Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелердин ою

Ата-энелердин ою

Ата-энелердин ою

Мектепке бара элек балаңар бар болсо, кыйынчылыктарга кабылып жатсаңар керек. Балаңар чыр салып, кыял-жоругун көрсөткөндө, эмне кылсаңар болот? Балаңарды эмне туура, эмне туура эмес экенин айырмалаганга кантип үйрөтө аласыңар? Анда айрым ата-энелердин эмне кыларына көңүл бурсаңар.

БАЛАНЫН КЫЯЛ-ЖОРУГУ

«Бала эки жашка чыгып калганда, ата-энесинен каалаганынын баарын орундатышын талап кылып, кыял-жоругун көрсөтө баштайт. Биздин уулубуз да так ушундай кылчу. Талап кылган нерселери орундалбай калса, колуна тийген нерсенин баарын ыргыта баштачу. Ал биздин биринчи балабыз болгондуктан, андайда эмне кылышты билбей калчубуз. Башкалар: „Эч нерсе болбойт, бала ушинте берет“,— дегенде, жеңилдеп деле калчу эмеспиз» (Сюзан, Кения).

«Кызыбыз эки жашында бир нерсе оюндагындай болбой калса, жерге жата калып, кыйкырып, жер тепкилеп ыйлачу... Ал ушундай кылганда, кыжырданып кетчүбүз. Ошол учурда аны менен сүйлөшкөндөн майнап чыкчу эмес. Ошон үчүн атасы экөөбүз ага: „Азыр бөлмөңө барып басыл, ошондон кийин сүйлөшөбүз“,— деп акырын айтчубуз. Анан басылгандан кийин, бирибиз аны менен сүйлөшүп, кылганы эмне үчүн туура эмес болгонун түшүндүрүп берчүбүз. Ушинткенибиздин натыйжасы жакшы болчу. Ал эмес, бир жолу кызыбыздын Кудайдан кечирим сурап тиленип жатканын угуп калдык. Убакыттын өтүшү менен кызыбыздын чыр салганы азайып отуруп, акыры токтоду» (Йоланда, Испания).

«Балдар эмне кылганда, ата-энеси алардын ою менен болорун байкашат. Бир нерсени кылганга тыюу салып, бирок кайра аны кылганга уруксат берип койсоңор, баланын башы маң болот. Биз дайыма айткандарыбызга ылайык иш кылгандыктан, балдарыбыз чатак салып, кыялын көрсөтүү менен каалаган нерсесине жете албай турганын акырындык менен түшүнүштү» (Нил, Улуу Британия).

БАЛАНЫ ТАРТИПКЕ САЛУУ

«Беш жашка чейинки балдардын айтканыңарды угуп жаткан-жатпаганын аныктоо кыйын. Андыктан аларга кайталап айтып туруу абдан маанилүү. Керек болсо, жаңсоо менен миң ирет кайталагыла. Сүйлөгөн сөзүңөрдөн чечкиндүүлүк байкалып турсун» (Серж, Франция).

«Балдарыбызга бирдей эле тарбия берип чоңойтсок да, төрт балабыздын мүнөзү төрт башка болчу. Бир кызыбыз бизди бир аз капалантып алганы үчүн эле ыйласа, башкасы анын ою менен болушубузду каалап, көгөрүп туруп алчу. Кээ бир учурларда балдарды карап коюу же аларга катуу айтып коюу эле жетиштүү. Ал эми кээде жазалаш керек болот» (Натан, Канада).

«Балдар чыр салып, кыялын көрсөткөнү үчүн эле талаптарыңарды өзгөртпөгүлө. Бирок ошол эле учурда өтө эле катуу же катаал болбогула. Кээде балабыз кылганы туура эмес экенин түшүнгөнүн көргөндө, жазасын жеңилдетип коёбуз» (Матье, Франция).

«Мен өтө эле көп эрежелерди чыгара бербейм, бирок мурунку эрежелерди өзгөртөйм. Үч жаштагы уулум тилимди албай койсо, эмне болорун жакшы билет. Бул ага чектен чыгып кетпегенге жардам берет. Чарчап турганда баламдын туура эмес иштерине көңүл бурбай койгум келет. Бирок ал айтканым айткандай экенин эсинен чыгарбашы үчүн, тентектик кылганда, чара көргөнгө өзүмдү мажбурлайм. Бардык учурда айтканыңарга бекем карманганыңар маанилүү» (Натали, Канада).

АЙТКАНЫҢАРГА БЕКЕМ КАРМАНГЫЛА

«Кичинекей балдар ата-энеси айткандарына карманбай койгон учурларды жакшы эстеп калышат» (Милтон, Боливия).

«Айрым учурларда уулубуз бирдей эле жооп беребизби же ар кандай жооп беребизби, билиш үчүн бир эле нерсени ар кандай жол менен сурайт. Эгер апасы экөбүз эки башка жооп берип койсок, ошондон пайдаланганга аракет кылат» (Аңкел, Испания).

«Көңүлүм жайдары болуп турганда баламдын кыял-жоруктарына көз жумуп койсом, маанайым пас болуп турганда ошондой иш кылса, аны урушуп, жазалап койчумун. Бирок мындай кылганым туура эмес экенин байкадым» (Жиоң-Ок, Корея).

«Балдардын бүгүнкү кылган туура эмес иши эртең да, бүрсүгүнү да туура эмес болорун жакшы түшүнүшү абдан маанилүү» (Антонио, Бразилия).

«Ата-энелер айткандарына карманбаса, балдар ата-энесинин чечимдери маанайынан көз каранды деген ойдо калышат. Ал эми айткандарына бекем карманышса, балдары туура эмес нерсе дайыма туура эмес экенин түшүнүшөт. Ошондо балдарга өздөрүн коопсуз сезип, ата-энесинин аларды жакшы көрөрүн түшүнө алышат» (Жилмар, Бразилия).

«Балдар бир аз суранып койсо эле, ата-энеси „жок“ дей албай тургандай көрүнгөн учурлардан пайдаланышат. Мисалы, ата-энесинин бирөөлөрдүн көзүнчө алардын ою менен болуп коюшу мүмкүн экенин билишет. Эгер мен „жок“ дей турган болсом, башынан эле „жок“ деп айтам жана уулума, канчалык суранбасын, айткандарын укпай турганымды айкын билдирем» (Чаң-Сок, Корея).

«Ата-эне дайыма бир тарапта болушу керек. Эгер аялым экөөбүздүн көз карашыбыз эки башка болуп калса, бул жөнүндө балдар жокто өзүнчө сүйлөшөбүз. Балдар ата-энесинин бир тарапта эмес экенин байкаса, ошол жагдайдан пайдаланганга аракет кылышы мүмкүн» (Кесус, Испания).

«Ата-энесинин бир ойдо экенин жана алар анын ою менен болбой турганын билгени бала үчүн пайдалуу. Андай бала ата-энесинин тилин алганда же албай койгондо жыйынтыгы кандай болорун жакшы билет» (Дамарис, Германия).

«Аялым экөөбүз кызыбызга жакшы нерсени убада кылганда да сөзүбүзгө турабыз. Бул ага айткандарыбызга бекем карманарыбызды түшүнгөнгө жардам берет» (Хендрик, Германия).

«Эгер жумуш берүүчүм жумуштагы талаптарды дайыма эле өзгөртө берсе, албетте, кыжырданмакмын. Балдар деле ошондой сезимде болушат. Алар эрежелерди жана алардын эч качан өзгөрүлбөй тургандыгын жакшы билсе, өздөрүн коопсуз сезет. Алар тил албай коюшса, кандай жаза аларын жана ата-энеси аларды сөзсүз жазалаарын жакшы билиши керек» (Глен, Канада).

[8-беттеги кыстырма]

«„Ооба“ дегениңер „ообаны“, „жок“ дегениңер „жокту“ билдирсин» (Жакып 5:12).