Кимде карандаш бар?
Кимде карандаш бар?
УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН
АЛ АРЗАН, колдонууга ыңгайлуу, жепжеңил, аны чөнтөккө салып жүрүүгө да болот. Ошондой эле заряддоону талап кылбайт, эч качан агып калбайт жана анын кагазга түшкөн «изин» өчүрүү оңой. Аны менен балдар биринчи тамгаларын жазганды үйрөнүшсө, чебер сүрөтчүлөр суктандырган шедеврлерди жаратышат. Көптөр аны бир нерселерди жазуу үчүн жанына ала жүрүшөт. Ооба, бул — дүйнөдө кеңири таралган кадимки эле карандаш. Анын келип чыгыш тарыхы Англиянын бир айылында болгон окуяга байланыштуу.
«Коргошун» карандаш
Он алтынчы кылымда Англиянын түндүгүндөгү Бороудейл деген тоолуу өрөөндө белгисиз кара зат табылган. Ал минерал көмүрдөй көрүнгөнү менен күйчү эмес жана өзүнөн кийин жалтыраган кара так калтырып, оңой өчүрүлчү. Ал зат мурун «плумбаго» деп аталган (латынча «коргошун сыяктуу» дегенди билдирет). Адамдар колдорун булгабашы үчүн анын кесектерин булгаарыга ороп же андан таякча сымал кыска стержендерди жасап, жип менен байлап алышчу. Ал минералды жыгачка (өзөгүнө) орнотууну эң биринчи ким ойлоп тапканы белгисиз, бирок 1560-жылдары бул жазуу куралы Европа өлкөлөрүнө чейин тарайт.
Кийин сүрөтчүлөрдүн ошол минералга, графитке, болгон суроо-талабы өскөндүктөн, ал зат көбүрөөк өндүрүлүп, башка өлкөлөргө экспорттолгон. Ал эми 17-кылымда дээрлик бардык өлкөдө кеңири колдонулуп калган. Ошол эле учурда карандаш чыгаруучулар сапаттуураагын жасаш үчүн көп аракет кылышкан. Бороудейлден чыккан таза, жеңил өндүрүлгөн графит уурулардын оңой «олжосуна» айланып, мыйзамсыз түрдө сатыла баштаган. Мына ошондуктан 1752-жылы Британиянын парламенти мыйзам чыгарган. Ага ылайык, бул минералды уурдагандар жоопко тартылып, эркинен ажыратылышы же жазалоо колониясына айдалышы керек эле.
1779-жылы швед химиги Карл Вильгельм Шееле бул минерал коргошун эмес эле, таза көмүртектин жумшак келген түр өзгөрүшү экенин ачкан. Андан он жыл өткөн соң, немис геологу Абраам Готлоб Вернер бул затты графит деп атаган (грекче «графо» «жазам» дегенди билдирет). Көрсө, «коргошун» карандаш деп аталганы менен ал, чынында, коргошундан жасалган эмес экен.
Сапатынын жакшырышы
Көп жылдан бери башкаларды англия графити менен жабдып тургандар карандаш чыгаруу боюнча монополия түзүшкөн. Анткени алардын графити таза жана дароо колдонууга жарактуу эле. Ал эми Европанын башка өлкөлөрүндө өндүрүлгөн графит начарыраак болгондуктан, карандаш чыгаруучулар анын сапатын жакшыртуу максатында көп тажрыйба жасашчу. Француз инженери Николя Жак Конте майдаланган графит менен чопону аралаштырып, пайда болгон заттан — грифелден — стержендерди жасап, ошол калыбы боюнча күйгүзчү. Графит менен чопонун катышын өзгөртүү менен кара өңдүн ар кандай түсүн чыгаруу мүмкүн болгон. Бул ыкма азыр да колдонулат. 1795-жылы Конте грифелди өндүрүү боюнча өзүнүн ачылышын мыйзамдуу түрдө бекиткен.
19-кылымда карандаш жасоо абдан кирешелүү ишке айланган. Графит дагы башка жерлерде, Сибирь, Германия жана азыр Чех Республикасы деп аталган өлкөлөрдө чыгарыла баштаган. Германияда жана кийинчерээк Кошмо Штаттарда да карандаш чыгаруу боюнча заводдор ачылган. Механизациянын, жалпы өндүрүүнүн аркасында карандаштын баасы арзандап, 20-кылымдын башында атүгүл мектеп окуучулары да карандаштын түрүн колдонуп калган.
Учурдагы карандаш
Жыл сайын бүт дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган түрдүү карандаштар чыгарылат. Алар жазууга, сүрөт тартууга эң эле ыңгайлуу. Кадимки жыгач карандаш менен 50 километрге чейин сызууга же 45 000 сөз жазууга болот. Металлдан же пластмассадан жасалган механикалык карандашка болсо ичке стержень салынат, аны учтоонун зарылдыгы жок. Ал эми түстүү карандаштар миң түркүн боёкторду жаратат.
Колдонууга ыңгайлуу, натыйжалуу жана жөнөкөй карандаш, сыягы, эч качан керектен чыкпайт. Ошондуктан жылдар өткөндөн кийин да силер үйдөн же жумуштан кимдир бирөөнүн: «Кимде карандаш бар?» — деп сураганын угушуңар мүмкүн.
[13-беттеги кутуча]
ГРИФЕЛЬ ЖЫГАЧ ӨЗӨГҮНӨ КАНТИП ОРНОТУЛАТ?
Майдаланган графиттен, чоподон жана суудан турган аралашма ичке металл түтүкчө аркылуу өткөрүлгөндө, узун кесмедей стержень чыгат. Анан ал кургатылып, кесилип, атайы меште күйгүзүлөт да, ысык майга жана момго салынат. Карандаш көбүнчө арча жыгачынан жасалат. Себеби ал оңой учталат. Арчадан туурасынан кесилген карандаштай болгон тактайчалар кесилип алынып, жонулуп-жылмаланат да, ортосу арыкча сымал оюлат. Ал жерге грифель салынып, үстүнө экинчи жарымы коюлат да, чапталып, бекем бастырылат. Клей кургаганда, карандаштар тегиз кесилет. Тиешелүү формага келтирилгенден кийин карандаштын сырты жылмаланып, боёлуп, жасаган ишкананын маркасы жана башка керектүү белгилери басылат. Ошентип, чапталган жери билинбей калган карандаш колдонууга даяр болот. Кээде карандаштардын башына өчүргүч бекитилет.
[Булак]
Faber-Castell AG
КАНДАЙ КАРАНДАШ КОЛДОНСОМ?
Карандашты туура тандаш үчүн андагы жазууларга же белгилерге көңүл бургула. Алар карандаштын грифелинин катуу же жумшак экенин көрсөтөт. Жумшагы карараак жугат.
«HB» деген тамгалар карандаштын катуу да, жумшак да эмес, орточо экенин көрсөтөт.
«B» тамгасы жумшак дегенди түшүндүрөт. Мисалы, «2B» же «6B» сыяктуу тамганын жанындагы сандар карандаштын канчалык жумшак экенин билдирет. Саны жогорулаган сайын карандаш ошончолук жумшак болот.
«H» тамгасы карандаштын катуу экенин көрсөтөт. «2H», «4H», «6H» болуп саны өскөн сайын карандаш катуураак болот.
«F» тамгасы «HB» менен «H» ортосундагы орто катуулукту билдирет.
Айрым өлкөлөрдө белгилөөнүн башкача системалары колдонулат. Мисалы, Орусияда «Т» (катуу), «М» (жумшак), «ТМ» (катуу-жумшак) деген белгилер колдонулат. Тамгалардын алдындагы сандар карандаштын канчалык катуу же жумшак экенин билдирет.