Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Даам татуу сезими

Даам татуу сезими

Өзү жаралганбы?

Даам татуу сезими

▪Жакшы көргөн тамагыңды оозуңа саларың менен анын даамын сезесиң. Бирок бул кызыктуу процесс кандайча жүрөт?

Кызыктуусу. Тилде, ооз көңдөйүндө жана кекиртекте даам таттыргыч бүртүкчөлөр деп аталган клеткалар бар. Алардын көпчүлүгү тилдин үстүнкү бетиндеги бүдүрлөрдө жайгашкан. Даам таттыргыч бүртүкчөлөрдө таттуу, кычкыл, ачуу жана туздуу сыяктуу төрт даамды айырмалай турган жүздөй рецепторлор бар. Бирок алар калемпир сыяктуу ачуу даамды айырмалабайт. Андай даамды татымалдар сезгич клеткаларды дүүлүктүргөндө гана сезебиз. Кандай болбосун, даам таттыргыч рецепторлор сезгич нерв менен тыгыз байланышта. Ал сезгич клеткалар тамактагы химиялык заттардын таасири астында дүүлүгүп, мээ сөңгөгүнүн төмөнкү бөлүгүнө дароо белги берет.

Бирок даамды тил менен эле сезбейбиз. Мурун көңдөйүндө 10 000дей жытты айырмалай турган 5 миллиондой жыт сезүү рецепторлору бар. Алар даам сезүүдө маанилүү роль ойнойт. Айрым адистердин айтымына ылайык, даам сезүүнүн болжол менен 75 пайызы жыт сезүү менен тыгыз байланышта.

Окумуштуулар химиялык газ датчиктердин жардамы менен жытты аныктай ала турган электр-химиялык «мурун» жасашкан. Анткен менен нейрофизиолог Жон Кауэр мындай деген: «Адам баласы эмне гана ойлоп таппасын, жасаган нерсеси мыкты жана абдан татаал келген биологиялык түзүлүштөргө салыштырмалуу жөнөкөй эле нерсе болуп калат» («Research/Penn State»).

Тамактын даамын сезүү адамга ырахат алып келерин эч ким танбайт. Окумуштуулар адамдын эмне үчүн бир тамакты башка тамактардан жакшы көрөрүн ушу күнгө чейин билбей келишет. «Сайенс дейли» гезитинде: «Окумуштуулар адамдын организминин түзүлүшүн изилдөөдө көптөгөн ийгиликтерге жетти. Бирок даам татуу жана жыт сезүү органдары дагы эле табышмак бойдон калууда»,— деп айтылган.

Кандай деп ойлойсуңар? Даам татуу сезими өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же ал акылман Жараткандын колунан бүткөнбү?

[26-беттеги схема/сүрөт]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Тилдин жара кесилиши

[Схема]

Бүдүрлөр

[26-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

© Dr. John D. Cunningham/Visuals Unlimited