Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаратылыштан эмнени үйрөнөбүз?

Жаратылыштан эмнени үйрөнөбүз?

Жаратылыштан эмнени үйрөнөбүз?

«Жаныбардан сурасаң, ал сага үйрөтөт, асмандагы чымчыктан сурасаң, ал сага кабарлайт. Же болбосо жер менен маектешип көр, ал сага акыл-насаат айтат, деңиздеги балыктар да сага айтып беришет» (АЮБ 12:7, 8).

АКЫРКЫ жылдары өсүмдүктөр менен жаныбарлар окумуштуулар менен инженерлерди, чынында эле, көп нерселерге үйрөтүштү. Биомиметика деп белгилүү болгон тармактын адистери жаңы техникаларды чыгарууда жана мурункуларынын сапатын жогорулатуу үчүн, ар кандай жаратуулардын өзгөчөлүктөрүн изилдеп колдонууда. Төмөнкү мисалдарды карап жатканда: «Буларды ойлоп чыгарганы үчүн атак-даңкка ким татыктуу?» — деп ойлонуп көр.

Киттин сүзгүч канаты

Авиакуруучулар бүкүр киттен эмнеге үйрөнө алышат? Көп нерсеге десек болот. Бүкүр киттин чоңунун салмагы 30 тоннага жетет, бул жүктөлгөн жүк ташуучу бир унаанын салмагына барабар. Анын узундугу 12 метрге жеткен алп денеси дөңгөчтөй ийкемсиз көрүнөт, сүзгүч канаттарынын да көлөмү бир топ. Бирок ал суу астында шамдагай келет. Маселен, азыктануу үчүн ал суунун астынан айлана сүзүп көтөрүлүп олтурат да, көбүкчөлөрдөн турган ирим жаратып, рак сымалдууларды же балыктарды өйдө карай кууйт. Диаметри 1,5 метрге жеткен анын көбүкчө «торуна» үстүндөгү жандыктардын баары түшөт. Анан оозун араандай ачып келген кит жемин жутуп алат.

Окумуштууларды өзгөчө таң калтырган нерсе бул болгон: денеси ушундай ийкемсиз көрүнгөн жаныбар, мынчалык кууш айлампа пайда кылыш үчүн, кантип чукул бурула алат? Көрсө, кептин баары анын сүзгүч канаттарынын түзүлүшүндө экен. Сүзгүч канаттарынын алдыңкы жагы, самолёттун канатындай жылмакай эмес, араанын тиштериндей орсок келери, канатынын үстүндө болсо катар-катар бүдүрчөлөр жайгашары байкалган.

Бүкүр кит сууну жара сүзүп көтөрүлүп баратканда алиги бүдүрчөлөр көтөрүү күчүн жогорулатып, суунун каршылыгын азайтат. Кандайча? Бир журналда кит чукул айланып сүзгөндө да бүдүрчөлөрү сүзгүч канатынын үстүнөн суунун ырааттуу, бир калыпта агылып өтүшүн шарттаары түшүндүрүлгөн («Natural History»). Эгер сүзгүч канатынын асты жагы орсок эмес, түз болсо, кит мынчалык чукул бурулуп көтөрүлө алмак эмес, себеби суу айланып, сүзгүч канаттарынын артында пайда болгон ирим көтөрүлүүгө тоскоолдук кылмак.

Бул ачылыш кайсы жагынан пайдалуу болчудай? Ал самолёттордун канатынын абанын агымын өзгөрткөн калактарын же дагы башка бөлүктөрүн кичирейтип, азайтууга мүмкүндүк бериши ыктымал. Андай канат салыштырмалуу коопсуз болмок, аны тейлөө да оңойго турмак. Биомеханика тармагынын адиси Жон Лонг жакынкы келечекте «реактивдүү самолёттордун канаттары бүкүр киттин сүзгүч канаттарындагыдай бүдүрчөлөр менен жабдылып калышы толук мүмкүн экенине» ишенет.

Акчардактын канаты

Самолёттун канаты куштардын канатына окшоштурулуп жасалган. Бирок инженерлер жакында жаңы баскычка көтөрүлүштү. «Нью сайентист» журналында белгиленгендей, «Флорида университетинин изилдөөчүлөрү акчардактай болуп абага тез көтөрүлүп-конууга, калкып учууга жөндөмдүү алыстан башкарылуучу самолёттун моделин курушту».

Акчардак канатын түбүнөн — канаты менен денеси бириккен туштан — эле эмес, ортосунан — күң жилиги менен кар жилиги бириккен жерден да бүккөндүктөн, ушинтип жеңил уча алат. Журналда акчардактын ийилчээк канатынын үлгүсү боюнча жасалган «60 сантиметрлик авиамоделдин канатын кыймылга келтирүү үчүн, бир нече рычагды башкаруучу чакан кыймылдаткыч колдонулганы» айтылган. Анын канатынын мындай түзүлүшү ага бийик имараттардын арасында да конууга, калкып учууга мүмкүнчүлүк берет. Американын Аба Күчтөрү чоң-чоң шаарлардагы химиялык жана биологиялык курал-жарактарды издөөгө колдонуу үчүн ушундай самолёт курууга абдан кызыкдар.

Геккон кескелдиригинин манжалары

Кургактыкта жашоочу жаныбарлардан да биз көп нерселерге үйрөнө алабыз. Мисалы, кичинекей геккон кескелдириги дубал менен да, тамдын шыбы менен да басат, атүгүл ошол жакта илинип тура алат. Ал жаныбардын укмуштуудай жөндөмдүүлүгү Ыйык Китеп жазылган убактарда да белгилүү болгон (Накыл сөздөр 30:28, «ЖД»). Геккондун тартылуу күчүнө туруштук бере алышынын сыры эмнеде?

Геккондун бир нерсенин айнектей жылмакай бетинде да илинип турушуна анын манжаларындагы идиректер — майда түкчөлөр — жардам берет. Анын буттары эч кандай желим бөлүп чыгарбайт, начар өз ара аракеттешүү аркылуу кармалып турат. Эки беттеги молекулалар Ван-дер-Ваальстын күчтөрү деп белгилүү болгон алыстан начар өз ара аракеттешүүсү аркылуу бири-бирине тартылат. Адатта, гравитация күчү бул күчтөн алда канча кубаттуу болгондуктан, биз, кескелдирикке окшоп, дубалдын бети менен баса албайбыз. Ал эми геккондун манжаларындагы түкчөлөрү дубал менен тийишкен жерлеринин аянтын кеңейтет. Ван-дер-Ваальстын күчтөрү менен геккондун манжаларындагы көп сандаган түкчөлөр анын жеңил салмагын кармап турууга шарт түзөт.

Бул ачылышты кайсы тармакта колдонууга болот? Геккондун манжаларындагы түкчөлөрдүн үлгүсү боюнча жасалган материал табиятты тууроо аркылуу чыгарылган дагы бир нерсени — чапталгычты (липучканы) — алмаштырууга мүмкүндүк бермек *. «Экономист» журналында бир изилдөөчүнүн ою айтылып, «геккон тасмасын» «медицинада химия желимин колдонууга мүмкүн болбогон жерлерде пайдаланууга болору» белгиленген.

Даңкталууга ким татыктуу?

Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкарманын инженерлери — чаяндай болуп баскан көп буттуу робот чыгаруунун үстүнөн иштеп жатышат. Ал эми финляндиялык инженерлер чоң курт-кумурскага окшоп тоскоолдуктардан оңой өтө алган 6 дөңгөлөктүү трактор чыгарышты. Башка изилдөөчүлөр тобурчак сымал абарайына жараша ачылып-жабыла турган майда түкчөлөрү бар кездеме чыгарышууда. Машине куруу тармагынын адистери көнөчөк балыктыкындай формадагы, абаны оңой жирөөгө ыңгайлаштырылган унаа чыгарууда. Дагы бир изилдөөчүлөр ары жеңил, ары бышык зоот чыгаруу максатында деңиз кулакчасынын соккунун күчүн азайтуу же ага туруштук берүү касиетин изилдешүүдө.

Табияттагы идеялардын көптүгүнөн, изилдөөчүлөр биологиялык системаларды камтыган маалымат корун түзүшкөн. Окумуштуулар андагы маалыматтарды изилдөө менен, «Экономист» журналында белгиленгендей, «долбоорлоодо жолуктурган кыйынчылыктарын табигый жол менен четтете» алышат. Ал маалымат корунда топтолгон биологиялык системалар «жаратылыш патенти» же «табият жаратуулары» деп аталат. Адатта, патенттин ээси — ойлоп чыгарылган нерсени мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөргөн адам же компания. Ал маалыматтар тууралуу «Экономист» журналында мындай делген: «Биомиметикадагы жетишкендиктерди „жаратылыш патенти“ деп атоо менен изилдөөчүлөр ойлоп чыгарган нерселеринин анык „ээси“ табият же жаратылыш экенин баса көрсөтөт».

Табияттагы мындай кереметтүү ой-долбоорлор кайдан пайда болгон? Көптөгөн окумуштуулар аны миллиондогон жылдарга созулган эволюциядагы сокур кокустуктуктун натыйжасы деп эсептешет. Ал эми башка изилдөөчүлөр карама-каршы көзкарашта. Микробиолог Майкл Бихи 2005-жылы «Нью-Йорк таймс» гезитинде мындай деп жазган: «[Табияттагы] ырааттуулукту көрүп туруп, бир гана талашсыз жыйынтыкка келүүгө болот: канаттуунун көзүнөн, бутунан, каркылдаган үнүнөн каз экени айкын көрүнүп турса, аны каз эмес деп ким талашат?!» Муну менен ал эмнени айткысы келген? «Кайсы бир нерсенин долбоорлонуп жасалганы айдан ачык көрүнүп турса, аны четке кагууга болбойт».

Албетте, самолёттун техникалык көрсөткүчү жогору, салыштырмалуу коопсуз канатын курган инженер мактоого татыйт. Ошондой эле абаны оңой жиреген унаа, бышык зоот, кийим тигүү үчүн сапаттуу кездеме ойлоп чыгарган адамдардын да эмгегин жогору баалоого болот. Жалпыга маалым болгондой, кимдир бирөөнүн ойлоп чыгарган нерсесин көчүрүп жасаган, бирок анын чыныгы жаратманын көмүскөдө калтырган адам кылмышкер катары каралат.

Анда долбоорлоодогу кыйынчылыктарды чечүүдө, болгону, жаратылышты туурап, көчүрмө жасап жаткан билимдүү изилдөөчүлөрдүн табияттагы укмуштуудай ой-долбоорлорду аң-сезимсиз эволюцияга ыйгарып коюшу туурабы? Эгерде көчүрмө жасоо үчүн акыл-эстүү адам керек болсо, түпнускасынын жасалышы үчүн эч ким талап кылынбайбы? Чынында эле, даңктоого кимиси татыктуураак: жаратманбы же аны туурап бир нерсе жасаган адамбы?

Акылга сыярлык тыянак

Табияттагы долбоорлонуп жаратылган нерселерди изилдеп чыгып, ой жүгүрткөн адамдардын көбү забурчунун айткандарына кошулат. Ал мындай деген: «Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың. Жер Сен жараткан нерселерге толгон» (Забур 103:24). Ыйык Китептин жазуучусу Пабыл да ушундай жыйынтыкка келген. «Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт»,— деген ал (Римдиктерге 1:19, 20).

Бирок Кудайга ишенген жана Ыйык Китепти баалаган акниет адамдардын кээси табиятты жаратуу үчүн Кудай эволюцияны колдонгон деп эсептеши ыктымал. Буга карата Ыйык Китепте эмнелер айтылган?

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Чапталгыч бул — уйгактын уругун байкоонун негизинде чыгарылган илгичтер менен илмектерден турган жабышма тасма.

[5-беттеги кутуча]

Табияттагы мындай кереметтүү ой-долбоорлор кайдан пайда болгон?

[6-беттеги кутуча]

Табияттагы кереметтердин патенти кимге таандык?

[7-беттеги сүрөт]

Эгерде көчүрмө жасоо үчүн акыл-эстүү адам керек болсо, түпнускасынын жасалышы үчүн эч ким талап кылынбайбы?

Канаты акчардактын үлгүсү боюнча курулган жогорку манёврдуу самолёт

Геккондун манжалары кирдебейт, из калтырбайт, тифлондон башкасына оңой жармашат. Окумуштуулар анын жөндөмдүүлүгүн долбоорлорунда колдонууга аракеттенишүүдө

Көнөчөк сымал балыктын үлгүсү боюнча чыгарылган, абаны оңой жирөөгө ыңгайлаштырылган формадагы унаа

[Булак]

Airplane: Kristen Bartlett/ University of Florida; gecko foot: Breck P. Kent; box fish and car: Mercedes-Benz USA

[8-беттеги кутуча⁄сүрөттөр]

ЖОЛДОН АДАШПАГАН ЖАНЫБАРЛАР

Жан-жаныбарлардын көбү Жер үстүндө өз жолун табууда «акылдуулук» көрсөтөт (Накыл сөздөр 30:24, 25). Мунун эки мисалын карап көрөлү.

Кумурскалардын жолу. Азык издеп кеткен кумурскалар уюгун кайра кантип таап келет? Улуу британиялык изилдөөчүлөр айрым кумурскалардын, уюгун кайра оңой таап келүү үчүн, жолго феромон — белги-жыт — калтырып кетерин, андан тышкары, геометрияны колдонорун ачкан. Мисалы, «Нью сайентист» журналында айтылгандай, фараон кумурскалары «уюгунан чыккан жолдорду салат, анан ал жолдор 50—60 градустук бурч боюнча чар тарапка ажырайт». Бул эмнеси менен кызык? Кумурска кайтып келатканда баягы жолдордун айрылышына жетет да, уюгуна алып бара турган жолду инстинкт боюнча таап, аны жандай жөнөйт. Демек, уюгуна сөзсүз жетет. «Ача жолдордун геометриясы кумурскалардын агымын жөнгө салып, аларга, өзгөчө, каршы-терши өткөндө жардам берет жана аларды туура эмес багытка түшүп бөөдө күч коротуудан сактайт».

Канаттуулардын компасы. Канаттуулардын көбү узак аралыкка, абарайы кандай болбосун, туура багыт менен уча алат. Эмне үчүн? Изилдөөчүлөр алардын жердин магнит талаасын сезерин байкашкан. Бирок «Сайенс» журналында белгиленгендей, «Жердин магниттик талаасынын күч сызыктары ар жерде ар башка болот жана дайым эле түндүккө багыттала бербейт». Жер которгон канаттуу-куштар эмне себептен багытынан жаңылышпайт? Алар ички компасын күн сайын Күндүн батышына карай «тууралап» турушат көрүнөт. Бирок Күндүн батышы географиялык кеңдикке жана жыл мезгилине жараша өзгөрүп тургандыктан, изилдөөчүлөр божомолдоосу боюнча, мындай учурда канаттууларга «жыл мезгилин туюнтуп турган биологиялык „сааты“ жардам берет».

Кумурскага геометрияны түшүнгүдөй «акылды» ким салган? Канаттууларга ички компасты, биологиялык «саатты», алардын жардамы менен маалымат иштетүү жөндөмдүүлүгүн ким берген? Эволюциябы? Же аң-сезимдүү Жаратканбы?

[Булак]

© E.J.H. Robinson 2004