Куштун жумурткасы
Өзүнөн өзү пайда болгонбу?
Куштун жумурткасы
● Куштун жумурткасын «кереметтүү сандык» деп коюшат. Эмне себептен?
Көңүл бурсаңар: жумуртканын катуу көрүнгөн, кальцийге бай кабыгында көзгө көрүнбөгөн 8 000дей тешик бар. Ошол тешиктер аркылуу кычкылтек кирип, көмүр кычкыл газы чыгып турат. Бул түйүлдүктүн дем алышына шарт түзөт. Кабыгы менен мембраналары түйүлдүктү ар кандай бактериялардан коргойт. Ал эми белок, курамында суу көп болгон килкилдек зат, жумурткага бир нерсе тийгенде, аны жарылып калуудан сактайт.
Окумуштуулар жумуртканын түзүлүшүнө окшоштуруп, жер-жемиштерди бактериялардан, мителерден коргой турган жана бир нерсеге урунганда, аларды зыянга учуратпай турган чел кабык ойлоп тапканга аракет кылууда. Бирок Мариянне Бота Динэ деген окумуштуу бир журналга «табияттагы нерселерге окшоштуруп бир нерсе жасоо оңой эмес экенин» жазган. Ошондой эле ал, канчалык аракет кылышпасын, окумуштуулардын ойлоп тапкандары айлана чөйрөгө зыян алып келерин же кымбатка турарын айткан («Vivai»).
Кандай деп ойлойсуңар? «Кереметтүү сандык» өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?
[26-беттеги схема]
(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)
ЖУМУРТКАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ
Кабыгы
Сарысы
Жипчеси
Сырткы мембрана
Ички мембрана
Түйүлдүк дискасы
Жука белок
Калың белок
Аба камерасы