Ыйык Китепте эмнелер тууралуу айтылган?
Ыйык Китепте эмнелер тууралуу айтылган?
КЭЭ БИРӨӨЛӨР Ыйык Китепти тарыхый китеп деп эсептейт, себеби анда Кудайдын миңдеген жылдар бою адамзатка жасаган мамилеси баяндалат. Айрымдар болсо аны адеп-ахлактык принциптердин жыйнагы деп ойлошот. Анткени анда сот ишине, үйбүлөлүк жашоого, адеп-ахлактык нормаларга жана диний маселелерге тиешелүү Кудайдын ысрайыл элине берген 600дөй мыйзамы жана көрсөтмөсү бар. Ал эми башкалар Ыйык Китепти Кудайдын ойлору чагылдырылган рухий жетекчиликтин булагы катары карашат.
Чынында, бул көзкараштардын баары туура. Анткени Ыйык Китепте мындай делген: «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот» (2 Тиметейге 3:16, 17). Демек, Кудай Сөзүндө жазылгандардын баары: тарыхый билдирүүлөр да, мыйзамдар да, рухий акыл-насааттар да абдан баалуу.
Бирок Ыйык Китеп пайдалуу маалыматтын жыйындысы эле эмес. Ыйык Жазмада гана Жахаба Кудай жөнүндө чындык ачылып берилет. Анда күндөлүк турмушубуз үчүн зарыл болгон иш жүзүндө колдонорлук кеңештер камтылат. Ошондой эле Жахабанын жерге, адамзатка карата ой-ниети айтылып, азап-кайгы кандайча жок кылынары түшүндүрүлөт. Андан да маанилүүсү, Ыйык Китепте Кудай кандайча жаманатты болгону жана Анын бүт ааламга тиешелүү талаш маселени кантип чечери айтылат.
Кудай калпычы, жаман башкаруучу деп айыпталган
Ыйык Жазмада Кудай биринчи түгөйдү — Адам менен Обону — денелик, акыл-эс жактан жеткилең кылып жаратып, эң сонун шартта жашоого мүмкүнчүлүк бергени айтылат. Аларга жерге, жан-жаныбарларга кам көрүү тапшырылган эле (Башталыш 1:28). Адам менен Обо Кудайдын балдары катары асмандагы Атасына баш ийсе, жер бетинде түбөлүк жашай алмак. Кудай аларга болгону бир эле чектөө койгон. Жахаба: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың»,— деген (Башталыш 2:16, 17).
Бирок Ыйык Жазмада Шайтан Ибилис деп аталган рухий жаратуу: «Жок, өлбөйсүңөр» — деп, карама-каршы ой айткан (Башталыш 3:1—5). Муну менен ал Жаратканды калпычы, жаман башкаруучу катары көрсөтүп, адамдар Кудайсыз эле жакшы жашай алат деген. Шайтан Обону Кудайга тил албоо аны эркиндикке чыгарарына жана эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечип каларына ынандырган. Ал анын «Кудайдай болуп каларын» айткан. Ошентип, Шайтан Жахабаны каралап, ниетине шек санаткан.
Обонун Шайтандын сөздөрүнө кулак салганы кесепеттүү болгон. Анткен менен Жахаба өз ысмын ыйыктоону ниет кылган. Бул Ыйык Китептин негизги темасы болуп саналат. Муну Ыйсанын үлгү иретиндеги тиленүүсүнөн көрүүгө болот. Ал шакирттерин тиленүүгө мындай деп үйрөткөн: «Сенин ысымың ыйык тутулсун. Сенин Падышачылыгың келсин... Жерде да Сенин эркиң аткарылсын» (Матай 6:9, 10).
Кудай өз ысмын кандайча ыйыктайт?
Шайтан төмөнкүдөй талаш маселе көтөргөн: Жахабанын айтканы чындыкпы же Шайтандыкыбы? Жахаба өз жаратууларынын үстүнөн адилеттүү, жакшы бийлик жүргүзөбү? Ал адамдардан тил алууну талап кылууга укуктуубу? Адамдардын башкаруусу Кудайдыкынан жакшыраакпы? Бул суроолорду чечүү үчүн Жахаба адамдарга өз
алдынча бийлик жүргүзүүгө убактылуу жол берген.Мунун жыйынтыгы кандай болгон? Эйденде биринчи жолу калп айтылгандан тартып адамзаттын кайгы-капага толгон тарыхы Шайтандын жеткен калпычы экенин жана Кудайдан көзкарандысыз болуу кырсык-каргашага алып келгенин тастыктап турат. Бирок Жахаба сүйүүсү, чексиз акылмандыгы менен Эйденде башталган азап-кайгыны түп-тамыры менен жок кылып, өз ысмын ыйыктоону ниет кылган. Ал муну өзүнүн Падышалыгы аркылуу ишке ашырат. Ал эмне болгон Падышалык?
Талаш маселенин Падышалык аркылуу чечилиши
Миллиондогон адамдар Ыйсанын үлгү иретиндеги тиленүүсүн күн сайын кайталап келишет. Биз силерди ал тиленүүнүн мааниси жөнүндө ойлонуп көрүүгө чакырабыз. Алгач: «Сенин Падышачылыгың келсин»,— деген сөздөргө көңүл бурсаңар (Матай 6:10). Бул Падышалык, айрымдар ойлогондой, жүрөктүн абалы эмес. «Падышалык» деген сөздүн өзү көрсөтүп тургандай, ал Ыйса Машайак — «Падышалардын Падышасы» — башкарган асмандагы өкмөттү билдирет (Аян 19:13, 16; Даниел 2:44; 7:13, 14). Ыйык Китепте айтылгандай, Ыйса бүт жер үстүнөн башкарып, бардык адамдардын ынтымактуу, тынчтыкта жашашына кам көрөт жана жердеги жамандыктын бардык түрүн жоёт (Ышайа 9:6, 7; 2 Тесалоникалыктарга 1:6—10). Демек, Ыйсанын: «Жерде да Сенин эркиң аткарылсын»,— деген сөздөрүн адамдар башкарган өкмөт эмес, Кудайдын Падышалыгы жүзөгө ашырат.
Тиленүүдөгү бул сөздөр аткарылышы үчүн Ыйса өмүрүн кун катары берген. Мунун аркасында Адам атанын тукуму күнөөдөн жана өлүмдөн арылат (Жакан 3:16; Римдиктерге 6:23). Ошентип, Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөткөндөрдүн баары Адам атанын күнөөсүнүн жоюлганын жана адамдардын акырындык менен жеткилеңдикке жеткенин көрө алышат (Забур 36:11, 29). Адамдарды кыйнап келген карылыктын залакасы акыры жок болот. Атүгүл жанды кейиткен оору менен күйүт тарттырган өлүм да «өтүп кетет» (Аян 21:4).
Кудай убадаларын ишке ашырарына эмне үчүн шектенбейбиз? Анткени буга чейин Ыйык Китепте айтылган жүздөгөн пайгамбарлыктар аткарылып келген. (9-бетти карагыла.) Ооба, Ыйык Китепке болгон ишеним жеңил ойлуу ишенчээктик же куру кыял эмес. Ал көптөгөн жүйөлүү далилдерге негизделет (Эврейлерге 11:1).
Биздин күндөр үчүн да пайдалуу кеңештер
Ыйык Китеп бизге, келечекке карата жаркын үмүт бергенден тышкары, бүгүнкү күндө бактылуу жашоо өткөрүүгө да жардам берет. Мисалы, Кудай Сөзүндө никеге, үйбүлөлүк жашоого, адамдар менен болгон мамилеге, бакытка жетүүгө жана башка нерселерге байланыштуу баалуу кеңештер камтылат. Алардын айрымдарын карап көрөлү.
▪ Ойлонуп сүйлө. «Маңызсыз сүйлөгөн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат» (Накыл сөздөр 12:18).
▪ Көралбастык кылба. «Момун жүрөк — денеге өмүр, ал эми көрө албастык — сөөккө ириң» (Накыл сөздөр 14:30).
▪ Балдарыңды тарбияла. «Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт... Өз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат» (Накыл сөздөр 22:6; 29:15).
▪ Кечиримдүү бол. «Ырайымдуулар бактылуу,— деген Ыйса,— анткени аларга да ырайым кылынат» (Матай 5:7). Даанышман Сулайман болсо: «Сүйүү бардык күнөөнү жабат»,— деп жазган (Накыл сөздөр 10:12). Эгер кимдир бирөө сага каршы олуттуу күнөө кылса, аны кечирип же унутуп коё албасаң, анда Ыйык Китептеги: «Баргын да, жекече сүйлөшүп, анын айыбын ач»,— деген кеңешке ылайык иш кыл (Матай 18:15).
▪ Акча сүйүүчү болбо. «Бүт жамандыктын тамыры — акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр... өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты» (1 Тиметейге 6:10). Ыйык Китепте акчанын өзү эмес, «акча жандуулук» айыпталат.
Асмандагы Атабыздын «каты»
Ыйык Китепте, биз карап чыккандай, көп нерселер тууралуу айтылат. Анда, негизинен, Кудай жана анын ой-ниети жөнүндө баяндалат. Ошондой эле биз, адамдар, канткенде азыр жана келечекте Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында бактылуу жашай аларыбыз да түшүндүрүлөт. Ооба, Ыйык Китепти кандайдыр бир мааниде «Асмандагы Атабыз» Жахабанын катына Матай 6:9). Ал китеп аркылуу Жахаба бизге өзүнүн баалуу ойлорун, ошондой эле өзүнүн эрки менен касиет-сапаттарын ачып берет.
салыштырууга болот (Ыйык Китепти окуу жана билгендерибиз тууралуу ой жүгүртүү менен биз Жахабанын кандай Кудай экенин «көрө» алабыз. Ошондо ыраазычылыкка толгон жүрөгүбүз аны менен ынак, достук мамиле өрчүтүүгө түрткү берет (Жакып 4:8). Ошентип, Ыйык Китепте тарыхый билдирүүлөр, пайгамбарлыктар жана мыйзамдар камтылгандан сырткары, канткенде биз Кудай менен жекече, тыгыз мамиле түзө аларыбыз да айтылат. Ыйык Китеп — ушунусу менен өзгөчө, баа жеткис китеп (1 Жакан 4:8, 16).
[19-беттеги кыстырма]
Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүндө Ыйык Китептин негизги темасы камтылат
[21-беттеги кутуча/сүрөт]
ЫЙЫК КИТЕПТИ КАНТИП ОКУУГА БОЛОТ?
Ыйык Китепти окуу абдан кызыктуу. Андагы билдирүүлөр менен адеп-ахлактык жактан тарбия берүүчү кеңештер жалпыга маалым болгондуктан, алар көп элдин адабий чыгармаларына чоң таасир этип келет. Ыйык Жазманы окуу менен Жаратканыбыз Жахаба Кудайды таанып билебиз. Ошондой эле ал китеп — даанышман кеңештердин булагы. Анда: «Эң негизгиси — акылмандык. Акылмандыкка ээ бол, бардык мал-мүлкүң менен акыл-эстүүлүккө ээ бол»,— делет (Накыл сөздөр 4:7). Ыйык Китепти окуудан канткенде көбүрөөк пайда ала алабыз?
Ыйык Китепти мээ сергек болуп турганда окуганга аракет кыл. Шашылып же үстүртөдөн окуудан кач. Максатың Кудайдын ойлорун түшүнүп, өздөштүрүү болсун. Ыйык Жазманы окугандан кийин, ал тууралуу ой жүгүртүп, мурун билгендериң менен азыр окуганыңды салыштыр. Ошондо Кудай Сөзүн тереңирээк түшүнүп, ага болгон ыраазычылыгың артат (Забур 142:5).
Кээ бирөөлөр: «Ыйык Китепти кайсы китебинен баштап окушум керек?» — деши мүмкүн. Албетте, алгачкы китебинен эле баштасаң болот. Бирок жаңыдан окуп жаткандар Ыйса жана анын кызматы жөнүндө баяндалган билдирүүлөрдөн, тактап айтканда, Матай, Марк, Лука, Жакан жазган Инжилдерден баштап окуу оңой экенин байкашкан. Анан көркөм тил менен жазылып, даанышман кеңештер камтылган Забур, Накыл сөздөр жана Насаатчы китептерин окууга киришсе болот. Андан соң Ыйык Китептин башка бөлүктөрүн окуп чыгууга каалооң пайда болушу мүмкүн. (Төмөнкү кутучаны кара.) Жаңы Келишимди гана окуу керек деген жалган түшүнүктөн алыс бол. Анткени «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана... пайдалуу» (2 Тиметейге 3:16).
Ыйык Китепти окуунун эң жакшы жолу — кайсы бир тема боюнча изилдөө жүргүзүү. Алсак, Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишинде колдонгон «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинде көптөрдү кызыктырган «Канткенде үйбүлө бактылуу болот?», «Кайсы дин Кудайга жагат?» жана «Өлгөндө адам каякка барат?» деген темалар талкууланат. (18-беттеги кутучаны кара.)
[21-беттеги кутуча]
ЫЙЫК КИТЕПТИ ТЕМА БОЮНЧА ОКУУ
Тиричиликтин пайда болушу жана адамдын күнөө кетириши Башталыш
Байыркы ысрайыл элинин уюшулушу Чыгуу—Мыйзам
Кызыктуу окуялардын жыйнагы Жашыя—Эстер
Жүрөк козгоорлук поэзия, ырлар Аюб, Забур, Ырдын ыры
Даанышман кеңештер Накыл сөздөр, Наасатчы
Пайгамбарлыктар жана адеп-ахлактык нормалар Ышайа—Малахия жана Аян
Ыйсанын жашоосу жана окутуулары Матай—Жакан
Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынын негизделиши жана көбөйүшү Элчилердин иштери
Жыйналыштарга жазылган каттар Римдиктерге—Жүйүт