Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Спиритизмден эмне үчүн качышыбыз керек?

Спиритизмден эмне үчүн качышыбыз керек?

Ыйык Китептин көзкарашы

Спиритизмден эмне үчүн качышыбыз керек?

АЗИЯ өлкөлөрүнүн биринде рухтарга арналган майрам өткөрүлүп жатат. Майрам кызыганда, эл эки аялды тандап алат. Анан ал экөөнө рухтар киргендиктен, көздөрү аңтарылып, ток уруп жаткандай титирей башташат.

Пуэрто-Рикодо бир медиум (сантеро) чагылгандын кудайы деп эсептелген Чанго менен байланышуу сеансын өткөрүүдө. Ал көргөндөрүн айта баштаганда, бөлмөнүн ичиндегилер да жин киргендей калчылдай башташат.

Ооба, көптөгөн өлкөлөрдө оккультизм менен иришүү боло жүргөн нерсеге айланды. Табияттан тыш күчтөргө ишенүү бүгүнкү күндө жалпыга кеңири тарап, ага кызыккандардын саны барган сайын көбөйүп баратат. Жин-перилерге, сыйкырчылыкка жана адаттан тыш көрүнүштөргө байланышкан китептер, оюндар, телеберүүлөр жана тасмалар болуп көрбөгөндөй жайылууда.

Бирок Ыйык Китепте оккультизм менен, кандай гана түрү болбосун, иришүү спиритизм менен алектенүү экени айтылат. Спиритизм бул — зыянсыз көңүл ачуу, же жөн гана сырдуу дүйнөнү изилдөө эмес. Бул — жин-перилер, Кудайга каршы чыккан каардуу периштелер, менен байланышуу (Аян 12:9, 12).

Чынында, спиритизм жиндер үчүн балык уулоочунун жеминдей эле. Балыкчы ар кайсы балыкка ар кандай жем колдонот. Анын сыңарындай, каардуу рухтар да, өзүнө ар кандай адамдарды баш ийдириш үчүн, спиритизмдин ар башка түрүн колдонот. Алардын башчысы «бул [каардуу] дүйнөнүн кудайы» деп аталган. Ал Кудайдын Сөзүн жана анын ой-ниетин жашырыш үчүн, ишенбегендердин акылын сокур кылууда (2 Корунттуктар 4:4).

Спиритизм эмнеге алып барат?

Каардуу рухтардын максаты — Жараткан Кудай менен мамиле өрчүтпөшүбүз үчүн азгырып-адаштыруу. Алар адамдарды Кудайдын талаптарын билип деле, билбей деле буза берүүгө түртөт. Андыктан спиритизм Кудайдын ырайымынан айрылып калууга, үмүтсүздүккө, акыр-аягы өлүмгө алып барат (Аян 21:8).

Пуэрто-Рикодо чоңойгон Луис мындай дейт: «Биздин үйбүлө менин бала чагыман эле спиритизм менен алектенчү. Ал динибиздин жана жашообуздун бир бөлүгү болчу. Мен өзүмдү келечекти көрө билүү, карта менен төлгө ачуу жөндөмдүүлүгү менен төрөлгөм деп эсептечүмүн. Лотереянын номурларын таап, башкаларга акча утууга жардам берчүмүн. Көрсө, андай жөндөмдүүлүгүм Ыйык Китепти изилдөөгө жана Кудай менен мамиле түзүүгө тоскоолдук кылчу экен» (Жакан 17:3).

Көптөр рухий чөйрө менен байланышуунун эч кандай зыяны жок, атүгүл пайдалуу деп ойлошот. Ошондой эле айрымдар рухтар адамдарга жакшылык кылат жана алар менен байланышсаң, көптү билип, байлыкка жана бакытка тунасың деп ырасташат. Бирок, чын-чынына келгенде, иштин жөнү такыр башкача. «Бул дүйнөдө бекер эч нерсе жок. Эртеби, кечпи, бардык нерсенин акысын кайтаруу керек болот»,— дейт Луис.

Чад аттуу дагы бир жигитке коркунучтуу көрүнүштөр көрүнүп, уктап баратканда аны бирөө ойгото берчү. Ошондон улам ал абдан кыйналган. «Жиндер күнүгө түнүчүндө тынчымды алып, кыйнашчу»,— дейт ал. Жиндердин ушу сыяктуу таасиринен кантип коргонууга болот?

Кантип коргонууга болот?

Жиндерден коргонуу үчүн спиритизм менен байланышкан нерселердин бардыгынан арылуу керек (Галатиялыктар 5:19—21). Жахаба Кудай өзүнүн кызматчыларына андай иштерден качууну буйрат. Ыйык Китепте: «Сенин элиңде... көзү ачыктар, төлгөчүлөр, көз боочулар, бүбү-бакшылар, эмчи-домчулар, өлгөндөрдүн рухун чакыруучулар, сыйкырчылар, өлгөндөрдүн руху менен сүйлөшкөндөр болбосун. Анткени муну кылгандар Теңирдин алдында жийиркеничтүү»,— деп айтылат (Мыйзам 18:10—12).

Көптөр өздөрүн коргоо үчүн, жогорудагы сөздөргө ылайык, спиритизмге байланышы бар китептердин жана башка нерселердин баарын жок кылышкан. Мурда спиритизм менен алектенип келген Кен: «Буюм-тайымдарымды карап чыгып, шектүү көрүнгөндөрүнүн баарын жок кылдым»,— дейт (Карагыла: Элчилердин иштери 19:19, 20).

Бирок баарынан күчтүү коргонуч — чыныгы Кудай Жахаба менен жекече мамиле өрчүтүү. Ан үчүн эмне кылуу керектигине байланыштуу Жакып 4:7, 8де айтылгандарга көңүл бурсаңар. Ал жерде: «Кудайга баш ийгиле... Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат. Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, колуңарды жуугула. Чечкинсиздер, жүрөгүңөрдү тазалагыла»,— делет.

Жахаба Кудай өзүнө жакындагандарды окутуп-үйрөтөт жана коргойт. Алар Шайтандын айла-амалдарын билгендиктен, жалган көрүнүштөргө алданбайт (2 Корунттуктар 2:11; 11:14). Андан тышкары, Жахаба — Кудурети Күчтүү Кудай. Ал ага кайрылып, анын жардам берерине ишенгендерди каардуу рухтардын таасиринен куткарат. Жогоруда сөз кылынган Чад мындай дейт: «Мени кимдер кыйнап жатканын билүү жана Жахаба Кудайга кайрылуу жин-перилердин таасиринен арылууга жардам берди» (Забур 90:1, 2).

Ооба, жүрөгү таза адамдар Кудайдын азыртадан эле коргоп-колдооруна ишене алат жана жин-перилердин, аларга баш ийгендердин жакында жок кылынарын билүүдөн кубаныч алышат. Элестетип көрсөңөр, бүткүл адамзат спиритизм тийгизген бардык залакалардан арылганда, жерде кандай гана кубаныч, кандай гана тынчтык орнойт! (Ышайа 11:9; Аян 22:15).

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ Исанын жолдоочулары спиритизмге байланышкан кандай иштерден качышы керек? (Мыйзам 18:10—12; Аян 21:8).

▪ Спиритизмдин аркасында ким турат? (2 Корунттуктар 2:11; 11:14; Аян 12:9, 12).

▪ Каардуу рухтардан кантип коргоно алабыз? (Жакып 4:7, 8).

[11-беттеги сүрөт]

Спиритизм, чын-чынында, жиндер үчүн балык уулоочунун жеминдей эле