саламат коомдун белгиси деп ырасташат. «Чоң адамдардын ортосундагы өз ара макулдук менен түзүлгөн ынак мамилелерди ачык-айрым көрсөтө алганчалык жетилген коом жыныстык багыт тандоого түшүнүү менен карайт, аялдарды тең укуктуу эсептейт»,— деген жазуучу Брайен Мак-Нейр.

Мындай каршылаш ой-пикирлердин бары порнографияны жактоого болот дегенди билдиреби? Эмне үчүн ал мынчалык кулач жаюуда? Ал чынында эле кооптуубу? Бул суроолор эмки макалада каралат.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.