ДИЛ МАЕК | МАССИМО ТИСТАРЕЛЛИ
Окумуштуу-кибернетиктин маегинен
Кибернетика илиминин профессору Массимо Тистарелли Италиядагы Сассари университетинде эмгектенет. Ал — эл аралык илимий үч журналдын редакторунун жардамчысы, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жазылган жүздөн ашуун макалалардын автору. Адамдын башкалардын жүзүн кантип тааный турганын, жөнөкөй эле нерселерди кантип кыларын, алсак, топту кантип тосорун изилдейт. Ал адамдын көзүнүкүндөй функцияны аткарган системасы бар робот ойлоп чыгаруунун үстүнөн иштөөдө. «Ойгонгула!» журналы ага эмне үчүн Кудайга ишенип калганына жана илимий изилдөөлөрүнө байланыштуу суроолор менен кайрылды.
Мурун кайсы динди тутчу элеңиз?
Негизи, ата-энем — католик. Бирок чиркөөгө барышчу эмес. Жаш кезимде Кудай жок дегенге ишене баштагам. Мектепте жашоо эволюция жолу менен жаралган деп окутушчу. Бул теория илимге негизделген деп ойлочумун. Бирок баарын Кудай жараткан дегенге ишенбесем да, бизден жогору турган бир нерсе бар болуш керек деп ойлочумун. Суроомо жооп алыш үчүн буддизмди, индуизмди, даосизмди изилдеп көрдүм, бирок жооп алган жокмун.
Илимге эмне үчүн кызыгып калдыңыз эле?
Бала чагымда механизмдерге көп кызыкчумун. Электрондук оюнчуктарымды чачып, кайра жыйнай берчүмүн. Атам радио, телефон боюнча инженер болгондуктан, ага ушуларга байланыштуу суроолорду жаадыра берчүмүн.
Илим жаатындагы жашооңуз тууралуу айтсаңыз.
Мен Генуя университетинен электрондук инженерия боюнча билим алгам. Кийин роботтордун функциясын жакшыртууга байланыштуу изилдөө жүргүзө баштадым. Учурда адамдын көрүү системасын жана роботко адамдын көзүнүкүндөй функцияны аткарган системаны орнотуу боюнча изилдөө жүргүзүп жатам.
Адамдын көрүү системасы эмне үчүн кызыктырды?
Адамдын көрүү системасы татаал функцияны аткарат. Ал бир нерсени көрсөтүп эле бербестен, көргөн нерсе жөнүндө маалымат берет. Мисалы, топту тоскондо кандай процесс жүрөрүнө токтолсок. Топту тоскону чуркап баратканда, адамдын көзү топко бурулуп, топтун элеси көздүн торчо кабыгына «тартылып калат». Ал элес торчо кабыктын ичинде топтун жылышына жана көздүн кыймылына жараша ары-бери жылат. Топту тоскону жатканда, көз топко гана бурулат. Топтун элеси көздүн торчо кабыгында «токтоп калат», ал эми анын тегерегиндеги нерселер жыла берет.
Ошондой эле көрүү системасы топтун кандай ылдамдыкта учуп келатканын эсептеп, анын багытын аныктайт. Кызыктуусу, бул процесс, адам топтун учуп келатканын көрөр замат, торчо кабыкта жүрө баштайт. Торчо кабыкта пайда болгон сигналдарды көргөзгүч нерв мээге жөнөтөт. Мээде ал маалымат анализденип, топту тосконго аракет кылганга түртөт. Бул процесстин ушунчалык татаалдыгы суктандырбай койбойт.
Жаратканга ишенгенге эмне түрткү берди?
1990-жылы Ирландиянын Дублин шаарындагы Тринити коллежинде бир нече ай изилдөө жүргүздүм. Жубайым Барбара экөөбүз үйгө кайтып келатканда балдарыбыздын келечеги жөнүндө сүйлөшүп, эжемдикине кайрыла кетели деп чечтик. Эжем Жахабанын Күбөсү болчу. Ал мага Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?» деген китеп берди. Китепти окугандан кийин ойлонуп калдым. Ошондо эволюция теориясына анын кандай далилдерге негизделерин текшербей эле ишенип келгенимди түшүндүм. Мурда палеонтологиялык билдирүүлөр эволюция теориясынын чындык экенин тастыктап турат деп ойлочумун. Бирок андай эмес экен. Эволюция теориясы тууралуу көбүрөөк окуган сайын, ага ишенүүгө эч кандай далил жок экенине, ал теория жөнүндө айтылгандар куру сөз экенине көзүм жете берди.
«Робот ойлоп чыгарууда чынында кимдин колунан бүткөн нерселердин көчүрмөсүн жасап жатканым тууралуу ойлондум»
Ошондон кийин робот ойлоп чыгарууда чынында кимдин колунан бүткөн нерселердин көчүрмөсүн жасап жатканым тууралуу ойлондум. Биздей болуп топту тосо алган роботту эч качан ойлоп таба алмак эмесмин. Албетте, роботту топту тосо ала тургандай кылып койсо болот, бирок ал салынган программага жараша гана иштейт. Роботко андай программа салынбаса, ал ошондой иштей албайт. Бирок ошондой роботту да бирөө ойлоп тапкан. Ал эми биздин үйрөнүү жөндөмдүүлүгүбүз роботтукунан алда канча жогору. Ушулар жөнүндө ой жүгүртүп, бизди да Бирөө жараткан болуш керек деген жыйынтыкка келдим.
Эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болууну чечтиңиз эле?
Мунун бир себеби жубайым Барбара экөөбүзгө Жахабанын Күбөлөрүнүн кайсы бир нерсени кылдат изилдегени жакчу. Мага, өзгөчө, алардын адабияттарындагы терең изилденип жазылган маалыматтар таасир этти. Бир нерсени майда-чүйдөсүнө чейин билгиси келген мага окшогон адамдарга кылдат изилдөө абдан жагат. Мисалы, мага Ыйык Китепте жазылган, пайгамбарлар алдын ала айткан сөздөрдү изилдөө абдан кызыктуу болду. Ошолорду изилдегенден кийин Ыйык Китепти чынында эле Кудай жаздырганына ынандым. Ошентип, 1992-жылы Барбара экөөбүз Жахабанын Күбөсү болдук.
Илим Кудайга болгон ишенимиңизди солгундаткан жокпу?
Жок, тескерисинче, Кудайга болгон ишенимимди бекемдеди. Мисалга адамдын жүзүн кантип аныктаарыбызды алалы. Ымыркай, төрөлгөнүнөн бир нече саат өткөндөн кийин эле, аныктай баштайт. Сиз да, мен да тааныган адамыбызды атүгүл көп элдин арасынан да дароо тааный алабыз. Жадагалса анын кайгырып же кубанып турганын билип коёбуз. Бирок ушунчалык көп маалыматтын ошол көз ирмемде өтө тездик менен кандайча иштелип чыгарын билбейбиз.
Көрүү системабызды Жахаба Кудайдын баа жеткис белеги деп ишенимдүү түрдө айта алам. Мен Кудайдын берген белектерине, анын ичинде Ыйык Китепти бергенине абдан ыраазымын. Бул мага Кудай жөнүндө башкаларга айтканга түрткү берет. Баары анын колунан бүткөндүктөн, Жараткан даңкталып-даңазаланууга татыктуу.