Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Коломто отун өчүргөн көйгөйлөр

Коломто отун өчүргөн көйгөйлөр

Коломто отун өчүргөн көйгөйлөр

«Ушундай жашоого тойдум!» Үйбүлөлүк турмушуна нааразы болгон кимдир бирөөнүн ушинтип айтканын уктуң беле? Эгер үйбүлөлүү болсоң, кээде сенде да ушинтип ойлогон учурларың болобу?

АЙРЫМДАР бири-бирин сүйүп, сүйлөшүп жүрүп баш кошушса, башкалары махабат сезимине мас болуп, бат эле үйлөнүп алышат. Албетте, алардын баары никеде бактылуу болом деп үмүттөнүшөт. «Бирок,— дейт бир үйбүлө кеңешчиси,— кийин мага кеңеш сурап келгендердин көбү үйбүлөлүк жашоодо бактылуу болуудан үмүт үзүп коюшкан болот. Алар жубайынан, үйбүлөлүк жашоосунан, сүйүүдөн көңүлү калып, атүгүл жашоодон түңүлүп калышкан». Чынында эле, андай түгөйлөрдүн нике кагаздуу болуп, чогуу жашаганы эле болбосо, ортосунда жалпылык жокко эсе.

Айрым үйбүлөлөрдөн турмуштун арылбас түйшүгүнөн улам ынтымак кетет. Атүгүл бири-бирин сүйгөн жубайлар да же жоопкерчиликтүү, же кезектешме, же көп убакытты алган жумуштун айынан чарчап, бири-бирине ойдогудай көңүл бура албай калышат. Андан тышкары, акчанын тартыштыгынан, бала багууга байланыштуу кыйынчылыктардан, жаңы үйгө көчүп баруудан, жумуш алмаштыруудан жана денсоолукка байланыштуу көйгөйлөрдөн улам алардын бири-бирине болгон сүйүүсү сууп, өз ара сый-урматы кетет. Кыскасын айтканда, убакыттын өтүшү менен пайда болуучу ушул өңдүү жагдай-шарттар ар кандай кыйынчылыктарды жаратып, жубайлардын мамилесин бузушу мүмкүн.

Көптөгөн энелерге эки жерде жанын жай алдырбай иштөөгө туура келүүдө: алардын бири — жумуш, экинчиси — үй. Алар ошентип «жумуш», «бала-бакыра» деп жүрүп, башка иштерге колу да тийбейт. Ал эмес, жарына убакыт бөлө албай калат. Ошентип, көр оокатка батып, шайы оогон жубайлар бири-биринен алыстап кетишет. Кыйналган үйбүлөлөрдүн саны эмне үчүн мынчалык көбөйгөндөн көбөйүп барат? Коломто отун өчүрбөй, ырыс-ынтымактуу жашаш үчүн силер, жубайлар, эмне кылсаңар болот?