Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байлыктан өткөн баталар

Байлыктан өткөн баталар

Байлыктан өткөн баталар

ЖОН Кошмо Штаттардагы мыкты карьера жасаган консультант болгон. Жаш болсо да ал дүйнөнү кыдырып, байлыкка тунган. Жубайы экөө абдан кооз үйдө майкөл-сүткөл жашоо өткөрүшкөн. Көптөр аларга Кудайдын батасы тийип жатат деп ойлошкон.

Дагы бир мисал карап көрөлү. Костас * 5 000ден ашуун талапкердин ичинен европалык белгилүү банкта иштөөгө тандалган 80 кишинин бири болгон. Бир нече эле жылдын ичинде ал жумуштун улам жакшысына көтөрүлүп отуруп, акыры, башка банктагы чоң бөлүмдүн башчысы болуп дайындалган. Ал адамдардын көбү өмүр бою иштеп тапкан акчаны бир эле жылда таап койчу. Убакыттын өтүшү менен Костас ал жумушун таштап, өзүнүн жеке компаниясын ачкан. Ал Кудайдын батасын алып жатам деп ойлогон.

Бирок ал эки киши тең байлыктан өткөн баталар бар экенине ынанышкан. Маселен, Жон бүгүнкү күндө башкаларга Кудайга жакындоого жардам берүү үчүн өз ыктыяры менен аларды ыйык китептик билимге окутат. «Байлык бакыт алып келбей турганын өз көзүм менен да көрдүм, тажрыйбамдан да ынандым,— дейт Жон.— Ага жетем, аны сактап калам деп алпурушуп жатып, башка эч нерсеге убактың калбай калат. Ал эми ыйык китептик принциптерге ылайык жашоо көптөгөн баталарга жол ачат, мисалы, никеде бакытка жетесиң, жан дүйнө бейкуттугуна жана таза абийирге ээ болосуң».

Костас да ушу сыяктуу ойду айтат: «Кудай биздин ашыкча байлыкка умтулушубузду каалабайт. Ал бизге күндөлүк муктаждыктарыбыздан тышкары эмне бербесин, аларды анын эркине ылайык колдонууга милдеттүүбүз деп ойлойм». Жакында эле Костас үй-бүлөсү менен көбүрөөк адамдарды ыйык китептик принциптерге үйрөтүү үчүн башка тил үйрөнө башташты. Ал: «Биз алганга караганда берген бактылуураак кыларына ынандык»,— дейт (Элчилер 20:35).

Ооба, Жон да, Костас да рухий баталардын байлыктан алда канча баалуу экенин түшүнүшкөн. Гарвард университетинин профессору Дэниел Гилберт адамдын психикалык саламаттыгын изилдеген адистердин «ондогон жылдар бою байлык менен бакыттын ортосундагы байланышты изилдеп, байлык адамды жакырчылыктан алып чыгып, орточо жашаган адамдардын катарына кошкондо аны бактылуураак кылат деген жыйынтыкка келишкенин» айткан. Анан алардын: «Бирок андан кийин байлык адамды аябай деле бактылуу кылып жибербейт»,— деген сөздөрүн кошумчалаган.

Ачуу тажрыйбасынан үйрөнгөндөр

Психология илиминин профессору: «Таң калыштуусу, жакырчылыктан чыккан адамдын бактысы кирешесинин көбөйгөнүнөн көз каранды деле эмес»,— деп белгилеген. Өткөн кылымдын башында бир корреспондентке болот иштетүү өндүрүшүн ачкандардын бири дүйнөдөгү эң бай кишилердин катарындагы Эндрю Карнеги менен курган маеги зор таасир калтырган. «Мага көз артпай эле койсо болот,— деген Карнеги ага.— Байлыгым мага эмне кылып бере алат? Мен алтымыштамын, ичкен тамагымды сиңире албайм. Эгер кайрадан жаш, чың ден соолукта боло алсам, миллиондорумдун баарын бермекмин».

Ал корреспондент мындай деп кошумчалаган: «Бир маалда Карнеги мырза жүзүн буруп, ичтен сызгандай, кандайдыр бир түшүндүрө алгыс сезимде болуп: „Кайрадан жашоо үчүн колумда болгондун баарын сатмакмын“,— деп шыбырады». Дагы бир мультимиллионер мунай магнаты Пол Гетти: «Акча сөзсүз эле бакыт алып келбейт, ал эми бактысыздык алып келиши мүмкүн»,— деген.

Силер Ыйык Китептин жазуучусунун төмөнкү өтүнүчүнө кошулат чыгарсыңар: «Мени бай да, жакыр да кылба, мени күндөлүк турмушта эң зарыл болгон нан менен камсыз кыл. Ашыра тоюп алып, Өзүңдөн баш тартпайын, „Теңир ким?“ деп айтпайын же жакырданып кетип, уурулук кылбайын, Кудайымдын атын курулай атабайын» (Накыл сөздөр 30:8, 9).

Байыркы ысрайыл элинин падышасы Сулайман: «Мен Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарынан улуу жана бай адам болдум»,— деп айткан. Бирок ал: «Бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу»,— деп кошумчалаган. Ошондой эле: «Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— деген (Насаатчы 2:9—11; 5:12, 13; Накыл сөздөр 10:22).

Түбөлүк баталарга жетүүнүн жолу

Ырас, биз рухий муктаждыктарыбызды тийиштүү түрдө канааттандырганда гана чыныгы, узакка созула турган бакытка ээ болобуз. Биринчи кезекте Кудайга жагууга умтулсак, жашообузду байытабыз жана алда канча арзырлык жашоо өткөрөбүз.

Бактыга жараша, акча дайыма эле тынчсыздануулардын себеби боло бербейт. Ыйык Китеп бизди ач көздүк менен коштолгон жана адамдарды эзген коммерциянын келечекте түбөлүккө жок кылынарына ынандырат (1 Жакан 2:15—17). Андан кийин орной турган Кудайдын жаңы дүйнөсүндө адамдар Анын адил принциптерине жетектелип жашашат. Жер бети Кудай биринчи түгөйдү жаратканда ниет кылгандагыдай бейишке айланат. Бүтүндөй жер жүзүндө бакыт, тынчтык жана сүйүү өкүм сүргөнүн көрүү кандай чоң бата болот! (Ышайа 2:2—4; 2 Петир 3:13; 1 Жакан 4:8—11).

Ал кезде жашоо тажатма же кызыксыз болбойт. Кудай адамдардын жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшүнө байланыштуу ой-максатын аткарганда, биз материалдык жактан эле эмес, рухий жактан да мол бата алабыз. Жаңы дүйнөдө тамак-аш кенен болот, бардык адамдардын үй-жайы, канааттануу алып келген жумушу болот. Жакырчылык толугу менен жоюлат (Забур 71:16; Ышайа 65:21—23; Михей 4:4).

Ыйык Китепти жаздырган Жахаба Кудайга чын жүрөктөн ишенгендердин эч кимисинин көңүлү калбайт (Римдиктер 10:11—13). Андыктан байлыктан өткөн баталарга умтулуу акылдуулукка жатат! (1 Тиметей 6:6—10).

[Шилтеме]

^ 3-абз. Ысмы өзгөртүлдү.

[8-беттеги кыстырма]

Биринчи кезекте Кудайга жагууга умтулсак, алда канча арзырлык жашоо өткөрөбүз

[8-беттеги сүрөт]

Акчаны акылдуулук менен колдонсок, жашоодон көбүрөөк кубаныч алабыз