Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөркөтүн төрт бурчунда

Төгөркөтүн төрт бурчунда

Дүйнө жүзү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, дизель менен иштеген кыймылдаткычтардан бөлүнүп чыккан түтүн «өпкө рагына чалдыгуу ыктымалдыгын жогорулатат», ошондой эле табарсык рагынын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн.

Антарктида

Деңиздин түбүндөгү тунмадан табылган, таштай болуп катып калган чаңчалар менен споралар бир убактарда Антарктикада пальмалардын, тропикалык дарактардын өскөнүн далилдеп турат. Эоцен доорунда (жердин геологиялык өнүгүү тарыхындагы эң ысык доор) кыш катаал эмес болчу. Уюлдардын температурасы болсо экватордукунан көп деле айырмаланчу эмес.

Ирландия

Ирландиядагы католик дин кызматчылар коомунун 2012-жылдагы билдирүүсүнө ылайык, сурамжылоого катышкан католиктердин 87 пайызы дин кызматчыларга үйлөнгөнгө уруксат берилиши керек деп эсептешет, 77 пайызы дин кызматчылык милдет аялдарга да берилиши керек деген ойдо.

Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия

Малярияга каршы дары-дармектер текшерилгенде, айрым жерлерде дарылардын сапатсыз экени, тийиштүү талаптарга ылайык жасалбаганы жана дарылык касиети жок экени аныкталган. Түштүк-Чыгыш Азияда дарылардын 36 пайызы, ал эми Сахарадан түштүгүрөөк жайгашкан Африка өлкөлөрүндө 20 пайызы жасалма болуп чыккан.

Эль Cальвадор

2012-жылдын апрель айынын ортолорунда Эль Сальвадордун өкмөт башчылары биринчи жолу үч жылдай убакыттан бери киши өлтүрүлбөгөн күн болгонун билдиришкен. 2011-жылы өлкөдө 100000 кишинин ичинен 69 киши баңгизаттын айынан киши колдуу болуп өлгөн. Эль Сальвадор дүйнө жүзү боюнча киши өлтүрүү көп катталган өлкөлөргө кирет.