Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баарыбыз бир тууганбыз

Баарыбыз бир тууганбыз

Баарыбыз бир тууганбыз

УЛУТУ башка, түсү сеникинен айырмаланган адамдарга карата кандай көз караштасың? Аларга бой көтөрө карабайсыңбы? Өкүнүчтүүсү, көптөр кайсы бир расаны өзүнүкүнөн төмөн көрүшөт. Бир сөздүктө «расизм — бул адамдын өзгөчөлүктөрү, жөндөмдүүлүктөрү расасынан көз каранды жана расадагы айырмачылыктар кайсы бир расанын башкалардан жогору турушуна негиз түзөт деген түшүнүк» экени айтылат.

Мындай түшүнүк көптөргө зыян алып келүүдө. Профессор Вен-Шиң Жең эмгегинде: «Адамдар өзүнүн расасын башкалардыкынан жогору эсептегендиктен башка өлкөлөрдү колониялаштырышкан, элдерди кулга айландырышкан»,— деп жазган («Handbook of Cultural Psychiatry»). Ал ошондой эле: «Расизм социалдык, экономикалык жана саясий теңсиздикти актоо үчүн колдонулуп келген»,— деп кошумчалаган. Расизм атүгүл бүгүнкү күндө да дүйнөнүн ар кайсы жактарында өкүм сүрүүдө. Чынында эле бир раса башка расалардан жогору турабы? Бул тууралуу илим эмне дейт жана Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Илим эмнени далилдөөдө?

Генетика илиминде жасалган ачылыштар расизмдин жаңылыш түшүнүк экенин бышыктады. Окумуштуулар ар кайсы континенттеги адамдарды изилдеп көрүп, дүйнөнүн ар тарабында жашаган эки башка адамдын ДНКсынын айырмасы болжол менен 0,5 пайызды түзөрүн аныкташкан *. Кызыктуусу, ал айырмачылыктардын 86—90 пайызы бир эле расадагы адамдардын ортосунда кездешкен. Ал эми айырмачылыктардын 14 пайызы же андан азыраагы эки башка расадагы адамдардын ортосунда кездешкен.

«Адамдар генетикалык жактан окшош болгондуктан, генетика илими бардык расадагы адамдар тең экенин далилдей турган, расизмди жоё турган маанилүү курал боло алат жана болушу керек»,— делет «Нейчер» журналында.

Расизмди жок кылууга байланыштуу мүдөөлөр жаңы эле пайда боло калган жок. 1950-жылдан тартып Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму расизм менен күрөшүүгө байланыштуу бир катар макалаларды чыгарган. Макалаларды антрополог, генетик жана социологдор жазышкан. Ошентсе да расизм жоюлган жок. Мындан көрүнүп тургандай, расизмди жоюу үчүн фактыларды билип коюу эле жетишсиз. Бул адамдын жүрөгүнө жетиши керек. Анткени, Иса Машаяк айткандай, жаман ойлор жүрөктөн чыгат (Матай 15:19, 20).

Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китеп адамдын жүрөгүн козгогудай күчкө ээ. Мисалы, андагы: «Бүт жер жүзүндө жашасын деп, ал [Кудай] бир кишиден бардык элдерди жараткан»,— деген сөздөр илимге шайкеш келет. Ыйык Китепте ошондой эле Кудай «беткарама эмес экени», «андан корккон жана адилдик боюнча иш кылган адам, кайсы гана элден болбосун, Ага жагары» айтылат (Элчилер 10:34, 35; 17:26). Кудайдын адилеттүү экенин билүү сага аны жакшы көрүүгө түрткү бербейби? (Мыйзам 32:4).

Жахаба Кудайды жакшы көрөрүбүздү аны тууроо менен көрсөтөбүз. Эфестиктер 5:1, 2де: «Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар... сүйүү жолунда жүргүлө»,— делет. «Сүйүү жолунда жүрүү» деген адамдарды түсү, улуту кандай болбосун, Кудай сүйгөндөй сүйүүнү билдирет (Марк 12:31).

Кудайга жүрөгү жамандыкка, жек көрүүчүлүккө жана улутчулдукка толгон адамдар жакпайт (1 Жакан 3:15). Кудай жер бетин жаман адамдардан тазалай турган убакыт тездик менен жакындап келатат. Анын сапаттарын чагылдырууга аракет кылгандар гана аман калышат. Ошондо адамдардын баары жалгыз чыныгы Кудайга сыйынган бир туугандардан болушат (Забур 36:29, 34, 38).

[Шилтеме]

^ 5-абз. Бирок айрым оорулар ген аркылуу өткөндүктөн, адамдардын ортосундагы генетикалык айырма, салыштырмалуу кичинекей эле болсо да, медицина тармагындагылар үчүн аябай маанилүү.

[23-беттеги кыстырма]

«Адамдар генетикалык жактан окшош»