Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Бул сүрөттө кандай ката бар?

Оку: Жакан 6:5—13. Сүрөттө кандай үч ката бар? Жоопторду төмөндөгү бош орундарга жазгыла жана сүрөттү боёгула.

1. ...............

2. ...............

3. ...............

ТАЛКУУЛОО ҮЧҮН:

Иса шакирттерине эмнени жыйноону буйруган жана эмне үчүн? Мындан Иса жөнүндө эмнени билүүгө болот? Ысырапчыл болбош үчүн эмне кылсаң болот?

ҮЙ-БҮЛӨҢӨР МЕНЕН ЧОГУУ КЫЛГЫЛА:

ыйык китептик бул билдирүүнү чогуу окугула. Эгер мүмкүн болсо, бирөөңөр автордун, экинчиңер Исанын, үчүнчүңөр Филиптин, төртүнчүңөр Андрестин сөзүн окугула.

Чогулт, изилде

Кесип алып, бүктөп сактап кой

ЫЙЫК КИТЕПТИК КАРТОЧКА 1 ЖАШЫЯ

СУРООЛОР

А. Жашыя жана анын жоокерлери Жерихо шаарынын дубалдарын кантип уратышкан?

Б. Жашыянын сөздөрүн аягына чыгаргыла: «Мен жана менин үй-бүлөм болсо...»

В. Жашыя дагы кандай ысым менен белгилүү болгон?

[Таблица]

Б. з. ч. 4026-ж. Адам ата жаратылган

Болжол менен б.з.ч. 1500-жылдары жашаган

Б.з. 1-ж.

Б.з. 98-ж. Ыйык Китептин акыркы китеби жазылган

[Карта]

Мисирден Убадаланган жерге баруу

МИСИР

УБАДАЛАНГАН ЖЕР

ЖАШЫЯ

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ:

Нундун уулу. Мусага кызмат кылган, кийинчерээк ысрайыл элин жетектөөгө дайындалган (Чыгуу 33:11; Мыйзам 34:9; Жашыя 1:1, 2). Кудайдын элин Убадаланган жерге эр жүрөктүк менен жетектеп барган. Жашыя Кудайдын убадаларына бекем ишенген, жетекчилигине баш ийген жана ага ишенимдүү кызмат кылган.

ЖООПТОР

А. Алар Кудайдын тилин алып, шаарды айланып чыгышкан (Жашыя 6:1—27).

Б. «...Теңирге кызмат кылабыз» (Жашыя 24:15).

В. Жашыя жана Ошуя (Сандар 13:9, 17).

Адамдар жана өлкөлөр

4. Менин атым Виктор. Мен 7 жаштамын. Африкадагы Малави өлкөсүндө жашайм. Малавиде канча Жахабанын Күбөсү жашаарын билесиңби? 750бү, 7 500бү же 75 000би?

5. Кайсы чекит мен жашаган жерди көрсөтүп турат? Аны таап, белгиле. Эми өзүң жашаган жерди белгилеп, Малавиге канчалык жакын экениңди кара.

А

Б

В

Г

ЖООПТОР

1. Азыкты алып келген кыз эмес, эркек бала болгон.

2. Беш алма эмес, беш нан болчу.

3. Эки жүгөрү эмес, эки балык болгон.

4. 75 000.

5. В.