Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мумбайлыктардын ысык тамак жеткирүү ыкмасы

Мумбайлыктардын ысык тамак жеткирүү ыкмасы

Мумбайлыктардын ысык тамак жеткирүү ыкмасы

КҮНҮГӨ таңкы саат бештерде жумушка кетесиң. Түшкү тамак учурунда сага үйүңдөн өзүң каалагандай бышырылган тамакты алып келип беришет. Бул мүмкүн эместей көрүнгөнү менен, Мумбайда (Индия) иштеген миңдеген адамдар үчүн толук мүмкүн; аларга үйүнөн жасалган тамакты даббавалалар жеткирип беришет *.

Кирешелүү иштин башталышы

Он тогузунчу кылымдын аяк ченинде Мумбай (мурун Бомбей деп аталчу) алыс жактан келип иштеген британиялык жана индиялык ишкер адамдар көп болгон, коммерция абдан өнүккөн шаар болчу. Ал учурда унаалар абдан жай жүрүп, ресторандар да аз эле. Ишкер адамдар үйдүн тамагын жегиси келгендиктен, үйүнөн бышырылган тамакты жумушуна жеткирип бериши үчүн кызматчыларды жалдашчу. Бул иш кирешелүү болорун көрө билген бир ишкер айылдардагы жумушсуз жүргөн жаш балдарды жалдап, ишкер адамдардын үйүнөн бышырылган тамакты алардын жумушуна жеткирип бере баштаган. Ушинтип, кичинекей нерседен башталган иш кийин чоң бизнеске айланган.

Учурда Мумбайда ресторандар көп болсо да, үйдүн тамагы азыркыга чейин бааланып келет. Анткени көптөр үйдөн жасалган тамакты жакшы көрүшөт жана ал арзан түшөт. Андан тышкары, ден соолугуна байланыштуу мүнөз тамак ичкендер да бар. Башкалары туткан динине байланыштуу кээ бир тамактарды жешпейт. Мисалы, айрымдар пияз жебесе, кээ бирөөлөрү чеснок жебейт. Ресторандарда болсо булардын баары тамакка кошула берет, ал эми даббавалалар алар жегиси келген тамакты гана жеткирип беришет.

Ишеничтүү тейлөө кызматы

Даббавалалардын тамак жеткирүү ыкмасы көптөгөн жылдардан бери дээрлик өзгөргөн жок, болгону, алар көбүрөөк адамдарга тамак жеткире башташты. Азыркы учурда 5000ден ашуун киши (алардын арасында бир нече аялдар да бар) калкы 20 миллиондон ашкан, абдан жыш жайгашкан шаарда күнүнө 200000ден ашык порция тамакты кардарлардын үйлөрүнөн иштеген жерине жеткиришет. Даббавалалар радиусу 60 километрдей болгон аймакты тейлешет. Алардын айрымдары 30 же 40 идишти арабага салып алып жөө жеткиришсе, башкалары велосипед же поезд менен жеткиришет. Кандай болбосун, алар кардарларын чаташтырбай тамакты өз убагында жеткирип барышат. Эсептөөлөргө ылайык, 6 миллион даббаваланын ичинен бирөөсү гана жаңылат. Алар ушундай ийгиликке кантип жетишишет?

1956-жылы даббавалалар адамдарга кызмат кылуу максатында уюштурулган, администрациясынан жана башка жумушчулардан турган уюм катары катталган. Топтогу жумушчулардын жана алардын көзөмөлчүсүнүн өзүнүн аткарган кызматы бар. Бирок алардын баары кызматташтар жана ар биринин уюмга түшкөн кирешеден ала турган үлүшү бар. Алардын айтымында, ийгиликке жетип жатканынын сыры мына ушунда. Мындан 100 жылдан ашык убакыт мурун башталган ушул тейлөө кызматында бир да жолу иш таштоо болгон эмес.

Даббавалалар аты-жөнү жазылган көкүрөк көрнөкчө тагынып жүрүшөт, ошондой эле ак көйнөк, кенен шым жана ак баш кийим кийип жүргөнү менен да белгилүү. Алар баш кийимин кийбей калышса, олуттуу себепсиз кечигип же жумушка чыкпай калышса жана жумуш күнү спирт ичимдигин ичип алышса, айып пул төлөшөт.

Даббаваланын жумуш күнү

Даббавала эртең мененки саат 8.30да кардардын үйүнө жубайы же кимдир бирөө тамак салып даярдап койгон идишти — даббаны — алып кетүү үчүн келет. Дабба — бир нече бөлүктөн турган, үстү-үстүнө кийгизилип, капталынан темир менен бекитиле турган идиш. Даббавала өзүнө тийиштүү аймактан тамак салынган идиштерди чогултуп, велосипедге же кол арабага жүктөп, өзүнүн тобундагы даббавалалар менен жолугуу үчүн тезинен темир жол станциясын көздөй жөнөйт. Алар ал жерден, почточу каттарды сорттогон сыяктуу, даббаларды жеткире турган аймактарга жараша сорттошот.

Ар бир идишке үйдүн дареги, жакын жердеги темир жол станциясы жана тамакты кайсы жерге жеткирүү керектиги, башкача айтканда, имараттын аты жана канчанчы кабатта экени тамгалар, сандар жана ар кандай түстөр менен белгиленип жазылат. Ар бир аймакка жеткириле турган идиштер 48 дабба бата турган, капталдары тосулган узун жыгач тактага салынат. Поезд келгенде, аларды айдоочунун кабинасына жакын жайгашкан атайын купеге жүктөшөт. Андан соң поезд борбордук станцияга жеткенде, жеткириле турган жерге жараша идиштер дагы бир ирет сорттолот. Ошентип, идиштер велосипеддерге, арабаларга жүктөлүп, тамактар даректер боюнча кардарларга жеткирилүүгө даяр болот.

Тамакты арабалар жана велосипеддер менен жеткирүү ыңгайлуу болгондон тышкары, арзан да түшөт. Даббавалалардын жумушуна жол тыгыны тоскоолдук кылбайт, анткени алар жолдун чети менен же машиналарды аралап өтүп кете беришет. Ошентип, саат 12.30да тамак керектүү дарекке жеткирилет. Анан күжүрмөн эмгектенген даббавалалар саат 13.15тен 14.00гө чейин өздөрү тамактанышат да, бош идиштерди чогултуп, кайрадан кардарлардын үйүнө жеткирип беришет. Ал эми кардардын үйүндөгүлөр идиштерди жууп-тазалап, эртеңки күнгө даярдап коюшат. Даббавалалар жумуш башталгандан бүткүчө, эстафета оюнуна катышкандар сыяктуу, абдан тез иштеп, жумушун сапаттуу аткарышат.

Жогору бааланган жөнөкөй тейлөө кызматы

Даббавалалардын мыкты уюшкандыкта аткарган иши байкалбай койгон эмес. Башка уюмдар да даббавалалардын ыкмасын өз ишинде колдонуу үчүн алардын иштөө системасын кылдат изилдешкен. Ошондой эле алар жөнүндө документалдык фильм тартылган. Бир белгилүү журналга даббавалаларды эң мыкты иши үчүн мактап жазылган макала чыккан («Forbes Global Magazine»). Андан тышкары, даббавалалар Гиннес китебине киргизилген жана Гарвард мектебинин окутуу программасында да алардын иштөө ыкмасы тууралуу айтылат. Атүгүл даббавалаларга жогорку даражалуулар, алардын ичинде Британиянын принци да келип кеткен. Принц алардын ишине ушунчалык суктангандыктан, айрымдарын Англияга өзүнүн үйлөнүү тоюна чакырган.

Бүгүнкү күндө даббавалалар заказ алып, эсептеш үчүн компьютерлерди, уюлдук телефондорду колдонушат. Бирок алардын тамак жеткирүү ыкмасы өзгөргөн жок. Түшкү тамак маалы жакындап калганда Мумбайда иштеген курсактары ачкан жумушчулар үйүнөн жасалган колдун тамагы өз убагында кечикпей келип каларына эч шектенишпейт.

[Шилтеме]

^ 2-абз. Дабба деген сөз «тегерек темир идиш» дегенди билдирет, ал эми вала деген сөз кызмат кылган кишиге карата айтылат. Бул сөз ар кандай жазыла берет.

[11-беттеги сүрөт]

«Даббаларды» жеткирүү үчүн поездге жүктөө

[11-беттеги сүрөт]

«Дабба» көтөрүүгө жана ташууга ыңгайлуу болуш үчүн бириктирип коё турган бир нече бөлүктөн турат

[12-беттеги сүрөт]

Көптөгөн ишкер адамдар «даббавалалардын» мыкты иштөө ыкмасынан көп нерселерди үйрөнүшкөн