Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жал куйругу төгүлгөн, туйлап турган тулпар

Жал куйругу төгүлгөн, туйлап турган тулпар

Жал куйругу төгүлгөн, туйлап турган тулпар

«Мен аттарды аябай жакшы көрүп калдым. Алар укмуштуудай сулуу жана келишимдүү болушат» (ЖЫЛКЫ КАРМАГАН ТОМАШ).

КӨПТӨР жылкынын келишимдүү турпатына, күчүнө, асман чапчый эки аягы менен тик турганына, туягы менен чаң сапыра жер чапчыганына жана бышкырып, атылган октой алдыны көздөй атырыла чуркаганына суктанып, аны сулуу жаныбар деп эсептешет. Ооба, жылкы баласы чынында эле асыл жаныбар.

Кылымдар бою ар кандай климаттык алкакта, ар кандай жерлерде жашаган адамдар жылкылардын көптөгөн тукумун багып келишкен. Алардын ичинен таза кандуу араб жылкысы эң келишимдүү деп эсептелет. Бул асыл тукумдун жылкылары ойноктоп-туйлап турат, ошондой эле күчтүү, күлүк, чыдамкай, акылдуу келет. Ошондуктан аларды спорттук мелдештерге салышат.

Кызыктуусу, араб жылкылары Борбордук Европада жайгашкан Польшада да көптөгөн жылдардан бери багылат. Андыктан таза кандуу, мыкты араб жылкысын өстүрүүдө Польшанын салымы чоң. Кандайча? Ушул жана башка суроолор менен араб жылкысынын тукумун өстүрүп, көбөйтүп келе жаткан адистерге кайрылдык.

Бул асыл тукумга кандай баа беришет?

Адегенде таза кандуу араб жылкылары жөнүндө бир аз маалымат алсак. Бул асыл тукум жылкыларынын тарыхы Жакынкы Чыгыш менен байланышта. Жылкы баласын мыкты билген Томаш мындай дейт: «Кылымдар бою көчмөн элдер таза кандуу араб жылкыларын өстүрүп, сактап келишкен. Кылдат аргындаштыруунун жана тоодой эмгектин аркасында араб жылкыларынын асыл тукуму келип чыккан. Көбүнчө араб аттарынын өңү көк, жээрде жана кара кер болот, арасында чым каралары да кездешет».

Шанета, араб жылкыларын өстүрүү боюнча адис, мындай дейт: «Араб жылкылары көрүнүшү сулуу, келишимдүү болушат жана таза кандуу, эң байыркы тукумдардын бири болуп эсептелет». Алар ойноктоп-туйлап турганы менен эле эмес, чыдамкайлыгы, тайманбастыгы менен да белгилүү. Бул тукумдагы жылкылардын төшү жазы, өпкөсү күчтүү болгондуктан, башка аттарга салыштырмалуу, алыскы аралыктарга мыкты чуркайт.

Арабиядан Польшага...

Жылкы фермасы бар Томашка: «Араб жылкысы Польшага кандайча келип калган?» — деген суроо узаттык. Ал: «Польшага араб жылкысын 16-кылымда падышанын Стамбулга көп каттаган элчиси иш сапарынан кайтып келе жатканда алып келсе керек»,— деп жооп берди. Анан: «Бирок араб жылкысы Польшада 18-кылымдын аягынан бери багылат деп ишенимдүү айта алам»,— деп кошумчалады. Ал эми араб жылкыларын багуу боюнча адис Изабела Павелец-Завадска баса белгилегендей, асыл тукум жылкыларды алып келүүдө граф Вацваф Жевускинин салымы чоң. Чыгыштын маданиятын жакшы билген граф «Арабиядан жылкы алып келүү үчүн экспедиция уюштуруп», Европага 137 баш жылкы алып келген.

Жевускинин зор күч-аракетинин аркасында Польшанын чыгышында жайгашкан Янув Подласки айылында 1817-жылы эң биринчи жылкы ферма ачылган. «Башында иш ийгиликтүү башталып, ферманын келечеги кең көрүнгөн. Алынып келинген жылкылар мыкты адистердин колуна тапшырылган,— дейт Томаш.— Бирок Европанын чордонунда башталган Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуш Польшадагы жылкы фермага залакасын тийгизбей койгон эмес. Аттардын көбү өлүп калган, айрымдары качып кетсе, кээ бирлерин уурдап кетишкен». Ошентсе да Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бир нече убакыт өткөндөн кийин жылкы фермалары кайрадан ишке киришкен.

Учурда Польшада, бери дегенде эле, 30дай фермада араб жылкысы багылат. Польшалыктардын жылкы багуудагы 200 жылдык тажрыйбасы асыл тукумдун мыкты сакталганына кепилдик берет. Ошентип, Польша араб жылкысын багып, көбөйткөн дүйнөдөгү эң көрүнүктүү өлкөлөрдүн бирине айланган. Ал жакта жыл сайын өткөрүлүп турган көргөзмөлөргө жана аукциондорго адистер менен араб жылкысын жакшы көргөндөр төгөрөктүн төрт бурчунан келип турушат.

Бапестеп багуу

Таза кандуу жылкыны жакшы багыш үчүн фермерлерден көп нерсе талап кылынат. Жылкы фермасы бар Маугожата мындай дейт: «Араб жылкысын багуу оңой эмес. Ойноктоп-туйлап турган жылкыларды көркүнөн кетирбей жакшы багыш үчүн жем-чөбүн убагында берип, жакшы караш керек. Өзгөчө, мына-мына тууйт деп турган бооз бээлерге жакшы кам көрүш керек» *. Араб жылкысына кандай жем-чөп бериш керек?

Маугожата сөзүн мындай деп улайт: «Аттарга күнүгө эртең менен витаминдер менен минералдарга бай чөп салып турабыз. Топонго же майда саманга аралаштырылган сулу аттар үчүн баалуу азык болуп эсептелет. Ошондой эле буудайдын акшагын, арпа да берген жакшы. Бирок аттар үчүн көк чөп, беде, картөшкө, сабиз жана кызылчадан өткөн тоют жок. Кышкыга фермерлер көбүнчө белокко бай тоют камдап коюшат. Чарк айланып туйлап турган араб жылкысынын дымагын басыш үчүн минералдар менен дары чөптөр кошулган туз жалатып туруш керек. Бирок тоют канчалык жакшы болбосун, жайыттагы көк чөпкө эмне жетсин! Айта кетчү дагы бир нерсе, аттар кир суу ичпейт, аларга таза суу бериш керек».

Араб жылкысына кам көрүүдө анын терисине, жал-куйругуна дайыма көңүл буруп туруу маанилүү. Бул атты жууп-тазалап, ат тарак менен тарап турууну жана кол менен таптап, сылап-сыйпап турууну билдирет. Андан сырткары: «Күн сайын аттын туягын тазалап туруу зарыл, себеп дегенде бул ар кандай оорулардын, анын ичинде рактын алдын алат. Өзгөчө, көзүн, таноосун, оозун жана кулагын карап туруш керек»,— дейт Томаш. Шанета мындай деп кошумчалайт: «Ат сынынан кетпей, көрктүү болушу үчүн чуркап, кумга, баткакка же чөпкө оонап тургудай кенен жер болгону жакшы. Атты жорголотуп же чаптырып келгенден кийин үстүнө жабуу жаап суутуп, андан соң жууп-тазалаш керек».

Адистер ар бир атка өзгөчөлүгүнө жараша көңүл буруу керектигин баса белгилешет. Маугожата муну мындайча түшүндүрөт: «Араб жылкысы сезгич келет деп айтышат. Аларга адамдардын көңүл бурганы, сылап-сыйпаганы, кучактаганы абдан жагат. Ушундай мамиле кылса, аттар чабандеске үйүр алып, ага жакын болуп калышат. Ошондой эле аларга жылмайып же аларды кучактап, сабиз же кант сыяктуу таттуу нерселерди бергенде, кишенелеп жиберишет. Жылкы баласын жакшы көргөндөр аларга кам көрүү чын эле кубаныч тартуулаарына кошулушат». Томаш сезимдерин мындай деп билдирет: «Мен аттарды аябай жакшы көрүп калдым. Алар укмуштуудай сулуу жана келишимдүү болушат. Бирок алар оңой эле үйүр ала коюшпайт. Буга мен көп жылдарды жумшадым».

Жылкы баласынын келечеги

Тээ алмустактан бери адамдар аттардын, өзгөчө, араб жылкысынын көркүнө, күлүктүгүнө, ыкчамдыгына, күчүнө жана акылдуулугуна суктанып келишкен, андыктан «ат адамдын канаты» деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Өкүнүчтүүсү, адамдар аттарды согуштарда колдонуп келишкендиктен, жүздөгөн аттар ошондой согуштарда өлгөн. Бирок Кудайдын Падышалыгы башкарган убакта адамдар аттарды Жараткан Кудайды даңазалап-даңкташ үчүн гана колдонушат.

[Шилтеме]

^ 14-абз. Фермер бээнин качан туурун аныктай алат. Негизи, бээ жыл сайын тууйт, бирок кээде кысыр калат. Бээ орто эсеп менен 25—30 жыл жашап, 15—18 кулун тууйт.

[17-беттеги сүрөт]

Кулундуу бээ

[18-беттеги сүрөт]

Араб жылкысын бапестеп багуу

1. Терисин тазалап, жал-куйругун тароо

2. Туягын тазалап туруу

3. Сылап-сыйпап, көңүл буруу

[19-беттеги сүрөт]

Оюн салып жаткан айгырлар