Парфюмерлердин жакшы көргөн өсүмдүгү
Парфюмерлердин жакшы көргөн өсүмдүгү
ИТАЛИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН
АТЫР жасоо алмустактан бери келаткан өнөр. Байыркы убакта эле колунда барлардын үйлөрү, кийимдери, жаткан жайлары жыпар жыттанып турчу. Андай адамдар өздөрү да атыр себинип жүрүшчү. Атырлардын курамында көбүнчө алоэ, бальзам, корица жана башка заттар болгон (Накыл сөздөр 7:17; Ырдын ыры 4:10, 14).
Азыркы учурда да атырлар, негизинен, өсүмдүктөрдөн жасалат. Атырдын курамына кирген заттардын бири кандайча алынарын өз көзүбүз менен көрүү үчүн жубайым экөөбүз Италиянын түштүгүндөгү жарым аралга, Калабрияга, жөнөдүк. Балким, силер бергамот деген өсүмдүк тууралуу уккан эмес чыгарсыңар. Бирок аялдардын парфюмериясынын үчтөн биринде, ал эми эркектердин атырларынын жарымында дал ушул өсүмдүктүн мөмөсүнүн аңкыган жыты бар. Келгиле анда, ал эмне болгон өсүмдүк экенин карап көрөлү.
Бергамот цитрус уруусундагы дайыма жашыл өсүмдүктөргө кирет. Ал жазында гүлдөп, кеч күздө же кыштын башында сырты жылмакай келген, сары түстөгү, чоңдугу апельсиндей мөмө берет. Көптөгөн окумуштуулар бергамотту кыйыштырылган өсүмдүк деп эсептешет. Бирок анын келип чыгышы азыркыга чейин белгисиз. Ал жапайы табиятта кездешпейт, аны уругунан да өстүрүү мүмкүн эмес. Багбандар бергамотту өстүрүү үчүн анын бутагын ошол эле тукумга кирүүчү лайм же ачуу апельсин сыяктуу өсүмдүктөргө кыйыштырышат.
Парфюмерлер бергамотту түрдүү өзгөчөлүктөрү үчүн абдан баалашат. Бир китепке ылайык, бергамоттун маңызы «ар кандай жыпар жыттуу заттардын бири-бири менен аралашышына, алардын жытынын көпкө сакталышына өбөлгө түзөт да, кайталангыс жагымдуу жыт пайда кылат. Андан сырткары, ал атырдын курамындагы ар бир затка сергитүүчү өзгөчө жыт кошот» *.
Калабрия — бергамоттун мекени
Тарыхый китептерге ылайык, бергамот Калабрияда, бери дегенде, XVIII кылымдын башында эле бар болчу. Жергиликтүү калк кээде анын майын башка өлкөдөн келген соодагерлерге сатышчу. Анткен менен бергамот одеколон жасала баштагандан тартып көбүрөөк өстүрүлгөн. 1704-жылы Германияга көчүп барган италян Жан Паоло Феминис «керемет сууну» («Aqua admirabilis») ойлоп тапкан. Анын курамынын негизги бөлүгүн бергамот майы түзгөн. Түзмө-түз «Кёльн суусу» дегенди билдирген ошол жыпар жыттуу зат одеколон деп аталып калган. Ошентип, одеколон деген сөз Кёльн шаарынын аталышынан келип чыккан.
Биринчи бергамот токою Режо-ди-Калабрияда 1750-жылдары отургузулган жана бергамоттун майын сатуудан түшкөн киреше аны көбүрөөк өстүрүүгө себеп болгон. Бергамот дарагы
жылуулукту сүйгөндүктөн, Италиянын түштүгүндөгү ушул алкакта жакшы өсөт. Абанын температурасынын бат-бат өзгөрүлүп турушу, катуу шамал жана өтө нымдуулук ага терс таасир этет. Андыктан туурасы 5 километрге, узундугу 150 километрге созулган Режо-ди-Калабриянын климаты бергамот өстүрүү үчүн абдан ыңгайлуу. Ал башка өлкөлөрдө өстүрүлсө да, бергамот майы көбүнчө Режо-ди-Калабриядан алынат. Кот-д’Ивуар да (Африка) бергамотту көп өстүргөн өлкөлөрдүн бири болуп саналат.Бергамот майы — саргыч-жашыл түстөгү суюктук — анын мөмөсүнүн кабыгынан алынат. Мурда бергамоттун майын алуу үчүн мөмөнү ортосунан бөлүп, ичин оюп алып, кабыгынын ширесин чып-чыргасын коротпой чогултуп алышчу. 20 килограммдай бергамоттон 100 грамм май чыкчу. Азыр болсо май алуу үчүн кабык аарчуучу дисктери бар атайын машинелер колдонулат.
Баары колдонот, бирок көптөр билбейт
Калабриядан башка жерде жашагандар бергамотту анча жакшы билбеши мүмкүн. Бирок бир эмгекке ылайык, «билген кишилер аны абдан баалашат». Самын, дезодорант, тиш паста жана бетмайларда да анын жыты бар. Жагымдуу жыты үчүн, аны чайга, балмуздакка, кондитердик азыктарга, суусундуктарга кошушат. Дененин күнгө тегиз күйүшүнө жардам бергендиктен, бергамот майын күнгө күйүү үчүн атайын лосьондорду жасоодо да колдонушат. Микробдорду өлтүрүүчү касиетке ээ болгондуктан, ал фармацевтикада да бааланат. Маселен, хирургияда, көз жана тери ооруларын дарылоодо дезинфекциялоочу каражат катары пайдаланылат. Бергамот пектини килкилдек пайда кылуучу зат болгондуктан, канды токтотуу жана ич өткөктү басуу үчүн колдонулат.
Адистер бергамот майынан кайталангыс жыт берип туруучу жана көптөгөн касиеттерге ээ 350дөй зат алышат. Ушунун баары бир эле мөмөдө!
Ыйык Китепти жазгандар бергамотту билишкени күмөн. Ошентсе да бул цитрус өсүмдүгү кандай касиетке ээ экенине жана аны Жараткандын акылмандуулугуна көңүл бургандардын баары забурчунун: «Теңирди даңктагыла... мөмөлүү дарактар»,— деген сөздөрү бекеринен айтылбаганына кошулушат (Забур 148:1, 9).
[Шилтеме]
^ 6-абз. Айрымдардын чөптүн чаңчаларына же гүлдөргө аллергиясы бар болсо, башкалар парфюмерияга аллергия болушат. «Ойгонгула!» журналы эч кандай парфюмерияны жарнама кылбайт.
[17-беттеги сүрөт]
Бергамот майы кабыгынан алынат
[Булак]
© Danilo Donadoni/Marka/age fotostock